Компьютер инженерлери акыркы
жылдары энергияны пайдалануу жагынан эң ийгиликтүү орган катары боорду модель
алып башташты. Мунун эң негизги себеби болсо боор бир учурда бир канча
процессти эч кемчиликсиз жасай алат. Боор адам денесинин жалпы тартиби менен
байланыштуу болжол менен 500 функцияга ээ.36
Боор жеген тамактарыбызды дене
колдоно ала турган абалга алып келет. Тамак сиңирүү системасынан келген кандын
ичиндеги комплекстүү молекулаларды майдалап колдонула турган же сактап коюла турган
молекулаларга айландырат. Андан соң пайдалууларды кайра кан аркылуу башка
клеткаларга жөнөтөт. Зыяндууларды болсо бир канча процесстен өткөрүп
бөйрөктөргө жиберет жана ал жерден сүзүп алынып, заара катары денеден чыгышын
камсыз кылат. 1,5-2 кг салмактагы бир «эт жыйындысынын» кан аркылуу бүт азык
заттарды иштетилбеген абалда алып, ар кандай химиялык реакциялардан өткөрүп,
дененин башка клеткаларына керектүү курулуш материалдарына айландырышы өзүнчө
бир керемет.
Боордун негизги кызматы кан аркылуу
алган азык заттарын кайра иштеп чыгуу болгондуктан, анын түзүлүшү канды кармап
турууга ыңгайлуу болушу керек. Ошондуктан боор губка сымал бир түзүлүшкө ээ. Ал
тургай, адам денесиндеги жалпы кандын 800-900 граммы дайыма боор тарабынан
сорулган абалда болот. Ушул себептен салмактанган органдын дене ичиндеги атайын
орду да башка органдарга зыян тийгизбей турган жана өз кызматтарын жасай ала
турган кылып пландалган.
Боордогу контролдуу система
Боордогу системаны бир порттун
иштешине окшотууга болот. Ар кандай аймактардан келген бүт жүктөр бир портто
топтолуп, ал жерден башка аймактарга таратылган сыяктуу, боордо да денеге
керектүү бүт заттар топтолуп, ал жерден дененин муктаждыгына жараша таратылат.
Боорго кире турган чийки заттарды
ташыган кандын бул органга жетиши тамак сиңирүү жолдорунан жана жүрөктөн келген
тамырлардан көз-каранды. Тамырлар органдарды бир-бирине белгилүү максаттарда
туташтырат. Б.а. дененин ичинде эмне ишке жараары белгисиз же колдонулбаган бир
тамыр таба албайбыз. Боорго келген тамырлар да эң кыска убакытта бул органга
керектүү санда канды жеткирүүгө милдеттүү. Жүрөктүн сол карынчасынан
насостолгон кычкылтектүү кан боор артериясы аркылуу боорго жетет. Денедеги ар
бир тамыр кандын боорго барышы керек экенин билгендей болуп, ушул органга багыт
алган.
Денебизде айланып бүт клеткалардын
муктаждыктарын камсыздай турган кан сапарга чыгаардан мурда жакшылап
контрольдон өтүп, кемдери аныкталып, толукталышы керек. Бул жерде боор
клеткалары ишке киришет. Ашказан, ичеги жана көк боордон келген кан башка эч жакка
бурулбай, түптүз кайра иштетилиши керек болгон жерге, б.а. боорго жеткирилет.
Бул органдар ортоктошуп чечим алган сыяктуу, өз милдетин аткарып, боордун
маанисин билишет жана ишти ага тапшырышат.
Ашказан, ичеги же көк боордон
чыккан кандын боорго эмес, түз жүрөккө барып дененин клеткаларына тарашы
ылайыктуу абалга алып келинбеген заттардын жана ал тургай, зыяндуу жана уулуу
заттардын да бүт клеткаларга жөнөтүлүшү деген мааниге келет. Бул адамдын
өмүрүнө коркунуч туудурат.
Боор клеткалары кан өндүрүшпөйт.
Кан боор клеткаларына сырттан келет. Аларга чоочун бир суюктук болсо да, боор
клеткалары кандын түзүлүшүн өтө жакшы таанышат. Курамынын кандай болушу керек
экенин абдан жакшы билишет. Эгер кандын ичинде кандайдыр бир заттар кем болсо,
ал заттарды табышат. Эгер канда талап кылынгандан ашыкча бир зат бар болсо, ал
затты сактап коюшат. Кыскасы, боор клеткалары өз милдетин кемчиликсиз жасай ала
турган адистикке ээ.
Башка органдардан айырмаланып боор
эки башка булактан кан алат. Биринчиси жүрөктүн негизги артериясынан
кычкылтекке бай кан алып келген тамыр. Экинчиси ашказан менен ичегилерден азык
заттарды ташып келген вена. Бул эки негизги булак боордун кыртыштарына жетип,
боордун ичинде көңдөйлөргө бөлүнөт. Боор клеткалары тарабынан кайра иштелип
чыккан кан бир даана венада чогулуп, сыртка чыгарылат.
Боордон чыккан кан кайра жүрөктүн
оң тарабына жетип, бүт процесстер толукталган абалда денеге тароо үчүн
өпкөлөргө айдалат. Көрүнүп тургандай, органдар арасындагы тамыр байланыштары
жана кандын кандай кезек менен кайсы органга барышы керек экени да атайын бир
пландоо менен белгиленип, система ошол планга ылайык курулган.
Боордун өзгөчө түзүлүшү
Өмүрүбүздө өтө чоң роль ойногон
канды дененин эң бурчтарына чейин чарчабай жеткирген – бул капиллярлар.
Кыртыштардын тереңине кирген сайын ичкерген капиллярлардын кабыктары вена менен
артериянын кабыктарынан алда канча ичке.
Түзүлүшү заттарды өткөрүүгө
ыңгайлуу болгондуктан кыртыштар менен кан арасында дем алуу газдары, суу, ар
кандай минералдар, туздар, азыктар, калдыктар, гормондор жана иммундук
элементтер тынымсыз өтүп турат.
