Общее·количество·просмотров·страницы

вторник, 12 августа 2014 г.

ДЕНЕДЕГИ КҮЧ ТРИБУНАЛАРЫ: БУЛЧУҢ СИСТЕМАСЫ

 

Бир автомобильди бир гана мотор жүргүзөт. Учактарды болсо 1, 2 же 4 мотор учурат. Бул китепти колуңузга кармашыңызда же бир кадам ташташыңызда канча мотор иштейт?

«Миллиарддаган кичинекей мотор»

Миллиарддаган кичинекей микроскопиялык мотор –азыр эмне кылып жатсаңыз да- сиз ал кыймылды жасашыңыз үчүн керектүү күчтү өндүрүшөт. Ал моторлор – «булчуң жипчелериңиз».
Денеңизде 6 миллиарддан ашык мотор бар. Ал кичинекей моторлор сизге суу ичирет, машинаны башкартат, бастырат, сүйлөтөт, жүрөгүңүздү соктурат, көзүңүздү жумдурат, дем алдырат, тамак жедирет, моюнуңузду бурдурат... Ал тургай, бул саптарды окуп жатканда, көзүңүздүн саптарды ээрчип солдон оңду көздөй кыймылдашы да ошол кичинекей моторлор берген күч аркылуу болот.
Булчуңдардагы моторлордун көлөмү колдонулган жерине жараша өзгөрөт. Кээ бир моторлордун көлөмү сантиметрдин жүз миңден бириндей болсо, кээ бир моторлордун көлөмдөрү 3 сантиметрге жетет.73
Кичинекей моторлор, б.а. булчуң жипчелери (булчуң талчалары) чогулуп, чоң күч трибуналарын, б.а. булчуңдарды түзөт. Мисалы, колуңузду кысышыңызга шарт түзгөн алдыңкы кол булчуңу миллиондогон кичинекей мотордун жыйындысынан турат.
Адам денесинде майда-чоң 400дөн ашык күч трибунасы бар. Кээ бир булчуңдар, мисалы көзгө кирген жарыктын көлөмүн жөнгө салган булчуңдар майда. Кээ бир булчуңдар болсо –адам салмагын көтөргөн бут булчуңдары сыяктуу- чоң. Бирок чоң же кичине болсун, бүт булчуңдардын иштөө принциби бирдей: миллиарддаган кичинекей моторлор чогуу иштеп булчуңдарды кыймылдатат. Мисалы, колуңузга бир калем алып, көздөрүңүз менен кагазды карап жазып жатканыңызда ал моторлор түзгөн 100дөн ашык булчуң иштейт.74
Денебиздеги бүт булчуңдардын иштөө системасы өтө так чектер менен белгиленген. Мындан тышкары, кыймылдай алышыбыз үчүн булчуңдарыбыз белгилүү шайкештикте иштеши зарыл. Булчуңдардын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул биздин өмүрүбүздү уланткан бир контроль системасына көз-каранды болушу.


Булчуңдардагы контроль системасы

Адам денесиндеги булчуңдар башкарыла алган булчуңдар (эрктен көз-каранды) жана башкарылгыс булчуңдар (эрктен тышкары) болуп экиге бөлүнөт.
Башкарыла алган булчуңдарды кыймылдатуу үчүн ойлонуп, чечим алышыңыз керек болот. Мисалы, колуңузду бүккүңүз келсе, мээңизден келген буйруктун негизинде булчуңдар жыйрылып, колуңуз бүгүлөт.
Эрктен тышкары иштеген булчуңдарды башкаруу болсо биздин эркибизден көз-каранды эмес. Башкарылгыс булчуңдардын кызматы өтө маанилүү болгондуктан, ал булчуңдардын кыймылы атайын бир система (автономдуу нерв системасы) тарабынан контрольдонот. Ошондуктан жүрөгүңүз, ашказаныңыз жана ичегилериңиз өз милдетин сиздин эркиңизден тышкары жасашат. Бул адам өмүрү үчүн көрүлгөн өтө маанилүү бир чара.

