Азыр бир жерде отурган же жаткан болушуңуз керек.
Колуңуздагы бул китепти окуп бүткөн соң балким өйдө туруп басасыз же балким
ийилип жерден бир нерселерди аласыз же болбосо китеп койгучтун үстүңкү текчесине
созулуп колуңуздагы китепти ал жерге койосуз. Буларды кылып жатканда, бир
тараптан манжаларыңыз менен бекем кармаган кружкаңыздагы чайыңызды да ууртап
жатышыңыз мүмкүн. Бирок кандай абалда бул саптарды окуп жатпаңыз же кайсы
жумушту кылып жатпаңыз, бүт кыймыл-аракеттериңиз үчүн сөөктөрүңүз менен
сөөктөрдөн түзүлгөн күчтүү скелет системасына карыздарсыз. Эгер сөөктөр менен
скелетиңиз болбогондо, буларды окуй алмак эмессиз, ордуңуздан туруп кыймылдоо,
чуркоо, басуу мындай турсун, колуңузду да кыймылдата алмак эмессиз. Себеби
денеңиз ичи бош бир кап же бир эт жыйындысы сымал жерге жайылмак. Органдарыңыз
өз салмагыңыздын астында эзилип, бир канча секундада көз жуммаксыз.
Күнүмдүк жашоодо эч ойлонбой жасаган
жана өтө жөнөкөй деп айтууга боло турган кыймыл-аракеттерди да сөөктөрүбүздүн
функционалдуу түзүлүшү себептүү жасайбыз. Мисалы бул китепти окуп жатканда
эмнелерди кылганыңызды бир ойлонолу. Бул бетти окуу үчүн мурдакы бетти
барактадыңыз. Ал үчүн алгач сөөмөйүңүз же ортон колуңуз иштеди. Баш бармагыңыз
да көмөк көрсөттү. Сөөмөйүңүздү түзгөн үч бөлүк сөөк катары менен ийилди. Ошол
эле учурда баш бармагыңызды түзгөн эки бөлүк сөөк өйдө көтөрүлүп бетти
барактады. Ошондой эле колуңуз уланган билек сөөгү менен колуңуздун башка
сөөктөрү ар кандай бурчта ийилишти. Албетте, кол сөөктөрү да баракты көздөй
колуңузду созгонго көмөк көрсөтүштү. Кыскасы, балким сиз эч байкабаган бир
механизм, сизге эч байкатпастан, сиз үчүн көптөгөн процесстерди бир учурда
жасашы натыйжасында бул китепти окуп баштадыңыз жана бул беттерди да барактап
жатасыз.
Күлүү, чуркоо, басуу, отуруу, туруу,
тик туруу, жатуу, бир нерсе жазуу... Ар бир адам бул иштерди сөөктөрү урматында
жасайт. Сөөктөрү урматында басат, жана ошолор себептүү тик турат, жатат, күлөт,
сөөктөрү урматында тамак жейт... Адам денесинин чатыры 206 даана катуу бөлүктүн
жыйындысынан турат. Ал бөлүктөр куруп-бузмай баш катырма оюндун бөлүктөрү
сыяктуу бир-бирине толук туура келет жана белгилүү учтарынан бир-бирине
карматылган.
Сөөктөр менен сөөктөрдөн турган
скелетти түзүлүшү, кызматы жана функциясы жагынан изилдеп көргөндө, мунун өтө
маанилүү бир жаратуу керемети экенин жакшыраак байкайбыз. Адам денесиндеги ар
бири ар башка функцияны аткарган сөөктөр бизге Аллахтын жаратуу чеберчилигинин
улуулугун көрсөтөт. Бул теңдешсиз жаратууга Аллах көп аяттарда көңүл бурган:
«... Сөөктөрдү кара кандайча
аларды бириктиргенибизди, кийин аларга эт кийгизгенибизди?...» (Бакара Сүрөсү,
259)
Башка бир аятта Аллах өлүмдөн кийинки түбөлүктүү жашоонун бар экенине
ишенбеген бир атеистке сөөктөрдүн биринчи жаратылуусун төмөнкүдөй мисал
көрсөткөн:
Өзүнүн кантип жаратылганын
унутуп, Бизге бир мисал берип; (мындай) деди: «Чирип-талкаланганда бул
сөөктөрдү ким тирилтет экен?» Айткын: «Аларды алгачкы жолу жаратып-кураган
тирилтет. Ал ар түрдүү жаратууну билет.» (Йасин Сүрөсү, 78-79)
СӨӨКТӨРДҮН ТҮЗҮЛҮШҮ
Дээрлик бүт сөөктөрдө, өзгөчө денедеги узун сөөктөрдө эки түрдүү түзүлүш
болот. Сөөктүн тулку бою тыгыз сөөк кыртышынан турса, учтары ичке бир сөөк
катмарынан, көңдөйлүү сөөк түзүлүшүнөн турат. Негизи мындай түзүлүш сөөктөрдүн
өз функциясын аткарышы жагынан өтө маанилүү. Себеби сөөк ушундай дизайнда
болгондо гана күчтүү басым астында калбастан кыймылдай алат жана ага жүктөлгөн
салмак менен чыңалуу сөөктүн тулку боюнан муундарга өткөрүлөт. Эгер бүт тарабы
бирдей түзүлүштө болгондо, сөөктөрдө ийкемдүүлүк жана бекемдик сыяктуу
касиеттер болмок эмес.
Сөөк кыртышы сөөк клеткалары менен ал клеткалар чыгарган айланадагы ара
заттар турат. Сөөк кыртышында үч түрдүү клетка болот. Сөөктөрдү жасоодо роль
ойногон жана аны формага келтирген, сөөк ичиндеги боштуктарды түзгөн жана ал
боштуктарды бир-бирине улап, байланышты камсыз кылган, баары ошол клеткалар.
Сөөктөрдү чыдамкай кылган түзүлүш
Сөөктүн ички түзүлүшү чыдамкайлыгы себептүү бир микроскопиялык керемет.