Боордогу капилляр кабыктарында
башка капиллярлардан айырмаланып, коргоочу бир катмар болгон «базальдык катмар»
жок. Негизи «жок» деген сөздү колдонуу туура болбойт. Себеби ал атайын ошондой
пландалган. Башка органдарда «базальдык катмар» бар болуп, боордогу
капиллярларда мунун болбошу натыйжасында тамырлардан келген кан заматта бир
губкадай сорулуп, боор клеткаларында иштетилип, денеге өтө бат жана кемчиликсиз
жиберилет. Боордун түзүлүшү өз кызматына ыңгайлуу болгондуктан, канды эч
кыйынчылыксыз өзүнө алып иштете алат. Жана өндүргөн көптөгөн белокторду да кан
плазмасына чыгарып, өмүрү бүтүп канда айланып жүргөн улгайган эритроциттерди
өзүнө алып жок кыла алат.
«Базальдык катмардын» боордогу
капиллярларда болбошунун канчалык маанилүү экенин дагы бир мисал менен
көрсөтөлү:
Суунун жумшак бир топуракка сиңиши
бетинде чопо сымал катуу бир катмары бар топуракка сиңишинен оңойураак болот.
Дыйкандар өсүмдүктөрдүн түбүндөгү топурак жакшыраак суу өткөрүшү үчүн топуракты
чабышат. Чабылбаган өсүмдүктөр жааган жамгырдан аз пайдаланат. Өсүмдүктүн
тамырларына минералдар менен суу эч кыйынчылыксыз жете алышы үчүн топурак жакшы
өткөргүч болушу керек. Ушул эле көрүнүштү боор жөнүндө ойлонсок, базаль катмары
жок жана натыйжада өткөргүчүрөөк болгон боор капиллярлары канды боор
клеткаларына өтө бат жеткиришет.
Боордогу бассейндер:көңдөйчөлөр
Боордун комплекстүү тамыр түзүлүшүндө
ичке жаракалар формасында көңдөйчөлөр бар. Көңдөйчөлөрдүн кызматы – сырттан
келген канды алып, канды процесстен өткөрүүдө бассейн ролун аткаруу. Боордо эки
миллиондон ашык көйдөйчө бар деп эсептелүүдө.
Бир көңдөйчөнүн диаметри ушунчалык
кичине болгондуктан, бир эритроцит ал жерден өткүсү келсе кысылып араң өтө
алат. Ушунчалык назик нерсе өмүр бою тешилбей, тытылбай кызмат аткарат.
Көңдөйчөлөрдүн мынчалык ичке болушунун себебин укканда адам таң калбай койбойт.
Боор кан менен келген заттарды
синтездөө же тазалоо иштерин жасай алышы үчүн ал заттар сөзсүз боор клеткалары
гепатоциттерге барышы керек. Бул жеткирүү ишин аркалаган көңдөйчөлөр боор
кыртышында туннель сыяктуу созулуп, усталык менен иштешет. Көңдөйчөлөрдүн өтө
так бир эсеп менен белгиленген диаметрлери, каптал түзүлүштөрү жана башка
тамырлар менен байланыштары алардын ишине эң төп келет. Боор көңдөйчөлөрүнүн
капталдарындагы «fenestrae» аттуу тешик-тешик түзүлүш кандагы 1 ммдин 10000ден биринен кичине
бөлүкчөлөрдү боор клеткаларына өткөрүп, андан чоңураактардын болсо боор
клеткаларына өтүшүнө бөгөт болот. Көңдөйчөлөр мынчалык тар эмес, кенен болгондо,
чоң молекулалуу заттар кан аркылуу оңой эле боор клеткаларына жетип алмак жана
ал чоң молекулалар боор клеткаларына зыян тийгизмек.
Боордогу ар кандай клетка түзүлүштөрү
Боордо «эпителий клеткалары» жана
«бириктиргич кыртыш (ткань) клеткалары» болуп эки түрдүү клетка болот. Ал
клеткалар өз милдетин өтө дисциплиналуу жана эч жаңылбай, катасыз орундатышат.
Бул дисциплиналуу иштөө системасынын бузулушу адамдын өлүмүнө алып келет.
Мисалы, боор клеткалары глюкозаны
кампалап сактап коюуну кокустан токтотуп коюшса, денеге тамак-аш кирбеген
учурларда клеткалар энергия жетишсиздигинен улам иштебей калат жана мээ
клеткалары да иштебейт. Бул болсо өлүмгө же майыптыкка себеп болот.
Бирок мындай болбойт жана клеткалар
дал талап кылынгандай, керектүү өндүрүштү жасашат. Боордогу ар бир клетка
белгилүү бир максатта жаратылган. Мисалы, боор «Глиссон капсуласы» деп аталган
тунук бир бириктиргич кыртыш (ичке кабыкча) менен капталган. Ал кабыкчанын өтө
маанилүү бир кызматы бар. Боордун түзүлүшүн ичи суюктукка толо бир губкага
окшотсок, ал кабыкча суулуу губка салынган ичке бир пакетке окшошот. Ал кабыкча
ичи толо боордун ичиндеги аралашмаларды сыртка чыгарбай кармайт. Ушул
бириктиргич кыртыш натыйжасында боор өз түзүлүшү менен ичин коргоп, сырттагы
органдардан бөлүнөт.