Ушул учурдан баштап бул булчуңдардын контролу сизге тапшырылса эмне болоор эле? Денеңиздеги эрктен тышкары булчуңдардын бирөөсүнүн, мисалы, жүрөк булчуңунун контролу сизге берилди дейли. Анда бүт убактыңызды –башка эч бир жумуш жасабастан- жүрөк булчуңунун жыйрылышына коротушуңуз керек болмок. Себеби жүрөк булчуңу – бир саамга да токтобош керек болгон бир булчуң. Бул уктаган кезиңизге да тиешелүү. Жүрөгүңүз уктаганда да иштейт, бирок жайыраак иштейт. Ошондуктан жүрөк булчуңунун иштөө ылдамдыгын да шартка жараша жөнгө салышыңыз керек болмок. Көрүнүп тургандай, уктаганыңызда –эми жүрөгүңүздүн иштешин башкара албай калганыңыз үчүн- сөзсүз көз жуммаксыз.
Бир эле мисал да жүрөктөрдө белгиленген чектин канчалык маанилүү жана кемчиликсиз экенин түшүнүүгө жетиштүү.
Денеде эрктен көз-каранды жана эрктен көз-карандысыз булчуңдар бар экенин айткан элек. Аны менен бирге адам денесиндеги кээ бир булчуңдар кээде адамдын контролунда, кээде болсо контролунан тышкары иштейт. Мисалы, көз кабагыңызды өз каалооңуз менен да, эркиңизден тышкары рефлекс катары да ачып жаба аласыз. Мындан тышкары диафрагма булчуңу да каалаганда контролдоно алчу бир булчуң. Бирок күнүмдүк жашоодо автоматтык түрдө иштейт жана дем алып-чыгарышыбызды камсыз кылат.
Ушуга окшогон дагы көптөгөн булчуңдун өзгөчө иштөө формасы бар. Адам алардын көпчүлүгүнүн кандай шарттарда кантип иштээринен, ылдамдыктарынан же качан иштеп качан эс алышы керектигинен, кантип энергия топтоорунан кабары да жок. Денеде жаратылган кемчиликсиз контроль системасы себептүү буларды ойлоого да мажбур эмес. Ага берилген бул чоң жеңилдик үчүн адамдын милдети – бир гана чексиз боорукер жана мээримдүү Раббисине шүгүр кылуу жана Аллахты ыраазы кыла турган иш-аракеттерди кылуу.

Ага Раббиңдин аяттары насаат менен эскертилгенде, жүз бурган жана колдору менен жасагандарын (амалдарын) унуткандан да заалимирээк барбы? Биз чындыгында, жүрөктөрү үстүнө аны аңдап-түшүнүүлөрүнө тоскоол болгон бир парда (тарттык), кулактарына бир оордук койдук. Сен аларды туура жолго чакырсаң да, алар түбөлүккө чейин эч туура жолду (хидаят) таба алышпайт. (Кехф Сүрөсү, 57)

Жогору өндүрүмдүү моторлор

Жогоруда булчуң жипчелерин (булчуң талчаларын) мотор деп атаган элек. Чындап эле булчуң жипчелери 25% өндүрүмдүүлүк менен иштеген механизмдер; бул заманбап автомобиль моторлорунун өндүрүмдүүлүгүнө болжол менен тең бир чоңдук.
Булчуң жипчелери кантип иштейт? Бул суроонун жообун кайра эле моторго салыштыруу аркылуу берели.
Эгер бир мотор бар болсо, эң башта ал моторду иштете турган күйүүчү май керек. Булчуңдардын күйүүчү майы болсо кан айлануу аркылуу жеткирилген кант (гликоген). Булчуңдардын ичинде бул жогору октандуу бензиндин (гликогендин) бир бөлүгү сактап коюлат. Автомобильдердин моторунда кыймылга келиши үчүн поршеньдердин ичине күйүүчү май чачыратылат. Сырттан берилген бир жалын бууга айланган бензинди күйгүзүп, поршень кыймылдайт жана үзгүлтүксүз күйүү натыйжасында үзгүлтүксүз кыймыл келип чыгат. Албетте, булардын баары бир өнөр-жай долбоорунун натыйжасында моторго берилген касиеттер.
Бирок бир булчуң клеткасынын өнөр-жай долбоору мындан бир топ жогору. Бул кичинекей мотор жалын (от тутантуу) функциясын да, поршень функциясын да аткарат. Клетка кант молекуласынын ичиндеги энергияны чыгарып, ал энергияны кайра өзүнүн жыйрылышында колдонот. Б.а. химиялык бир молекуладан энергиянын чыгарылышы да, ал энергиянын физикалык күчкө айландырылышы да булчуң клеткасында болот.