Денеде өтө чоң аянтты ээлеп, өтө маанилүү функцияларды аткарган скелеттин
ушунчалык жеңил, бирок ошончолук чыдамкай болушунун сыры сөөктөрдүн түзүлүшүндө
катылган. Илимпоздор бир «архитектура керемети» деп атаган сөөктөрдүн ичи өтө
таң калыштуу бир долбоорго ээ. Ал тургай, инженерлер жыйырманчы кылымдын экинчи
жарымында куруу өтө кыйын, узун жана чыгымдуу болгон бийик имарат, көпүрө
сыяктуу чоң, бийик курулуштар үчүн сөөктүн түзүлүшүнө окшош бир ыкма иштеп
чыгышты. Капас (тор) системасы деп аталган бул ыкма боюнча, курулуштун көтөргүч
бөлүктөрү бир блок эмес, бир-биринин ичинен өткөн капас (тор) формасындагы
чыбыктардан турат. Компьютерлер гана жасай алган татаал эсептөөлөр менен
сөөктөрдүн долбоорундагы бул ыкма колдонулуп, чоң көпүрөлөр жана өнөр-жай
имараттары алда канча бекем кылып жана бир топ арзанга курулду.
Бирок бул жерде унутпаш керек болгон өтө маанилүү бир жагдай бар. Сөөктүн
ичиндеги система бул имараттардын курулушунда колдонулган ыкмадан бир топ
комплекстүү. Сөөктөр бир-бирине карама-каршыдай көрүнгөн эки өзгөчөлүктү бирдей
камтыйт. Бекемдик жана жеңилдик... Инженерлер курган имараттар болсо
колдонулган материалдардан улам бир учурда бул эки өзгөчөлүктү камтый албайт.
Сөөктөрдөгү көңдөйлүү жана боштуктуу түзүлүш болсо анын жеңил болушуна себеп
болот. Бирок ошол эле учурда сөөктөр өтө бекем жана чыдамкай.
Сөөктүн түзүлүшүндөгү жеңилдик менен бекемдик критерийлерине дагы бир жолу
басым жасоо туура болот. Себеби бул эки касиеттин чогуу болушу адамга өтө чоң
жеңилдиктерди берет жана эгер мындай болбосо адамдын өлүмүнө себеп болушу
мүмкүн эле. Сөөктөр бул касиеттердин бирөөсүнө эле ээ болгондо, мисалы бекем
болуп, бирок оор болгондо, бүт скелет адам көтөрө алган салмактан бир топ
жогору болмок. Андай салмактан улам адамдын кыймыл мүмкүнчүлүгү азайып,
күнүмдүк жашоосу өтө чектелип калмак. Мындан тышкары, катуулук жана морттуктан
улам кичине эле соккуда сөөктөр сынмак же жарака кетмек.
Тескерисинче, сөөктөр жеңил болуп, бирок катуу болбогондо, анда дене
азыркыдай болбой, гель абалындагы бир тери массасына окшомок. Анда мээ, жүрөк
сыяктуу өтө маанилүү көптөгөн органдар дайыма кооптуулукка кабылмак.
Мындан тышкары, адам денесиндеги сөөктөр жайгашкан ордуна жараша ар кандай
касиетте болушат. Бүт сөөктөр ийкемдүү жана чыдамкай, бирок булардын деңгээли
ар кандай болот. Мисалы, көкүрөктө жүрөк жана өпкө сыяктуу өтө маанилүү
органдарды коргой турганчалык бекем болгон сөөктөр, ошол эле учурда тынымсыз
өпкөлөргө аба толуп-кайра чыгып турушуна мүмкүнчүлүк бере турган кеңейүү жана
кысылуу жөндөмүнө да ээ. Эгер өпкөнү коргогон көкүрөк сөөктөрү баш сөөгүндөй
катуу сөөктөрдөн турганда, дем алмак дээрлик мүмкүн болбой калмак жана өпкө ар
дем алганда катуу сөөктөр арасында кысылып калмак. Бул жерге чейин айтылган
өзгөчөлүктөрүнөн да көрүнүп тургандай, сөөктөрдөгү бир эле өзгөчөлүктүн терең
изилдениши да адамдын алдына көптөгөн жаратуу кереметин чыгарууда. Бирок
сөөктөрдөгү өзгөчө түзүлүштөр булар менен эле чектелбейт.
Кантип кыймылдайбыз?
Бир адам кыймылдай алышы үчүн скелет системасынан тышкары, бир булчуң
системасы да керек. Скелетти түзгөн бүт сөөктөр булчуңдарга уланган. Булчуң
жыйрылганда сөөктөрдү тартып, аларды кыймылдатат. Натыйжада булчуң менен
сөөктөр чогуу иштеп, басышыбызга, отурушубузга, турушубузга жана дагы көптөгөн
кыймылдарды жасашыбызга шарт түзөт. Кайра күнүмдүк жашооңузда жасаган
кыймылдарыңыздан мисал келтирели. Курсагыңыз ачты жана тамак жеш үчүн колуңузду
оозуңузга алып бардыңыз, сизди чакырган кишини кароо үчүн артыңызга бурулдуңуз,
колуңуздагы китеп жерге түштү, алуу үчүн ийилдиңиз, эрте менен саатыңыздын
коңгуроосу иштеди, өйдө болуп, коңгуроону өчүрүү үчүн созулдуңуз. Бир адам
күнүмдүк жашоосунда денесин колдонуп бул кыймылдарды жана ушуга окшогондорду
сансыз жолу кайталайт. Жана бүт мындай кыймылдар учурунда булчуңдары менен
сөөктөрүн чогуу колдонот. Тагыраак айтканда, бир адам булчуң-скелет
системасынын бир-бири менен координациялуу иштеши натыйжасында гана баса алат,
сүйлөй алат, тамак жей алат, отура алат, жата алат...