Бириктиргич кыртыш клеткаларынын
кызматы органды каптап коргоп туруу болсо, 1 миллиметр астындагы боор
клеткаларынын болсо такыр башка кызматтары бар. Клеткалардын бир-бирине
ушунчалык жакын туруп, бирок такыр башка башка иштерди аткарышы өтө таң
калыштуу. Эне курсагындагы өрчүү учурунда кээ бир клеткалар боорду түзгөн
клеткаларга айланып жатканда, ал клеткалардын жанындагы кээ бир клеткалар тунук
клеткаларга айланган. Андан соң ал тунук клеткалар биригип, боорду толук ороп
пакеттеп, ичиндеги суюктукту чыгарбай кармап турчу бир кабыкчаны пайда кылган. Натыйжада
бир-бирине жабышып турган, бирок кызматы жана түзүлүшү жагынан бир-биринен
толук айырмалуу эки клетка тобу келип чыккан. Ал эки клетка тобу арасында так
жана жылма бир чек ара пайда болгон. Ар бир клетка –адам эне курсагында өрчүп
жаткан кезде эле- өз милдетин, жоопкерчилигин, каерде болушу керектигин билип
жаралган жана дене ошонун натыйжасында белгилүү тартип жана келбетте курулган.
Боор клеткаларынын физикалык
түзүлүшү да турган жерине жана өз кызматына жараша өз-өзүнчө эң идеалдуу
формада пландалган. Мисалы, боорду ороп турган кабыкчага тийип турган
клеткалардын кабыгы тегиз. Себеби боор клеткалары менен ал кабыкча арасында өтө
тыгыз зат алмашуу жүрбөйт.
Ал эми клеткалар арасында тыгыз зат
алмашуу жүргөн жерлерде абал башкача. Ал клеткалардын кабыктарында кошуна
клеткаларды көздөй созулган манжа сымал бутактар (микровиллдер) болот. Ал
бутактар клеткалар менен кан суюктугу арасында тийишүүнү көбөйтүп, зат
алмашууну жеңилдетет. Ал бутактар жайгашкан жерлерге химиялык реакцияларды
ылдамдатуучу жана аягына чыгарчу ферменттер да атайын жайгаштырылып, зат
алмашуу үчүн ар кандай мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Боорду түзгөн клеткалардын
кызматына жана турган жерине эң шайкеш келген физикалык жана химиялык
өзгөчөлүктө болушу боордун ичиндеги ар бир майда-бараттын белгилүү бир планга
ылайык жасалганын көрсөтөт.
Асмандарда жана жердегилер Ага тиешелүү; баары Ага «көңүлдөн моюн сунган»
абалда. (Рум Сүрөсү, 26)
Боордогу каналдар системасы
Боор ичинде миллиондогон каналы бар
өзгөчө бир транспорттук системага ээ. Боорго кан алып келген негизги эки тамыр
боордун ичинде миллиондогон майда капиллярга бөлүнгөн. Мындан тышкары, боордун
ичинде өт суюктугун ташыган жана кан тамырларына параллелдүү төшөлгөн өт
каналдары да бар. 1,5-2 килограмм салмактагы бир эттин ичинде миллиондогон
микро каналдардын болушу кандай мааниге келет?
Бул канал системасы кылдаттык менен
курулган бир долбоор керемети. Бул долбоордун маанисин боор клеткаларынын
кызматтарын, боорго барган кандын көлөмүн жана боордун жалпы функциясын
эстегенде жакшыраак түшүнөбүз.
Боордун кызматы – кандагы
молекулаларды кайра иштетүү, башка заттарга айландыруу жана керек учурда сактап
коюу. Бүт бул иштерди боордогу миллиондогон майда химия лабораториясы, б.а.
боор клеткалары жасайт. Демек боор клеткаларынын ар бирине атайын бир байланыш
курулуп, ар бир клетканын алдына ал кайра иштете турган кан молекулалары
жеткиришили зарыл. Жогоруда айтылган канал системасы бул муктаждыкты
канааттандыра турган эң кемчиликсиз долбоорго ээ. Боордун ичинде миллиондогон
микро канал бир-бири менен кесилишпей, бир-биринин ишине тоскоол болбой турган
кылып курулган. Боордо иштетиле турган чийки заттар же өндүрүлгөн продукттар
ошол каналдар аркылуу ташылат.
Бул долбоордун кемчиликсиздигин
түшүнүү үчүн төмөнкү мисал жөнүндө ойлонуу пайдалуу болот:
Дүйнөнүн эң өнүккөн жана эң жакшы
пландалган шаарларынын бирине кыска бир зыярат жасап, шаарды карап жатабыз
дейли. Албетте, мындай шаардын инфраструктурасы да укмуш болот. Өзгөчө
транспортто ар кандай чара көрүлүп, шаарда жашагандарга ар түрдүү жеңилдиктер
каралат. Шаарда жердин астына курулган чоң бир метро бар. Ал метро системасы
шаардын бүт тарабын бир-бирине туташтырат. Метро тармагынын жалпы узундугу
жүздөгөн километрге жетет жана шаардын бүт жагында метро станциялары бар.
Жердин бетинде да кемчиликсиз бир
шаар планы жасалган. Трассалар жана чоң автомагистральдар шаардын автожолдор
тармагын түзөт. Акылдуу пландоонун жана көп санда курулган жолдордун
натыйжасында –шаар тургундарынын саны канчалык көп болсо да- жолдо эч пробка
болбойт жана транспортто эч бир маселе жаралбайт. Ошол эле учурда жолдордун
үстүңкү тарабы да укмуш пландалган. Кайчылаш жолдор жана светофорлор кыймылды
жөнгө салып, жолдордогу белгилер чет элдик айдоочуларга да чоң көмөк көрсөтөт.
Бул өнүккөн шаардын маанилүү бир
соода жана өндүрүш борбору экенин да унупайлы. Ал жолдор тынымсыз өнөр-жай жана
соода товарларын ташууда да колдонулат.
Эми ойлоп көрөлү; эгер ушундай бир
шаарда турсак, бир киши алдыбыздан чыгып бизге «бул шаар пландалган эмес, бул
шаар курулган эмес, жолдор, метро системасы, өндүрүш жана соода борборлору
кокустан, өзүнөн-өзү пайда болгон» десе, биз кандай ойго келмекпиз?
Албетте, бул сөздөр туурабы же
туура эмеспи деп эмес, ал кишинин акылы ордундабы деп ойломокпуз.