Булчуң клеткасында өндүрүлгөн энергия булчуңду түзгөн белокторго таасир берет. Белоктор бир-бирин тартат жана клетка жыйрылып кыскарат. Тарамыштар аркылуу сөөктөргө туташкан булчуңдар мындай жыйрылуу натыйжасында сөөктү тартышат.
Мындай жыйрылуу өтө чоң күчтү пайда кылат. Мисалы, жазылып турган бир колдун чыканактан бүгүлүшү үчүн алдыңкы кол булчуңдарынын 2 см жыйрылышы жетиштүү болот. Бул жыйрылуу алдыңкы кол сөөгүн тартып, бүт колду бүгөт.
Кыймылдоо үчүн колдонгон булчуңдарыбыздын баарынын иштеши ушул катар менен болот. Эң жөнөкөй кыймылдардын бири болгон көзүбүздү ачып-жумуу үчүн да көп санда булчуңубуз иштеши керек.

Булчуңдардагы моторлорду иштеткен
ачкычтын буралышы

Сиз колуңузду кыймылдаткыңыз келээр замат мээңизден бир электрдик сигнал жолго чыгат. Бул татаал сапарда сигнал алгач жүлүнгө жолугат. Ал жерден болсо кабар жетиши керек болгон органды көздөй тездик менен жүрүп отурат. Электрдик сигнал булчуңдун үстүңкү бетинен өтүп, булчуңду түзгөн миллиондогон мотордун –булчуң жипчесинин- «ачкычын бурайт». Сигналды алган жипчелер ошол замат жооп берип, жыйрылышат. Натыйжада кол булчуңу жалпылай жыйрылып, кол чыканактан бүгүлөт. Бул процесстердин баары көз ачып жумганча болуп бүтөт. Бүт ачкычтарды бурап «от алдыруу» секунданын миңден биринчелик өтө кыска убакытта ишке ашат. Б.а. булчуңдардан өткөн электрдик заряд секунданын миңден бириндей (1 миллисекунда) бир ылдамдык менен булчуң жипчелерин от алдырат.
Булчуңдарга келген буйруктар нерв системасында өндүрүлүп, кайра нерв системасында жеткирилет. Ошондуктан булчуң системасы бир жагынан нерв системасынын буйругу астында иштейт. Булчуңдардын шайкештикте иштеши денедеги координация аркылуу ишке ашат.

Денедеги байланыш тармагы


Координациянын биринчи шарты – бул туура маалымат топтоо. Туура маалымат жыйналганда гана жаңы анализдер жасала алат. Булчуңдар туура иштеши үчүн денеде кереметтүү бир кабарлашуу тармагы орун алган.
Координацияланган бир кыймылды жасай алуу үчүн баарынан мурда ал кыймыл менен байланыштуу дене органдарынын абалын жана бир-бири менен байланышын билүү керек. Мындай маалымат көздөрдөн, ички кулактагы тең салмактуулук механизминен, булчуңдардан, муундардан жана териден келет. Ар секунда миллиарддаган маалымат иштелип, анализ кылынат жана ошого жараша жаңы чечимдер алынат.
Миллиондогон маалымат бергичтер дененин ичине орнотулган. Булчуңдар менен муундардын ичинде дененин ошол учурдагы абалына байланыштуу маалыматтарды берген миллиарддаган кичинекей микрорецептор (микро кабылдагыч) бар. Ал кабылдагычтардан келген кабарлар борбордук нерв системасына жетип, ал жердеги анализге жараша булчуңдарга жаңы буйруктар берилет.
Бул координацияга тагыраак бир мисал берели. Бир эле колуңузду көтөрүшүңүз үчүн далыңыз бүгүлүшү, «бицепс» жана «трицепс» деп аталган алдыңкы жана арткы кол булчуңдары катары менен жыйрылып жумшарышы, чыканагыңыз менен билегиңиздин арасындагы булчуңдар билегиңизди айландырышы, кол менен манжаларды контрольдогон булчуңдар ишке кирип, колуңузга керектүү форманы бериши зарыл. Кыймылдын ар бир этабында булчуңдардын ичиндеги миллиондогон рецептор тынымсыз булчуңдардын абалдарын борборго билдирет. Борбордон болсо булчуңдарга бир аздан соң эмне кылышы керек экени билдирилет. Албетте, адам укмуш ылдамдыкта жүргөн мындай химиялык жана физикалык реакциялардан кабарсыз, бир гана колун көтөрүүнү каалайт жана көтөрөт.
Сүйлөө үчүн да өзгөчө бир аракет кылбайбыз. Каалаган сөздөрүбүз оозубуздан чыгышы үчүн тыбыш байламталарынын кандай бурчта, канчалык титиреши керектигин, оозубуздагы, тилибиздеги, тамагыбыздагы жүздөгөн булчуңдун кайсыларынын, кандай катар менен канча жолу, кандай деңгээлде жыйрып жумшартаарыбызды, өпкөлөрүбүзгө канча сантиметр куб аба алып, ал абаны кандай ылдамдыкта жана интервалда чыгарышыбыз керек экенин эсептеп отурбайбыз.
Нерв системасы бир гана булчуңдардан эмес, ошондой эле ички органдардын абалдарынан жана иш-аракеттеринен да кабардар. Ал маалыматтар да иштелип, керектүү чаралар көрүлөт. Сиз уктап жатканда да өтө маанилүү органдарыңыз нерв системасынын бир бөлүгүнөн –астыңкы мээ менен жүлүндөн- келген буйруктар негизинде иштей берет. Жүрөгүңүз согуп, өпкөлөрүңүз иштейт жана дем аласыз.