Кыймылдашыбызга шарт түзгөн булчуң системабыз сөөктөрдүн түзүлүшү менен
функцияларын, ошол сыяктуу сөөктөр да булчуңдарыбызды өтө жакшы таанып, бир-биринин
«тилин түшүнүшөт». Отургубуз келгенде тизенин муунунан бүгүлүшү менен бирге
буттун булчуңдары да кыймылга келип жыйрылат. Биз натыйжада эч кыйынчылыксыз
отуруп, турабыз. Булчуң сөөктү эң ыңгайлуу орогондуктан, булчуң жыйрылышы үчүн
керектүү бүт шарттар эң ыңгайлуу даярдалган болот. Булчуң да сөөктөн сыйрылып
кетпейт, сөөк да булчуңду айрып салбайт. Бир-биринен толук айырмаланган бул эки
кыртыш, эки башка комплекстүү система бир-бири менен кемчиликсиз кызматташтыкта
болушат.
Бул кызматташтык кантип пайда болгон? Адам денесиндеги бир аздан соң
тереңирээк карала турган бул кемчиликсиз системалар кантип пайда болгон?
Эң биринчиден, бир адамдын өтө маанилүү функцияларын аткара алышы үчүн
толугу менен бар болушу, б.а. бир заматта пайда болушу керек экени анык.
Ошондуктан дене системаларынын убакыттын өтүшү менен, ар кандай кокустуктар
натыйжасында өзүнөн-өзү келип чыккан болушу мүмкүн эмес. Мындан тышкары, булчуң
же сөөк сыяктуу кыртыштардын кабардар болуу, билүү, болжолдоо, кызматташтыкка
баруу сыяктуу касиеттерге ээ боло албашы анык. Бул болсо бизди бир гана
жыйынтыкка, б.а. адам жаратылган деген чындыкка алып барат. Адамды жана башка
бардык жандыктарды баарынан кабардар, ар бир жандыктын муктаждыгын эң
майда-баратына чейин билген Аллах жараткан. Адамдардын сөөктөрүн жараткан да,
аларга булчуңдарды кийгизип, чогуу шайкештикте иштетип бизди бастырган да
Аллах. Аллах ар кандай жаратууну билет. Эч күмөнсүз, Аллах бүт жараткан
нерселерин кемчиликсиз кылуучу.
Асмандарда жана жерде
канчалаган аяттар бар; жанынан өтүп, андан тескери бурулуп кетишет. Алардын
көпчүлүгү Аллахка ыйман кылышпайт, шерик кошуп гана турушат. Эми булар Аллахтын
азабынын бүт тараптан ороп калышынан же алардын эч кабары жок кезде кыяматтын
аларга күтүүсүз келишинен өздөрүн коопсуздукта сезип жатышабы? (Йусуф Сүрөсү,
105-107)
Сөөктөрдүн
арасындагы кереметтүү
майлоо системасы
Сөөктөр дененин ичинде жайгашкан жерине жараша ар кандай өзгөчөлүктө
болушат. Мисалы, тынымсыз кыймылдап турган кээ бир сөөктөрүбүз кыймылсыз
жерлердеги сөөктөргө караганда башкача колдоого муктаж болушат. Буга мисал
катары муундарыбызды берсек болот. Омурткабызды түзгөн шакекчелер,
сандарыбыздагы, колдорубуздагы, билек же буттарыбыздагы муундар ар бир
кыймылыбызда бир-бири үстүндө айланышат. Тынымсыз кыймылдап тургандыктан,
колдоо системаларына муктаж болушат. Муну мындай бир мисал менен түшүндүрүүгө
болот.
Кандайдыр бир механикалык аспап иштеп жатканда, кыймылдаган бөлүктөрдүн
бир-бирине тийген жерлеринде сүрүлүү болот. Сүрүлүү болгон жерлерде кыска
убакыттан соң жешилүү келип чыгат жана натыйжада тетиктер бузулат. Мунун алдын
алуу үчүн механикалык бөлүктөр дайыма майланып турат. Жөнөкөй бир эшик
ашык-машыгынан жогорку технологиялуу бир автомобиль моторуна чейин бүт кыймылдуу
механикалык системаларда майлоо талап кылынат. Бирок майлоо эскирүүнүн толук
алдын ала албайт, болгону созуктурат. Мисалы, автомобильдердин мотору ар беш
миң километрде бир майланып турганына карабастан, баары бир эскирет. Ошондуктан
мотор тетиктерин белгилүү убакытта алмаштыруу керек болот.
Бирок адамдар менен жаныбарлардын муундары өмүр бою кыймылдаса да, эч качан
кароону же майлоону талап кылбайт. Болгондо да, бир адамдын өмүрүндө болжол
менен 100 миң километр басканын эске алсаңыз, бул механикалык системанын
жасаган ишинин кереметтүү тарабын жакшыраак түшүнөсүз.
Муундарыбыздын көмөгү болбогондо, кыймылдай алмак эмеспиз. Себеби бүт дене
кыймылдарыбыз муундардын бир-бири үстүндөгү кыймылы натыйжасында болот. Бир
баскетбол матчы учурунда оюнчулар денелериндеги бүт сөөктөрдү, муундарды жана
булчуңдарды колдонушат. Колдордун топту кармашы, чуркоо, топту ыргытуу...
Муундардын бул кыймылдар учурундагы кызматы кандай?
Муун эки сөөк бир-бирине жакындаган бүт жерде болушу мүмкүн. Муундун
кызматы – сөөктөр бир-бирине сүрүлбөшү үчүн араларындагы аралыкты мүмкүн
болушунча алыс кармоо. Ошондо гана тизелер, чыканактар, билектер эч
кыйынчылыксыз кыймылдай алышат. Эгер муундун өзгөчө түзүлүшү жана арадагы
чектилке (буфердик аймак) болбогондо, адамдар да роботтор сыяктуу үзүк-үзүк
баскычтар менен жана кыйынчылык менен кыймылдашмак.