Бул жерде жогоруда мисал катары
берилген шаар планын боордун ичиндеги канал системасы планына салыштырганда,
шаар планынын боордогу канал системасынын планынан бир топ жөнөкөй болуп
калаарын айта кетүү керек. Ар бир канал белгилүү бир максатты көздөп жана
белгилүү бир кызмат үчүн ачылган. Боордо өндүрүлгөн жана кайра иштетиле турган
молекулалар баш айландырарлык бир кыймылдын ичинде, бирок эч проблемасыз
каналдардын ичинде жол жүрүшөт. Каналдардын айланасы өндүрүш, сактоо жана кайра
иштетүү иштерин жасаган өнөр-жай борборлору (клеткалар) менен оролгон. Ал
клеткалар эч бир химиялык завод же өнөр-жай борборуна салыштыргыс даражада
комплекстүү иштерди кылып, тынымсыз өндүрүш жасашат. Укмуш өндүрүмдүү бир
өнөр-жай аймагына укмуш натыйжалуу бир транспорттук тармак курулган. Мынчалык
пландуу бир системанын бир Жаратуучу тарабынан жаратылганы айдан ачык.
Бир эле боордо эмес, адам денесинин
бүт тарабында укмуштуу бир пландоо бар. Көзгө көрүнбөгөн молекулалар өтө
кылдаттык менен курулган каналдардын ичинде сапар тартып, керектүү жерге
жетишет. Мындай транспорттун үзгүлтүксүз иштеши адам өмүрүндө өтө чоң мааниге
ээ.
Ал молекулалардын кайсы органда
сактап коюлаары, канда канчалык санда болоору, денеден чыгарып салынышы сыяктуу
жагдайлардын баары илимпоздор менен медицина докторлорунун канчалаган жылдар
бою изилдеп, анализ кылган темалары болууда. Ал тургай, молекулярдык биология
деп аталган илим тармагы атайын денеде аныкталган молекулалардын
кыймыл-аракеттерин жана кызматтарын изилдейт. Бирок алынган маалыматтар иштеп
жаткан системанын аз бөлүгүн гана түшүндүрө алууда. Учурдагы бүт технологияны
колдонуп адамзат акылы изилдеп жаткан, бирок толук чечмелей албаган дене
системаларынын өзүнөн-өзү пайда болушу, албетте, мүмкүн эмес. Муну
кокустуктарга таяндырган көз-караштарга таң калуу керек.
Эч ким асфальттан жасалган бир
жолду кокустан, өзүнөн-өзү пайда болгон деп айтпайт. Демек, эт жана кан сыяктуу
назик заттардан курулган, узундугу миңдеген километрге жеткен, кемчиликсиз
пландалган системалардын кокустан пайда болгонуна ишенүү логикасыздыктын жеткен
чеги болмокчу.
Бүт бул кемчиликсиз системаны Аллах
жараткан. Бүт баары Аллах каалагандай болот.
Боор клеткаларынын өзгөчө жөндөмдөрү
Боор турган жеринен денебиздеги кан
айлануу, тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу системалары сыяктуу башка бөлүктөрдө
болуп жаткан иштердин баарынан кабардар болуп турат. Мисалы, тамак сиңирүү
системасына кирген майлардын ээритиле албашын алдын ала билет жана ал майларды
майдалап, сиңирүү үчүн керектүү химиялык затты лабораториясында өндүрөт.
Ал зат, жогоруда да айтылгандай, өт
суюктугу. Боор ал затты өндүрөөр замат койо бербей, сактап койот. Кийинчерээк
ага келген буйрукка ылайык өт суюктугун дал керектүү учурда майлуу азыктардын
үстүнө жөнөтөт.
Бул жерде айтылып жаткан иштерди
жасаган – эт менен кандан гана турган бир орган. Бирок боордун тамак сиңирүү
системасында болуп жаткандардын баарынан кабардар болуп, ага чара көрүп өт
суюктугун өндүрүшү анын келечекке карата өтө акылман пландар түзөөрүн көрсөтөт.
Боор клеткаларынын жөндөмдөрү муну
менен эле чектелбейт. Бул органдагы тынымсыз иш-аракеттер натыйжасында кээ бир
калдыктар пайда болот. Боор ишин улантышы үчүн алардын жок кылынышы шарт.
Көңдөйчөлөрдүн бетинде жайгашкан «Купфер клеткалары» мына ушул кызматты
аткарат. «Купфер клеткалары» негизи кандагы зыяндуу заттарды «фагоцитоз» деп
аталган ичине киргизип, сиңирүү ыкмасы менен жутат.37 Ал клеткаларда зыяндуу менен пайдалуу заттарды
айырмалоо акылмандык менен жасалып, коркунуч жоюлат.
Эгер кан аркылуу боорго келген
зыяндуу заттар Купфер клеткалары тарабынан таанылып, жок кылынбаганда, эмне
болмок?
Денеде тынымсыз көптөгөн оорулар
пайда болуп, иммундук системанын баары тынымсыз согушка чакырык (мобилизация)
жарыяламак. Бул болсо биздин өзүбүздү дайыма оорулуу жана чарчаңкы сезишибизге
себеп болмок. Бирок боордогу мындай өзгөчө система натыйжасында денедеги чоң
бир армия коңгуроо какпай, чек арадагы полиция күчтөрү деп атоого боло турган
Купфер клеткалары зыяндуу заттарды жок кылат.
Адам ден-соолугу үчүн көрүлгөн бул
чара да Аллахтын жараткан жандыктардагы боорукердигинин бир көрүнүшү. Бул
маалыматтарды окуган, абийири менен акылын колдонуп булар жөнүндө ойлонгон ар
бир адам бир гана жыйынтыкка келет: Аллах өтө кудуреттүү, мактоого татыктуу
Зат.