Дененин иштөө системасында эч бир компьютер жете албай турган бир маалымат иштетүү ылдамдыгы бар. Эң жөнөкөй иштен эң татаал иштерге чейин эмне гана кылбаңыз, денеңизде кереметтүү эсептөөлөр жасалат.
Апачык көрүнүп тургандай, бул айтылгандардын баары чексиз күч-кудурет талап кылган бир жаратуу натыйжасында ишке ашат. Бул чексиз күч-кудурет болсо бүт ааламды жараткан улуу кудуреттүү Аллахка тиешелүү.

...Жок, асмандарда жана жердегилердин баары Аныкы, баары Ага чын көңүлдөн моюн сунушкан. (Бакара Сүрөсү, 116)

Булчуңдардын шайкештикте иштеши


Кичине бир жылмайуу же жөнөкөй бир күлүмсүрөө үчүн 17 булчуң бир учурда, туура иштеши зарыл. 17 булчуңдун бирөөсү эле иштебесе же өз милдетин туура эмес жасаса, адам күлүмсүрөй албайт, болгондо да беттеги мимиканын да мааниси жоголот.
Адам жүзүндө жалаң мимикалардан жооптуу 28 башка булчуң болот. Ал булчуңдардын ар кандай комбинацияда жыйрылышы натыйжасында миңдеген жүз мимикасын жасоого болот. Ачуулануу, таң калуу, бейпилдик, ырахат алуу сыяктуу руханий абалдардын ар биринин адам жүзүндө булчуңдар тарабынан формага келтирилген бир чагылуусу бар.
Жөнөкөй бир кадам үчүн буттардагы жана белдеги 54 башка булчуңдун шайкештикте иштеши шарт. Бир гүлдү кармоо же бир чыны суу ичүү 27 сөөк жана аларга багыт берген кемчиликсиз бир булчуң жана нерв системасынын көмөгү менен ишке ашат.
Адам эч кыйынчылыксыз жасаган күлүү, сүйлөө, көзүн ачып жумуу, басуу, чуркоо сыяктуу дене функцияларына көнүп калган болушу мүмкүн, бирок бул маалыматтарды окуган ар бир адам дагы бир жолу ойлонуп көрүшү керек. Бүт булчуңдары, сөөктөрү, клеткалары, кыскасы, денесиндеги бүт майда-чүйдөлөр андан көз-карандысыз иштейт. Адам өз денесине жаңы бир орган кошо албайт. Адам денесиндеги системалардын көпчүлүгүнүн копиясын жасоо да учурдагы технологияга карабастан алигече мүмкүн боло элек. Ошондуктан адам ар бир күлүмсүрөй алышында аны денесиндеги кереметтүү системага, б.а. ал системаны ал үчүн жараткан Аллахка карыздар экенин эч качан эсинен чыгарбай, ага шүгүр кылышы керек.
Аллах адамды кемчиликсиз кылып жараткан. Аяттарда айтылгандай «бир калып менен келбет берген.» Адам денеси Аллахтын күчүн жана чексиз илимин тастыктаган далилдердин бири. Акылы менен абийирин колдоно алган ар бир адам бул ачык чындыкты көрөт.