Муундардагы мындай касиет жөнүндө илимпоздор көп жылдардан бери
изилдөөлөрдү жүргүзүшүүдө. Өзгөчө эмгектенүү учурундагы сүрүлүүнүн алдын алуу
өзүнчө бир изилдөө темасы. Максат болсо адам денесиндеги бул кемчиликсиз
системаны роботторго да колдонуу. Изилдөөчүлөр анализдеринде кызыл ашыктарда
сүрүлүүнүн болбошун башында муундагы суюктуктар себептүү деп ойлошкон. Бирок
кийинчерээк бул суюктуктун сүрүлүүгө жолтоо боло турган бир күчү жок экени
аныкталды. Бул темада изилдөөлөрүн тереңдеткенде илимпоздор жогорку бир долбоор
мисалын көрүштү. Муундардын сүрүлүү бети ичке жана көңдөйлүү бир кемирчек
катмары менен капталган эле. Ал катмарлардын астында болсо интенсивдүү бир
суюктук бар эле. Сөөк муундун бир жерине басым жасаса, ал суюктук көңдөйлөрдөн
сыртка атылып, муундун бетин май сыяктуу тайдырат.
Көрүнүп тургандай, адам кыймылдай алышы үчүн бүт тараптан кемчиликсиз бир
долбоор бар.
Скелет системасынын
укмуш
жүк көтөрүү жөндөмү
Скелеттин бир бүтүн катары укмуш функционалдуу болушунан тышкары, скелетти
түзгөн сөөктөрдүн ички түзүлүшү да кереметтүү. Денени көтөрүү жана коргоо
сыяктуу маанилүү кызматты аркалаган сөөктөрүбүз бул ишти эч кыйынчылыксыз
орундата турган күч-кубат жана бекемдикте жаратылган. Ал тургай, бул багытта ар
тараптуу коопсуздук чаралары көрүлүп, дененин кабылышы ыктымал болгон оор
шарттарга ылайык бир долбоор жасалган.
Денебиздин жүк көтөрүү кубаттуулугу эң жогору болгон сөөктөрүнүн бири – бул
кашка жилик. Кашка жилик тик турганда 1 тонна салмакты көтөрө ала турган
кубаттуулукка ээ. Ар бир кадам таштаганда бул сөөгүбүзгө дене салмагыбыздын үч
эсесиндей бир жүк түшөт. Ал тургай, таяк менен бийик секирген бир атлет жерге
түшкөндө кашка жиликтин ар бир сантиметр квадраты 1400 килограммдык бир басымга
кабылат. Денедеги сөөктөр кыймылдап жүргөнүңүздө, жатканыңызда, отурганыңызда,
дайыма оор бир салмакка жана басымга туш болушат. Отурган жериңизден туруп,
басып баштадыңыз же тескерисинче бир жерге отурдуңуз. Сиз эч ойлонбой жасаган
мындай кыймыл-аракеттер учурунда чындыгында денеңизде өтө системалуу иштеген,
комплекстүү скелет долбоору ишке киришет.
Сөөктөрдөгү укмуш долбоорду толугураак түшүнүү үчүн төмөнкүдөй салыштыруу
жасайлы. Адамзат колдонгон эң бекем жана колдонууга ыңгайлуу материалдардын
бири – бул болот. Себеби болот бир тараптан бекем, экинчи тараптан болсо
ийкемдүү бир зат. Бирок сөөктөр катуу болоттон да бекемирээк. Болгондо да, сөөк
болоттон 10 эсе ийкемдүүрөөк. Сөөктөр болоттон салмагы жагынан да артыкчылыкка
ээ. Бир болот каркас адам скелетине салыштырмалуу 3 эсе оор.
Бир эле болот эмес, адамзат колдонгон ар кандай материал сөөктөргө
салыштырганда өтө күчсүз болуп калат. Бирдей салмактагы күчтөндүрүлгөн цементке
салыштырганда сөөктөр төрт эсе көп жүк көтөрө алат.
Денедеги жандуу кампа:сөөктөр
Көп адамдар сөөктөрдү жансыз заттар деп ойлойт, бирок сөөктөр – тышкы
катмарынан тышкары, жандуу кыртыштар. Бул кыртыштардын ичинде микроскопиялык
тамырлар, нерв тармактары жана жилик чучугу болот. Адам денесиндеги сөөктөр
ошол эле учурда кампа кызматын да аткарат. Кальций жана фосфор сыяктуу өтө
маанилүү заттарды сактап коюп, кандайдыр бир учурда керек болгондо сактап
койгон ал заттарды кайра денеге беришет.
Эгер денеде кальций жок болсо эмне болмок?
Кальций денеде айланадан чогулган сигналдарды нервдерге жеткирүү деген өтө
маанилүү кызматты аркалайт. Кальцийсиз сигналдар нервдерге жете албайт. Бул
адамдын толук шал (паралич) болуп, ички органдарынын иштебеши деген мааниге
келет, ал болсо өлүмгө алып барат.
Кальцийдин денедеги мааниси муну менен чектелбейт.
Бир жериңиз кесилгенде, кыска убакыттан соң ал жерде кан уюп, канаганы
токтойт жана натыйжада кан жоготуудан көз жумушуңузга бөгөт коюлат. Бул өтө
маанилүү бир чара. Эгер кан уюбаса эмне болмок? Асты тешилген бир чаканын
ичиндеги бүт суунун чака бошогонго чейин ал тешиктен сыртка агышы сыяктуу,
денеңиздеги кичинекей бир тешиктен да бүт каныңыз чыгып кетмек. Бирок адам
денесинде кандын уюшун камсыз кылган кереметтүү бир механизм бар (тереңирээк
маалымат үчүн Кандын уюшу бөлүмүн
караңыз). Бул механизм адамды өлүмдөн сактайт. Мына ушул механизмди ишке
киргизген эң негизги факторлордун бири – кальций. Сөөктөрдө жыйнап коюлган
кальций болбогондо, каныңыз уюмак эмес.