Боордогу көп функциялуу жумушчулар
Боордун негизги клеткалары болгон гепатоциттер
өт суюктугун чыгаруу, кандагы токсиндерди тазалоо, белоктор жана углеводдор
менен майларды ажыратуу, канды кампалап коюу жана кандын уюшун камсыз кылуучу
бөлүкчөлөрдү өндүрүү сыяктуу кызматтарды аткарат. Бир сүйлөм менен санап койгон
бул функциялардын ар бири ден-соолукта өмүр сүрүшүңүз үчүн керектүү өтө
маанилүү иш-аракеттер. Ушунчалык ар түрдүү функциялардын боордогу окшош
(бирдей) клеткалар тарабынан жасалышы болсо өтө ойго салат. Негизи ар бири
өзүнчө бир адистикти талап кылган мындай химиялык реакциялардын жана
өндүрүштөрдүн бир эле клеткалар тарабынан жасалышы өтө системалуу, тартиптүү
жана пландуу иш-аракетти талап кылат. Мындай пландуу иш-аракетти көмүртек,
суутек, кычкылтек жана азот сыяктуу заттардан турган жана ичиндеги
майда-бараттары электрондук микроскоптон гана көрүнгөн клеткалардын жасашы
жөнүндө да ойлонуу керек.
Бул жерде төмөнкүдөй мисал
келтирүүгө болот. Боор жасаган иштерди биз үчүн жасай турган бир адамдар тобун
түзүүгө аракет кылып жатабыз дейли. Анда;
-химиялык реакцияларда адис,
-өндүрүштө иштей турган,
-кампада керектүү заттарды жыйнап
койо турган,
-өндүрүштө пайда болгон калдыктарды
сыртка чыгара турган, бирок муну заводдо иштегендерге зыян тийгизбестен жана
экологияны булгабастан жасай турган,
-коңшу заводдорго кошумча кызмат
көрсөтө турган жана аларга керектүү материалды алдын ала аныктап чара көрүп,
өндүрүш жасай турган,
-айланадагы
фабрикалар арасы пикир келишпестиктерди чече турган,
-жана ушул сыяктуу дагы көптөгөн
милдетти аркалай турган кишилерди табуу керек болот.
Ошол эле учурда бул кишилердин ар
бири –боор клеткалары сыяктуу- бүт бул иштерде тажрыйбалуу болушу, дем албастан
иштеши, чарчабашы жана бүт иштердин жоопкерчилигин өзү жалгыз да ала алышы
зарыл.
Сиз да түшүнгөндөй, мындай жумушту
жасай ала турган, бул өзгөчөлүктөрдүн баарына ээ адамдарды табуу мүмкүн эмес. Бирок
микроскоп менен гана көрүнгөн миллиондогон кызматкер клеткалар азыр өз ордунда
жогоруда саналган жана айтылбаган башка иштерди да кемчиликсиз орундатышууда.
Болгондо да, бул кемчиликсиз иштер учурда дүйнө жүзүндө жашап жаткан
миллиарддаган адамдын ар биринин боорунда жасалып жатат. Тарых бою жашап өткөн
триллиондогон адамдын ар биринин боор клеткалары да бул кызматтарды кемчиликсиз
орундаткан.
Триллиондогон клеткадагы бул укмуш
акылдын молекулалардан турган ал клеткаларга тиешелүү эмес экени анык.
Бир базадай иштеген
боордун кээ бир
кызматтары
Дененин жалпы энергиясынын 12-20%ын колдонуп иш-аракет жүргүзгөн боор белгилүү болгон 500дөй функцияны
аткарат. Боордун өз башынча бир базадай иш-аракет жүргүзгөн тармактарынын кээ
бирлери төмөнкүдөй:
Клеткалар
үчүн керектүү азыктарды
жөнгө салат:
жөнгө салат:
Денебиздеги болжол менен 100
триллион клетканын ар биринин керектүү азык заттарын ала алышы үчүн талап
кылынган жөнгө салууларды боор жасайт. Мындай жөнгө салууда клеткалардын
эмнелерге муктаж экенин өтө жакшы билиши керек. Бирок өзү да ошол сыяктуу
клеткалардан турган бул органдын керектүү маалыматтарды кайдан топтоору, аларды
кантип түшүнөөрү жана туура чечимдерди кантип алаары жөнүндө терең ойлонуу
зарыл.
Азыктарды
өндүрүү үчүн керектүү
чийки заттарды алат:
чийки заттарды алат:
Боор иш-аракеттерин жүргүзүүдө
колдонгон чийки заттар кан аркылуу ташылат. Бир өндүрүш фабрикасында чийки
заттар ар кайсы тараптан алынып, анан башка продукттарга айландырылган сыяктуу,
боор да ага алып келинген чийки заттарды тынымсыз синтездеп, сактап койот же
колдонуу же сыртка чыгаруу үчүн кан аркылуу денеге кайра жөнөтөт.
Денеге керектүү заттарды сактап койот:
Жүздөгөн химиялык реакция жүргөн
чоң бир лабораторияны эске салган боор, ошондой эле, өмүр сүрүү үчүн керектүү
ар кандай заттарды сактап койот жана кээ бир заттарды болсо өзү өндүрөт. Темир,
жез, А витамини жана D витамини алардын бир канчасы.
Мындан тышкары, кандын коюлушуна шарт түзгөн «протромбин», «фибриноген» жана
«гепарин» сыяктуу белоктор өндүрүлчү жер.
Жашоого
керектүү белокторду өндүрөт:
Боордун негизги кызматтарынын бири
– бул керектүү белокторду синтездөө. Эч бир атайын билим албастан, эмне кылышы
керектигин билген боор тамак сиңирүү натыйжасында келип чыккан
аминокислоталарга тиешелүү азот молекулаларын туура ыкма колдонуп бөлүштүрөт
жана аларды углевод, майлар менен реакцияга киргизип, жаңы белокторду өндүрөт.