Оо инсан, сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап-жаңылтып койду? Ал сени жаратып, келбетиңди келиштирген эле. Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган. (Инфитар Сүрөсү, 6-8)



Көз ирмөө жана салмак көтөрүү

Адам денесиндеги жүздөгөн булчуңдун ар биринин узундугу, көтөрүү күчү, кылдат ишти жасоо жөндөмү, ийкемдүүлүк сыяктуу касиеттери өзгөчө.
Денедеги булчуңдар көз ирмөө сыяктуу жөнөкөй бир иштен, чоң салмактарды көтөрүүгө чейин көптөгөн ар кандай кызматты аткарышат. Көз булчуңдары түзүлүшү жагынан кол булчуңдарынан же бут булчуңдарынан өтө айырмаланат. Бирок баарынын орток өзгөчөлүгү, бүт булчуңдар өтө жогору өндүрүмдүүүлүк, кемчиликсиз шайкештик жана чоң күч өндүрүү менен иштешет. Бир адамдын бүт булчуңдарынын жалпы күчү өтө жогору. Денедеги бүт булчуңдарды чогуу колдонуу мүмкүн болгондо, чоң бир жүк ташуучу машинаны бир заматта көтөрө ала турган күчтө боло алмакпыз.75
Кийинки бөлүмдөрдө терең каралгандай, булчуңдардын ар биринин ар кандай өзгөчөлүктө болушу апачык бир долбоордун бар экенин көрсөтөт. Адам денесинде ар бир булчуңдун керектүү жерде болушун, көлөмүнүн, ийкемдүүлүгүнүн, кубаттуулугунун бир-биринен айырмалуу, бирок баарынын өз ордунда болушун кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Ар бир булчуң денедеги керектүү жерлерге, дал керектүү өзгөчөлүктөр менен бирге жайгаштырылган. Мисалы, көз булчуңунун өзгөчөлүктөрүнүн кол булчуңунда болушунун эч кандай мааниси жок. Же эрктен тышкары иштеген жүрөк булчуңубузга окшогон булчуңдун буттарыбызда болушу адамга пайда эмес, зыян алып келмек. Бирок эч мындай болбойт. Адам денесиндеги ар бир булчуң дал керектүү жерде жана дал керектүү өзгөчөлүктө.
Кандайдыр бир нерсени көтөрүүнү кааласак, борбордук нерв системасы эң туура бүгүлүүнү камсыз кылуу үчүн кол булчуңдарынын ошол учурдагы узундугун, абалын жана чоюлушун билиши керек. Кол көтөрүү керек болгон затка созулганда борбордук нерв системасы созулууну токтотуп, аны кармата турган кол булчуңдарын иштетиши керек. Ал буюмду кармаган соң колду тартуу үчүн керектүү маалыматтар «булчуң жүлүнү» деп аталган атайын сезүү органдарына жиберилиши керек. Эгер биз кыймылдашыбыз үчүн керектүү химиялык механизм кандайдыр бир таасир менен тосулуп калса, бул шалдыкка (паралич) себеп болот.
Шал – булчуңдарга барган нервдер иштебей калгандыктан, ал органдын иштебей калышы. Мисалы, колу шал адам аны эч качан кыймылдата албайт. Колго созулган нерв клеткалары ишке жарабай калган, жана булчуңдар жыйрылышы үчүн мээден келген буйрукту тиешелүү жерге жеткире алышпайт. Натыйжада адамга өтө керектүү органдардын бири болгон кол өз ордунда ошол бойдон турганы менен ишке жараксыз болуп калат.
Бир эле нерв клеткасынын сигналды өткөрбөшү бир органдын иштебей калышына жетиштүү болот. Ошондуктан бул системанын бир эле бөлүгү жок болсо, система иштебейт. Мындан тышкары, бул жерге чейин айтылгандардан да көрүнүп тургандай, булчуңдардын иштешинде тынымсыз маалымат агып турат. Маалымат бар жерде болсо акыл бар. Жүлүн аркылуу иштеген бул системадагы бүт мүчөлөрдүн келген кабарларды түшүнүп ишке ашырышы акылды талап кылат. Сөз уккан булчуңдар келген буйруктардын негизинде иштеши зарыл. Болгондо да, кээ бир булчуңдарыбыз биздин каалообуз менен иштейт. Б.а. ал булчуңдар иштөө үчүн эң башта биздин эмне ойлонгонубузду билиши зарыл.
Бул жагынан ойлогондо, булчуңдардагы маалыматтын, араларындагы байланышты камсыз кылган системанын же оюбузга келгенди окуй алуу жөндөмүнүн кокустуктар натыйжасында пайда боло албашы анык. Булчуң клеткаларынын акылман болушу да мүмкүн эмес.
Адам алгач пайда болгондон бери бул система бар жана кемчиликсиз иштеп келе жатат. Биринчи адамдын булчуңдары да бул маалыматтарга ээ, мындан кийин дүйнөгө келе турган адамдардын булчуңдарында да бул маалыматтар болот.
Себеби Аллах адамды кемчиликсиз бир тартип менен жараткан. Үйрөнгөн ар бир маалыматыбыз бизди Аллахтын улуулугуна жана чексиз кудуретине алып барат.