Сөөк клеткаларынын
кальций
кармоо жөндөмү
Сөөк клеткаларынын кальций жана фосфор кампасы кызматын аткараарын айтып
өттүк. Бул жерде дагы бир өтө маанилүү жагдай бар. Көзү же кандайдыр бир сезүү
органы жок бир сөөк клеткасы кандагы миңдеген ар кандай заттын арасынан
кальцийди жана фосфорду оңой эле айырмалайт. Анан эч жаңылбай бул атомдорду
кармайт.
Бир адам дагы алдына коюлган ар кандай элемент чаңдарын –эгер бул багытта
билим албаган болсо- айырмалай албайт. Бир столдун үстүнө кальций, фосфор,
темир, цинк ж.б. элементтер майдаланган абалда коюлган жана сизден ал
аралашманын ичинен кальций чаңчаларын айырмалоо талап кылынды дейли; кандайдыр
бир сезүү органы жок, бул багытта эч билим албаган сөөк клеткасы жасаган иштен
татаалдыгын бул мисалдан жакшыраак түшүнө аласыз.
Сөөк клеткасы ошондой эле башка дене клеткалары сыяктуу өтө тил алчаак
болот. Ага «кальцийди топтоп, сактап кой» деген буйрук келгенде (кальцитонин
гормону), ага ошол замат моюн сунат. Эгер ага «сактап койгон кальцийди чыгар»
деп айтылса (паратгормон), бул буйрукка да моюн сунат.69 Сөөк клеткасы бийик аң-сезим, жөндөм,
жоопкерчилик жана дисциплина түшүнүгү менен түнү-күнү өз кызматын жасайт.
Кан клеткасын өндүргөн машина:жилик чучугу
Сөөктөрдүн ортолорунда кенен бир боштук бар. Ал боштуктун ичинде кан үчүн
керектүү заттарды өндүргөн жилик чучугу болот. Чучук май, суу, эритроциттер
жана лейкоциттерден турат. Кээ бир сөөктөрдө болсо дээрлик толугу менен майдан
турган «сары чучук» болот. Кызыл чучукта денени азыктандырчу жана
инфекциялардан денени коргоочу кан клеткалары өндүрүлүп, сакталат.
Кызыл чучукта өндүрүлгөн эритроциттердин курамындагы гемоглобин
молекулалары кычкылтекти өпкөлөрдөн алып бүт клеткаларга таратышат. Эгер кызыл
чучуктагы кан өндүрүшү бир азга азайса, денедеги клеткалар кычкылтек
жетишсиздигинен өлүшөт. Ошондуктан жилик чучугундагы өндүрүштүн үзгүлтүксүз
жасалышы шарт. Мынчалык маанилүү бир иште кемчилик кетирилбеши үчүн денеде ар
кандай чаралар көрүлгөн.
Бул чараларды согуш убагында душман чабуулунун жүрүшүнө жараша өзгөртүлгөн
стратегияларга салыштырууга болот.
Дене инфекциялар менен согушуп жатканда, кызыл чучукта өндүрүлүп,
коргонууга пландалган кан клеткалары колдонулат. Бирок бул клеткалар дайыма
жетиштүү болбошу мүмкүн. Кээде душман күтүлгөндөн күчтүүрөөк бир чабуулга өтөт.
Мындай жагдайда дене коңгуроо кагат. Эми коргонууну күчөтүп, чабуулга да өтүү
керек болот. Бул этапта сары чучук ишке киришет. Бирок башында да айтылгандай
сары чучук жалаң майлардан турат. Демек майлар коргонууда эмне ишке жарашы
мүмкүн? Албетте, коргонууда майлар кызмат кылбайт. Денедеги негизги кызматы
майды жыйнап, сактап коюу болгон сары чучук кызыл чучук жетишпей калганда,
өзгөчө кырдаал сигналын алып бир заматта коргонуу жасоочу кан клеткаларын
өндүрүп баштайт. Максат – душманга каршы кызматташып, күчтү бир жерге топтоп,
согушта жеңишке жетүү.
Муну бүт жандыктардын келип чыгышын кокустуктарга таяндырган дарвинисттик
логика эч качан түшүндүрө албайт жана эч качан буга жооп таба албайт. Себеби
кызматташтык түзүп, душманга каршы чогуу күрөшүүнү чечкендер – акылы, логикасы
жана мээси жок сөөк ичиндеги суюктуктар. Ошондой эле, бул суюктуктар ошол кезге
чейин колдонбогон бир өзгөчөлүгүн колдонуп, башка кызматтарды аткарып кирүүдө.
Булардын баары жаратылууну апачык далилдейт. Аллахтын теңдешсиз
жаратуусунун ушул сыяктуу мисалдары Аллахка бурулуу жана Анын улуулугун,
кудуретин түшүнүү үчүн бир себепчи болот.
Билген жана билбеген канчалаган жогорку өзгөчөлүктөр менен бирге жаратылган
адамдын милдети болсо – ага бүт тараптан кемчиликсиз бир дене берген Аллахка
шүгүр кылуу.
Өзүн-өзү оңдогон таш блок
Сөөктөр таштай катуу түзүлүштө болушат, бирок ошого карабастан сөөктөр да
кээде сынат. Бирок сынган жердеги сөөк белгилүү убакыттан соң өзүн-өзү
айыктырат.
Сөөктөрдүн бошураак (бекем эмес) –бул үчүн сөөктөрдүн азыраак кальций
сакташы жетиштүү болот- жана кичине эле кыйынчылыкта сынып кала турган
түзүлүштө болгонун элестетели. Мындан тышкары, сөөктөрдүн «өзүнөн-өзү кайноо»
касиети да жок дейли. Албетте, бул адам үчүн өтө оор жана азаптуу болмок.
Сынган сөөктөр кайнабаганы үчүн майыптыктар, ал тургай, өтө маанилүү жердеги
сөөктөрдүн бат бат сына бериши натыйжасында өлүмдөр келип чыкмак.