Ошондой эле, май жана белокторду колдонуп бул жолу углевод сыяктуу заттарды да
өндүрөт. Углевод менен белоктон май да өндүрө алган боор аны сактап коюп,
кийинчерээк оңой эле энергияга айландырыла алат.
Иммундук системага жардам берет:
Жогоруда да айтылгандай, боор
денебиздин иммундук системасынын маанилүү бир бөлүгү. Ката кетирбей уулуу
заттарды таап, аларды нейтралдаштырып, анан сыртка чыгарат.
Боордогу атайын фагоциттер кандагы
чоочун заттар менен бактерияларды тазалайт. Боор, мындан тышкары, дарылардын
зыяндуу, уулуу таасирин кетирип, айыгуу максатында ичкен дарыларыбыздын кошумча
уулуу таасирлерин жойот. Толук мааниде бир коопсуздук системасындай иштеп кан
аркылуу ага келген бүт зыяндуу заттарды табат. Сырттан денебизге кирип, кан
аркылуу ашказан же ичегилерден боорго келген ал уулуу заттарды башкалардан
айырмалап тааныган жана анан кечиктирбей керектүү чараларды көргөн боор
клеткалары болбогондо, өтө жөнөкөй бактерия түрлөрү же айыгуу үчүн ичкен
дарыларыбыз бизди бир оорудан башкасына түртмөк.
Жашообуз үчүн өтө керектүү болгон
бул процесстердин баары денебиздеги 1,5-2 килограмм салмактагы бир орган
тарабынан эч тынымсыз жасалууда. Сиз буларды окуп жатканда да бул процесстердин
баары эч тынымсыз уланууда. Бул кереметтүү системанын бир саамга эле токтошу
көз жумушубузга же айыккыс ооруларга кабылышыбызга жетиштүү болот.
Бул саналган процесстерди жасаган
боор – өзү да белок, май жана суу сыяктуу материалдардан турган бир орган.
Канчалаган жыл бою билим алса да, кээ бир химиялык реакцияларды гана үйрөнүп,
жасай алган бир адамдан канча эсе күчтүү адис болушу жана эч катасыз ар бир
реакцияны ийгиликтүү аягына чыгарышы адамды таң калтырууга жетиштүү. Бүт боор
клеткалары денебизде кайсы заттардын колдонулаарын билишет. Мындан тышкары, ал
заттардын молекулярдык жана химиялык түзүлүштөрүн да билишет. Натыйжада
тааныган азык заттарды лабораторияларында өзгөртүп, пайдалуу заттарга
айландырышат. Албетте, буларды жасоодо белок синтези үчүн витаминдер менен
ферменттер талап кылынаарын, кандын негизги материалы болгон эритроциттерди
өндүрүүдө темирдин негизги зат экенин же кандагы канттын көлөмүн тең салмакта
тутуу керектигин да өтө жакшы билишет!
Бул жерде төмөнкү чындыкты көрөбүз;
боор клеткалары бул процесстердин бирөөсүн да өз башынча жасай алышпайт.
Денебиздеги заттар жөнүндөгү маалыматтардын бир даанасынын бир сүйлөмүн да өз
алдынча үйрөнө алышпайт. Кайсы азык затынын кантип иштеп чыгылаарын, кайсыларынын
денеге пайдалуу же зыяндуу экенин, жана кайсынысын сактап коюу керектигин боор
клеткаларына илхам кылган – ааламдардын Рабби Аллах.
Кароо талап кылбаган система
Бул жерге чейин айтылгандай, боорго
кан алып келген эки тамыр бар: боор артериясы жана капка венасы. Бул эки тамыр
боордун ичинде эшик аралыктарына окшош жолдордо созулган ичке бутактарга
бөлүнөт. Ал тамырлар аркылуу боордон мүнөтүнө 1,5 литр кан өтөт. Бул боордон
саатына 90 литр кан өтүшү, б.а. боордун бир күндө 2160 литр канды кайра
иштетиши деген мааниге келет. Ошондой эле, орточо 70 жылдык адам өмүрүндө
боорго тамактануу аркылуу 1,5 тонна белок, 12,5 тонна углевод кирет.
Эч тынымсыз иштеген бул системаны
өтө чоң бир завод же компьютер аркылуу башкарылган системалар менен жабдылган
чоң бир кайра иштетүүчү завод катары элестетүүгө болот. Ал завод эч тынымсыз 24
саат бою иштейт дейли. Болгондо да бир күн бүткөндө эч дем албастан эртеси күнү
да иштөөгө мажбур болсун. Албетте, бул заводдогу машиналар кароого муктаж болот
деп ойлоп жаткандырсыз. Эгер бул айтылган система чындап эле бир завод же өтө
заманбап, алдыңкы бир аппарат болгондо, бир жумада эң аз жарым күн машиналарды
кароодон өткөрүп, бузулган тетиктери барбы же жокпу деп текшерүүгө мажбур
болмокпуз.
Бирок бул жерде бир завод жөнүндө
сөз болуп жаткан жок. Ушул учурда денебизде кандайдыр бир кайра иштетүүчү
заводдон бир топ ургалдуу (интенсивдүү) иштеген бир орган бар. Боор
кубаттуулугу эч азайбай, чарчабай жана эс алуу үчүн эч тыныгуу жасабай,
тонналаган затты алып, кайра иштетип, дене пайдалана турган абалга алып келет.
Болгондо да, эч тыныгуу жасабай иштесе да, системанын ишин жайлата турган бир
кароого муктаждык жаралбайт.
Бул – Аллахтын улуу жана теңдешсиз
жаратуусу.
Ал – Хайй (тирүү) туруучу. Андан башка кудай (илах) жок; демек динди бир гана
Ага калыс кылгандардан болуп Ага дуба кылгыла. Ааламдардын Раббисине мактоолор
(хамд) болсун. (Момун Сүрөсү, 65)
Боордун өзүн-өзү жаңылоо жөндөмү
Боор – адам денесиндеги өзүн-өзү
жаңылоо жөндөмү бар жалгыз орган. Боордун 70%дайы алып салынса да, бир-эки жума ичинде кайрадан өз функцияларын аткара
ала турган көлөмгө жетет.