Аллах жер бетин силер үчүн бир тегиздик, асмандарды бир там кылды; силерге келбет берди, келбетиңерди эң кооз (бир көрүнүш жана чеберчиликте) кылды жана силерге кооз-таза нерселерден ырыскы берди. Мына силердин Раббиңер – Аллах ушул. Ааламдардын Раббиси Аллах – кандай Улук. Ал – Хайй (тирүү) туруучу. Андан башка кудай жок; демек бир гана Ага ыклас кылып, Ага дуба кылгыла. Ааламдардын Раббисине мактоолор болсун. (Момун Сүрөсү, 64-65)

Кыймылдын оңой болушунун себеби:кемчиликсиз шайкештик

Адам денесиндеги булчуңдардын кыймылы дайыма бир багыттуу болот. Мисалы, алдыңкы кол булчуңу колду бүгөт, бирок кайра мурдакы абалына келтире албайт. Мына ошондо арткы кол булчуңу ишке кирип, колду тартат. Натыйжада кол мурдакы абалына келет. Бул булчуңдар кезек менен иштеши керек. Антпесе, бири иштеп жатканда экинчиси да ишке кирсе кол кыймылдай албай калат. Денедеги кемчиликсиз координация денедеги булчуңдардын иштөө кезегин да жөнгө салат.
Булчуң чыгарган күчтүн кыймылга айланышындагы эң негизги фактор – бул, албетте, сөөктөр. Булчуң жыйрылганда сөөктөрдү тартып, аларды кыймылдатат. Булчуңдар сөөктөргө ушунчалык ыңгайлуу туташкандыктан, ийкемдүү да боло алат, жыйрыла да алат. Эгер сөөк болбогондо, булчуң чыгарган күч кыймылга айланмак эмес. Ошол сыяктуу, эгер булчуңдар болбогондо, сөөктөр кыймылдай алышмак эмес.
Адам кыймылдай алышы үчүн жалпысы 200дөн ашык сөөк менен 400дөн ашык булчуң кереметтүү бир координацияда иштейт. Сөөктөр кыймылга мүмкүнчүлүк бере турган эң идеалдуу дизайнда бир-бирине уланышкан. Булчуңдар да сөөктөрдү эч кыйынчылыксыз кыймылдата турган абалда жайгаштырылган. Бул эки системанын адам денесин кыймылдатышынан сөөктү булчуңга туташтырган байланыштын өзгөчөлүгүнө чейин бүт тарапта апачык бир планды көрүүгө болот. Байланыш алсыз болуп, сөөк булчуңдан бөлүнүп да кетпейт, өтө күчтүү болуп булчуңдар кыймылдабай да калбайт.
Бүт мындай чечимдерди, албетте, сөөк кыртышы же ал кыртышты түзгөн клеткалар алган эмес. Клетканын, кыртыштын аң-сезими жок. Мындай маалыматтардын кандайдыр бир жол менен клеткага жайгаштырылышы да мүмкүн эмес. Ошондуктан клеткаларга маалыматтарды жайгаштырган, кандай кыймыл-аракет кылуу керектигин үйрөткөн, кыскасы, аларды башкарган бир күч бар. Бул теңдешсиз илим менен күчтүн ээси Аллах. Аллах бүт нерсени башкарып турат.


(Дагы) Чынында асмандардын жана жердин мүлкүнүн Аллахтыкы экенин билбейсиңби. Силердин Аллахтан башка досуңар (велиңер) жана жардамчыңар жок. (Бакара Сүрөсү, 107)


Булактар:

73-        John Farndon ve Angela Koo, Human Body Factfinder, s. 85
74-        Prentice Hall Science, Human Biology and Health, s. 39
75-        John Farndon ve Angela Koo, Human Body Factfinder, s. 91

Комментариев нет:

Отправить комментарий