Бирок адамзат бул жерде байкабаган, кээде ал жөнүндө эч ойлонбогон бир
сый-жакшылык менен бирге жаратылган. Эң башта олуттуу кырсыктардан тышкары
сөөктөр оңойчулук менен сынбайт. Мындан тышкары, кандайдыр бир себептен сынган
сөөктөр кыска убакыт ичинде кайнайт.
Сөөк сынганда өзүн ошол замат оңдоп башташы жана оңдогон соң мурдакы
абалынан бекемирээк болуп калышы өтө кереметтүү кубулуш. Илимпоздор адам
денесиндеги сөөктөрдү түзгөн зат сымал бир затты өндүрө алуу багытында
эмгектенишүүдө. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч бир инженер сөөктөй күчтүү, бирок
жеңил жана натыйжалуу, сөөктөй тынымсыз чоңойгон, болгондо да өзүн-өзү
майлаган, жабыркаганда болсо өзүн оңдогон бир затты иштеп чыга алышкан жок.70
Сөөк клеткаларынын өтө маанилүү кызматы
Денеде бир канча түрдүү сөөк клеткасы бар жана алардын баарынын сөөк
ичиндеги кызматтары бир-биринен айырмаланат. Бирок жыйынтыгында баарынын
ортоктошуп иштээрин көрөбүз. Сөөктөрдү жаңылаган сөөк жасоочулар – бул
остеобласт клеткалары. Остеобласт клеткалары белокту минерал менен
катуулаштырып, тынымсыз сөөктөрдү жаңылайт. Остеокласт деп аталган башка бир
сөөк клеткасы болсо кан менен сөөк кыртыштары арасында азык алмашууну камсыз
кылып, сөөк ичиндеги калдыктардын сыртка чыгарылышында роль ойнойт.
Остеокласттардын дагы бир милдети болсо – бул сөөктүн ички бетин, жилик
чучугу боштугун жана көңдөйлүү сөөк кыртышындагы боштуктарды бузуп, сөөктүн
формасы менен боюнун өзгөрүшүн жана барган сайын жетилген көлөмгө жетишин
камсыз кылуу. Бир тараптан тышкы беттерде иш-аракет жүргүзүп, сөөктүн бетиндеги
дөмпөктөрдү кичирейтет. Натыйжада тулку бойдун жоондугу бүт жерде бирдей болот.71
Остеокласттар сөөктү бузуп жатканда остеобласт клеткалары да бош турбайт
жана скелетти түзүү үчүн жаңы сөөк жасап баштайт. Бала кезде остеобласттардын
жумушу оорураак болот, себеби чоңоюу өтө ылдам болгондуктан, сөөк жасоо аны
бузуудан көбүрөөк болушу керек. Бирок скелет белгилүү бир жетилүү деңгээлине
жеткен соң жасоо жана бузуу процесстери бир-бирине теңелип баштайт. Бул тең
салмактуулук натыйжасында сөөктүн формасы менен көлөмдөрү өзгөрбөйт, ошондой
эле кандагы жана кыртыштар арасы суюктуктагы кальций көлөмү да жөнгө салынган
болот.
Ар бир адамдын сөөктөрүндө болгон бул клеткалар бирдей кызматтарды
аткарышат. Бул эч өзгөрбөйт. Баары сөөк бетин кантип кичирейтүүнү билишет. Баш
сөөгүндөгү сөөктөр менен кашка жиликтин арасындагы айырманы билип сөөктөргө
кандай форма берээрин, качан узарууну токтотоорун, ичке жана жоондугунун
канчалык болоорун билишет. Бала кезди да билишет. Ал убакта көбүрөөк жумушу бар
экенин билгендей иш-аракет жүргүзүшөт. Кальций көлөмүнүн кайсы жаш периодунда
канчалык болушу керектигин да билишет.
Көрүнүп тургандай, сөөк клеткалары бир-бирин өтө жакшы таанып, пландуу
иш-аракет жүргүзүшөт. Качан өндүрүшкө, качан башка бир ишке өтүү керек экенин
өтө жакшы жөнгө салышат. Муну бир заводдогу өндүрүш программасына окшотууга
болот. Ал программаларда өндүрүштүн кемчиликсиз жүрүшү негиз тутулат. Программа
керегинен ашыкча өндүрүш жасап товарлардын кампаларда топтолушуна да,
өндүрүштүн аз болуп муктаждыкка жетпей калышына да жол бербеши керек.
Заводдордо муну менен алектенген пландоочулар бар. Ал кишилер дайыма күнүмдүк
же жумалык программаларды даярдап, заводдо тең салмактуу өндүрүш жасалышы үчүн
эмгектенишет.
Сөөк клеткаларынын кальцийдин көлөмүн белгилүү бир тең салмактуулукта
туруктуу кармоого аракет кылышы да мына ушуга окшошот. Заводдогу жабдыктардын
ролун сөөктө өндүрүш жасаган остеокласт жана остеобласт клеткалары аткарат. Бул
клеткалар ушунчалык тең салмактуу иштегендиктен, остеобласт өндүрүш жасап
жатканда, остеокласт ашыкча өндүрүштүн алдын алуу үчүн тескери иш-аракет
жүргүзөт. Бир-бири менен байланышы укмуш. Эч качан тең салмактуулук бузулбайт
жана натыйжада сөөктө дайыма жетиштүү көлөмдө кальций болот.
Сөөк клеткалары өндүрүш пландоо жөндөмүнө, тең салмактуулукту сактоо
касиетине өз акылы жана эрки менен жеткен же бир күнү бир кокустуктун
натыйжасында бул касиеттер сөөк клеткаларында пайда болгон деп айтуу бүт
тараптан логикасыз, илимге сыйбас бир көз-караш болот.
Клетка пландоо жасай албайт. Чечим ала албайт. Денедеги тең
салмактуулуктарды билиши мүмкүн эмес. Муктаждыктарды сезип чара көрө албайт.