Боордун регенерация (өзүн жаңылоо)
иш-аракетин кайсы механизмдердин жасаары дагы эле изилденүүдө. Боордун мындай
касиети алгач 1931-жылы Мэйо клиникасында эки хирургдун изилдөөлөрү аркылуу
аныкталган. Көп түрлөрдө боордун өзүн-өзү жаңылашы жана муну кандайдыр бир
жабыркоодон соң клеткалардын автоматтык түрдө башташы белгилүү болгон. Бирок
ден-соолугу жайында болгон бир боордогу клеткалар өзүнөн-өзү көбөйбөйт. Андай
болсо бул органдын керек учурда өзүнөн-өзү бөлүнүп көбөйүшүнүн жана боорду
мурдакы көлөмгө жеткиргенге чейин муну улантышынын себеби эмне? Клеткалар көбөйүү
учурунда дагы канча улантуу керек экенин же каерде токтотушаарын кантип
билишет? Аларга көбөйгүлө же токтогула деген буйрук кайдан келет? Эгер бир
жерден «токто» деген буйрук алышпаса, башка органдарды кысып сала турганчалык
чоңойбошу керек экенин өздөрү чечишеби?
Боор клеткалары кандайдыр бир запкы
көрүп, жабыркаганда эч күтүүсүздөн бир заматта көбөйүп башташат. Бул кубулушта
клеткалардын укмуш бат бөлүнүшү жана ал ортодо кадимки милдеттерин да эч
кемчиликсиз орундатышы таң калтырат. Керектүү чара көрүлгөн соң клетка
бөлүнүшүнүн орток бир чечим менен бир заматта токтотулушу болсо андан да таң
калыштуу.
Боордун жабыркашынын клеткаларда
бөлүнүп көбөйүү таасирин жаратуучу кээ бир факторлорду ишке киргизээри
болжолдонууда. Ал чоңоюу факторлору боор клеткаларынын бетиндеги рецепторлор
тарабынан кабылданып, клетка ичинде комплекстүү иш-аракеттердин башталышына
себеп болот. Натыйжада боор клеткаларынын генетикалык тартибинде кайрадан бир
«программалоо» жүрүп, көбөйүү үчүн керектүү иш-аракет башталат.
Бул жагдай генетика адистери
тарабынан изилденип, боордо өзүн жаңылоочу клеткалардын колдонгон ыкмасы менен
кыймыл-аракеттери да эске алынган. Бул иш-аракеттер «чачыраган гепатоциттер»
деп аталат жана боордун борборунан сыртты көздөй багыт алган жолу изилденүүдө.
Бир даана гепатоциттин боордун өтө чоң бөлүгүн жаңылай алаары көрүлгөн. Мындай
бөлүнүп көбөйүү учурунда боордогу жаңы клеткалардын кыймылдабашы, эски
гепатоциттердин болсо алга жылаары аныкталган.
Жаңылануу учурунда боордун
борборундагы боор клеткалары менен башка клеткалар ал жердеги порталдык
аймактан чыгып, боор венасын көздөй жылат. Жалпылай жасалган бул кыймылды
басууга окшотконго болот. Клеткалар кыртыш бетинде бир тарапты гана көздөй
кыймылдаганы үчүн бир клетка канчалык борбордон алыс болсо, ошончо улгайган
деген мааниге келет. Натыйжада клеткалардын жашын борбордон алыстыгына карап
эсептөөгө болот.
Боордогу клетка кыймылдарынын изилдениши
натыйжасында чыгарылган «чачыроочу кыртыш теориясы» жаңы төрөлгөн ар бир клетка
өтө жакшы билген жана эч кечикпей жасоочу бир кыймыл-аракет. Клетка митоз
аркылуу экиге бөлүнгөн соң жаңы пайда болгон клеткалардын бири бөлүнгөн эне
клетканын мурдакы ордун ээлесе, эне клетка болсо жанындагы орунга «чачырайт».
Качан гана клеткалардын бири бөлүнбөсүн, жаңылардын бири кыймылдоого мажбур
болот.
Бир клетка бөлүнгөндө жаңы пайда
болгону эскисинин ордунда калып, негизги клетка болсо бир аз алдыга жылат.
Бирок ал клетка жаңы ордуна жайгаша алышы үчүн башка клеткалардын баары бир аз
жогору жылышы керек. Ал клеткалар көрүнүп тургандай, түртүлбөйт жана
тартылбайт, б.а. механикалык кыймылдашпайт. Ошондуктан бул кубулуш «чачыроо»
деп аталат. Клетка чачырашы негизги клеткалар тарабынан азыктандырылат жана өтө
ылдам жүрөт.
Бул кереметтүү процессти башынан
аягына чейин жараткан жана тартипке салган, керектүү буйруктарды берген –
Аллах. Курани Керимдин аяттарында жер жүзүндөгү бүт системаларды жана
процесстерди Аллахтын тартипке салаары жана адамдын бул илимди изилдеп ойлонушу
керек экени айтылган.
Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын
арасында токтобостон түшүп турат; силердин чынында Аллахтын бүт нерсеге
кудуреттүү экенин жана чынында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын
билишиңер, үйрөнүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)
ДЕНЕНИН ЖАШЫРУУН КӨМӨКЧҮСҮ:
УЙКУ БЕЗИ
Сонун бир кечки тамак жедиңиз
дейли. Ар кандай азыктардан турган ал тамакты кантип сиңирээриңизди ушул кезге
чейин эч ойлобогон да болушуңуз мүмкүн. Ал тургай, бүт бул азыктардын ар
биринин өзүнчө бир фермент менен иштетилиши керек экенин да билбейт болушуңуз
керек. Бул темада билим албаган бир адамдын мындай маалыматтарды билбеши,
албетте, табигый көрүнүш. Бирок денеңиздеги бир орган булардын баарын билет. Ал
орган кайсы азыктын кандай фермент менен сиңирилээрин билет. Эч башаламандыксыз
жана катасыз, эң туура убакытта, эң туура химиялык секрецияны азыктарга
жөнөтөт. Бул орган – уйку бези (карын астындагы без).