Клетка бир нерсе үйрөнө албайт. Бирок адам денесиндеги триллиондогон клетканын
ар бири аң-сезимдүү бир адамдай, ал тургай, адамдан жогорураак акылдуулук
көрсөтүүдө. Бул клеткалардын улуу бир күч тарабынан башкарылып, багытталып
тураарын көрсөтөт. Клеткаларга эмнелерди кылаарын илхам кылган – улуу
кудуреттүү Аллах.
Өздөрүнүн напсилери жөнүндө
ойлонушпайбы? Аллах асмандарды, жерди жана бул экөөсү арасындагы нерселерди
чындык менен гана, жана белгиленген бир мөөнөт (ажал) менен жараткан.
Чындыгында, адамдардын көбү Раббилерине жолугаарына ишенишпейт. (Рум Сүрөсү, 8)
Адам денесинин кыймылдуу негизги скелети:омуртка
Омуртканын түзүлүшү бир канча бөлүктөн турат. Эң биринчиден «шакекче»
(диск) деп аталган 33 даана чоң тоголок сөөк бир-биринин үстүнө жайгаштырылган.
Ал сөөктөрдүн ичине болсо жүлүн аттуу –мээ менен бүт органдар арасындагы
координацияны камсыз кылган- өтө маанилүү бир байланыш тармагы төшөлгөн. Бул
сөөктөр дененин тик турушуна шарт түзө турган форма келип чыккандай кылып
бириктирилген. Бул 33 кичинекей сөөк түзгөн омуртка тутумуна кабыргалар менен
ички органдар туташкан. Бул этаптардан соң жер жүзүндөгү эң чоң инженерия
кереметтеринин бири келип чыккан.
Омуртканын эң негизги кызматы – бул жүк көтөрүү. Дененин үстүңкү бөлүгүнүн
салмагы омуртканын үстүнө түшөт. Ар кадам таштаганыбызда омурткабызды түзгөн
шакекчелер бир-бири үстүндө кыймылдайт. Омуртканы түзгөн 33 сөөктүн салмак
астында кыймылдашынан сөзсүз сүрүлүү келип чыгат. Сүрүлүүдөн улам эскирүү келип
чыгат. Өтө маанилүү байланыш тармагын коргогон жана ошол эле учурда өтө чоң
салмакты көтөргөн омуртка үчүн эскирүү өтө маанилүү көйгөйлөрдү жаратат.
Үстү-үстүнө минген 33 дисктен турган бир түзүлүш эзилүүдөн жана сүрүлүүдөн
кантип корголот?
Бул суроонун жообун табуу үчүн омуртканы изилдегенде, омуртканын ичине эң
кемчиликсиз коргоо системасынын орнотулганын көрөбүз. Омуртканы түзгөн
сөөктөрдүн арасына кемирчек түзүлүштүү бирден диск орнотулган. Ал дисктер
автомобиль дөңгөлөктөрүндөгү жүктү соргон амортизаторлор сыяктуу иштешет.
Омуртканын формасы да үстүнө түшкөн жүктү көтөрүшүнө көмөкчү боло тургандай
жаратылган. S формасында ийрилген өзгөчө форма жүктүн бирдей
таралышына шарт түзөт. Ар кадам таштаганыңызда дене салмагыңыз себептүү жерден
денеңизди көздөй бир жооп күчү келет. Ал күч омуртканын амортизаторлору жана
«күч таратуучу» ийрилген формасы натыйжасында денеге зыян бербейт. Эгер ал
күчтү азайтуучу ийкемдүүлүк менен өзгөчө түзүлүш болбогондо, келип чыккан күч
түз баш сөөгүнө өтмөк жана омуртканын үстүңкү учу баш сөөгүн талкалап мээнин
ичине кирмек.
Бирок мындай болбойт. Аллах адам денесинде жараткан кереметтүү инженерия
себептүү ден-соолукта өмүр сүрөбүз.
Скелеттеги механикалык дизайн
Сөөктөрдөгү кемчиликсиз долбоордун дагы бир мисалы – бул бут сөөктөрү.
Адамдын бир буту 26 сөөктөн турат, ошондуктан дене сөөктөрүнүн төрттөн бири
буттарда орун алат. Бут механикалык функцияларды жеңилдетүү үчүн долбоорлонгон өзгөчө
бир түзүлүшкө ээ. Буттун түзүлүшүндөгү кереметтүүлүктү ар кандай инженерия
чыгармаларына, мисалы буттун таманын көпүрө инженериясына салыштырууга болот.
Мындай ийилген форма дене салмагына карата сөөктөргө көмөкчү болуу касиетине
ээ.
Башка бир мисал катары автомобильдерди алууга болот. Бир автомобильдин газ
педалы басылганда педаль рычаг сымал иштейт. Ошол сыяктуу буттар да манжа
учунда туруу кыймылы жасалганда, гидравликалык тиккөтөргүч (домкрат) кызматын
аткарышат. Секирүү кыймылында денени учурса, чуркоо кыймылында буттар үчүн бир
жаздык кызматын аткарышат. Бүт мындай кыймылдар учурунда буттагы кыртыштарга,
тамырларга же булчуңдарга эч кандай зыян келбейт.
Бул өзгөчө абалдын маанисин толук түшүнүү үчүн денедеги башка кандайдыр бир
органыңызды, мисалы колуңуз менен буттарыңызды салмак көтөрүү жагынан
салыштыралы. Тик турганыңызда буттарыңызга түшкөн салмак колдоруңузга түштү
дейли. Бул үчүн колуңузду столдун үстүнө коюп, анан үстүнө 70-80 килограмм
салмакта бир жүк койдук дейли. Анда кыска убакыт ичинде кыртыштарыңыз эзилип,
тамырларыңыз жарылмак, ал тургай, сөөктөрүңүз этиңизди талкалап чыкмак. Бирок
эртеден кечке адам денесин көтөргөн буттарда тамырлар да жарылбайт, кыртыштар
да эзилбейт. Себеби бут атайын жүк көтөрүү үчүн долбоорлонгон бир орган.
Бул мисал да Аллахтын адамдарга болгон боорукердигинин далилдеринин бири.
Аллах адам үчүн эң бейпил жашай турган, эч кыйынчылык тартпай турган, бүт
муктаждыктарын эч кыйынчылыксыз камсыздай турган бир долбоордогу денени
жаратып, Өзүн бизге таанытууда. Көрө алгандар үчүн Аллах аяттарын бүт тарапта
көрсөтүүдө. Эң негизгиси ал аяттар жөнүндө ойлонуп бүт нерсенин өкүмдары болгон
Аллахка бурулуу керек.
Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн
менен күндүздүн кезек менен келишинде, адамдарга пайдалуу нерселер менен
деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах жаадырган жана аны менен жер жүзүн өлүмүнөн
кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты ал жерде көбөйтүп-жайышында, шамалдарды
соктурушунда, асман менен жер арасында моюн сундурулган булуттарды максаттуу
(багыттап) башкаруусунда ойлонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар (белгилер)
бар. (Бакара Сүрөсү, 164)
Мээни коргогон капас:баш сөөгү
Баш сөөгү мээни ороп турган жана өтө жакшы коргогон сөөктөн бир соот. 8
сөөктүн биригишинен турат. Жогоруда денедеги сөөктөрдүн турган ордуна жана
функциясына жараша ар кандай өзгөчөлүктө болоорун айткан элек. Баш сөөгүндө да
өзгөчө бир долбоор бар. Сөөктөрдүн бириккен жерлери башка сөөктөрдөн
айырмаланып дөң-сай болуп турат. Себеби баштын сөөктөрүнүн бириккен жерлери
бир-бирине дал келип, отура тургандай долбоорлонгон.
Бойгон жеткен бир адамда өтө катуу жана күчтүү түзүлүштө болгон баш сөөгү
жаңы төрөлгөн бир наристеде такыр башка түзүлүштө болот. Энеден жаңы төрөлгөн
бир наристенин баш сөөгү али сөөккө айлана элек, жумшак болот. Ошондой эле, баш
сөөгүн түзгөн 8 сөөк бир-бирине толук отура элек болот. Сөөктөрдүн бириккен
жерлери арасында боштуктар бар. Бир караганда наристенин ден-соолугу үчүн бир
кемчиликтей көрүнгөн бул жагдай негизи төрөт учурунда наристенин өмүрүн
куткарган маанилүү бир өзгөчөлүк.72 Эгер баш
сөөгү толук сөөктөй катуу түзүлүштө болгондо жана арада боштуктар болбогондо,
төрөт учурунда наристенин баш сөөгүнүн эзилүү ыктымалдыгы өтө жогору болмок.
Бирок наристелерде баш сөөгүн түзгөн кемирчек сымал жумшак түзүлүштөн улам
сөөктөр ийкемдүү болуп, ийилип, бүгүлөт. Бирок ийкемдүү болуунун өзү эле
жетиштүү болбойт. Баш сөөгү ийкемдүү болушу үчүн орун да талап кылынат. Төрөт
учурунда толук жабыла элек баш сөөгү аралыгы ага орун болуп берет. Баштын
сөөктөрү кысылып, ортодогу ошол боштукту толтурат, ал тургай, бир-биринин
үстүнө чыгышып, баштын көлөмү кичирейет. Натыйжада наристе баштын көлөмүнүн
жарымындай болгон төрөт каналынан өтүп, ден-соолукта төрөлөт.
Булардын бири болбогондочу? Мисалы баштын сөөктөрү ийкемдүү болуп, бирок
ортодо боштук болбогондо же тескерисинче, сөөктөрдүн арасында боштук болуп,
бирок сөөктөр ийкемдүү болбогондочу... Эки учурда тең наристенин мээси олуттуу
жабыр тартмак. Б.а. төрөт учурунда бул эки өзгөчөлүктүн тең чогуу болушу шарт.
Бирок бул жерде унутпаш керек болгон дагы бир маанилүү жагдай бар: эне
денесиндеги жамбаш сөөктөрү.
Боюнда бар аялдарда жамбаш сөөктөрү кош бойлуулуктун акыркы айларына жакын
жумшарып, бир-биринен бир аз алыстайт. Бул өтө маанилүү жагдай, себеби ушул
жумшаруу натыйжасында наристе башы эзилбей төрөлө алат.
Адам денесиндеги ар бир өзгөчөлүк адамдын ден-соолугун коргоо жана зыян
көрүшүнө жол бербөө үчүн пландалган. Бул жерде да апачык көрүнүп турган план
менен ал пландын негизиндеги долбоор кантип келип чыккан деген суроонун бир гана
жообу бар. Бул теңдешсиз долбоор ааламдагы бүт нерсени жараткан жана белгилүү
бир тартипке салган Аллахка тиешелүү. Аллахтын чексиз акылын көрө алган жана
андан жыйынтык чыгара алган адамдар чыныгы кутулууга жете алышат. Адамдын
милдети – Аллахтын анда жараткан ушул сыяктуу жакшылыктарын көрүп, аларга шүгүр
кылуу. Аллах шүгүр кылгандарды сүйөт.
... Күмөнсүз, Аллах адамдарга карата өтө берешен, бирок алардын көпчүлүгү
шүгүр кылышпайт. (Йунус Сүрөсү, 60)
Булактар:
69- Montgomery, Biochemistry, s.567-568
70- Brand & Yancey, 1980, s.91
71- Prof. Dr. Ahmet Noyan, Yaşamda ve Hekimlikte Fizyoloji, s.1046-1047
72- Marshall Cavendish, The Illustrated Encyclopedia of The Human Body, s. 40














Комментариев нет:
Отправить комментарий