Уйку бези денедеги эң негизги
органдардын бири. Уйку бези тамырларда айланган кандын ичинде канчалык кант
молекуласы болушу керектигин чечет. Эгер кандагы кант молекуласынын саны
азайса, уйку бези ошол замат санды көбөйтө турган чараларды көрөт жана ал чаралар
адамдын өмүрүн сактап калат. Эгер кант молекуласы көбөйүп кетсе, бул жолу
кандагы канттын санын азайта турган чараларды көрөт.
Уйку бези тамак сиңирүү системасына
жөнөткөн ферменттери аркылуу да адамдын өмүрүндө өтө маанилүү роль ойнойт.
Ошондой эле ичегилердин ашказан кислоталары тарабынан талкаланышын алдын алуучу
фермент да уйку бези тарабынан чыгарылат.
Бул кызматтарды бир-бирден санасак,
балким эч көңүлүбүздү бурбаган бул органдын биз үчүн канчалык акылдуу жана
пландуу иш-аракет жасаарын жана бизди өлүмдөн коргой турган укмуш бир система
менен чогуу жаратылганын көрөбүз.
Тамак сиңирүү процессинде уйку бези
атайын бир кабар аркылуу ишке киришет. Ашказанда тамак сиңирүү процесстери
уланып жатканда атайын бир фермент «холецистокинин» канга аралашып баштайт. Бул
ферменттин канда белгилүү бир деңгээлге жетиши уйку безине сигнал берет. Ал
сигнал уйку безинин иштөө убактысы келгенин көрсөтөт жана уйку бези майдалоочу
ферменттерин он эки эли ичегиге чыгарып баштайт.38
Тымызын химик
Уйку бези тамак сиңирүү процессинин
башталганын эле эмес, жеген тамактарыңыздын түрлөрүн да түшүнө алат. Жана жеген
тамагыңызга жараша ар кандай сиңирүүчү ферменттерди чыгарат. Мисалы, макарон,
нан сыяктуу углеводдуу тамактарды жегениңизде уйку бези чыгарган фермент
углеводду майдалоочу касиетте болот. Ал азыктар он эки эли ичегиге барганда,
уйку бези углевод майдалоочу касиеттеги «амилаза» аттуу фермент өндүрөт.
Эгер эт, балык жана тоок сыяктуу
азыктарды жесеңиз, уйку бези белоктуу тамактарды жегениңизди да заматта
түшүнөт. Бул азыктар он эки эли ичегиге барганда бул жолу белокторду майдалай
турган ар кандай ферменттер катары «трипсин, химотрипсин, карбоксипептидаз,
рибонуклеаз жана дезоксирибонуклеаз» өндүрөт жана ал ферменттер белок
молекулаларына чабуул жасайт. Эгер тамагыңызда май көп болсо, бул ферменттер
менен бирге «липаз» аттуу майларды сиңирүүчү дагы бир фермент ишке киришет.
Көрүнүп тургандай, бир орган жеген
тамагыңыздын эмнелерден тураарын түшүнүп, анан ал тамактарды сиңирүү үчүн
керектүү химиялык суюктуктарды өз-өзүнчө чыгарып, аларды керек учурларда гана
жөнөтөт. Уйку бези углевод молекуласы үчүн белок майдалоочу, же май молекуласы
үчүн углевод майдалоочу суюктук чыгарбайт. Өндүргөн комплекстүү суюктуктарынын
химиялык формулаларын унутпайт. Аралашмадагы кандайдыр бир затты унутуп
калбайт. Ден-соолугу чың адамдарда уйку бези өмүр бою туура иштей берет.
Эми бул окуяны микро деңгээлде
кайрадан карап, бул жердеги кереметтин масштабын жакшыраак көрөлү. Ашказанда
тамак сиңирүү уланып жатканда ашказан клеткалары бош турбайт. Ал клеткалардын
кээ бирлери ашказанда сиңирилген азыктын белгилүү убакыттан соң он эки эли
ичегиге бараарын түшүнөт. Ал клеткалардын бүт ой-тилектери – бул азыктардын
адам үчүн эң жакшы сиңирилиши. Ичиндеги жоопкерчилик сезими менен ишке киришкен
ашказан клеткалары уйку бези клеткаларына кат жазып (гормон чыгарып), ал
клеткаларды жардамга чакырууну чечишет. Андан соң жазган каттарын кан аркылуу
уйку безине жөнөтүшөт.
Канга койо берилген кат дененин
ичинде сапар тартат. Бул сапар учурунда уйку безине келгенде, уйку бези
клеткалары катты таанып, ошол замат ачышат. Бул жерде кызыктуу бир жагдай –кан
аркылуу дээрлик бүт денени кыдырса да- каттын башка органдардын клеткалары
тарабынан ачылбашы жана атайын окулбашы. Бүт клеткалар ал каттын уйку бези үчүн
жазылганын, аларга арналбаганын билишет. Себеби каттын бетинде уйку безинин
дареги бар. Каттын молекулярдык түзүлүшү уйку бези клеткаларынын
мембранасындагы сезгич молекулалар менен гана өз ара таасирлеше тургандай кылып
дизайнга салынган. Б.а. ашказан клеткасы пландуу жана атайын чыгарган
гормонунун бетине чындап эле бир дарек жазып койгондой. Болгондо да денедеги
миллиарддаган даректердин арасынан уйку бези клеткасынын дарегин туура жазган.
Ал дарек туура жазылышы үчүн ашказан клеткасы уйку бези клеткасынын бүт өзгөчөлүктөрүн
билиши керек.
Керемет даректин туура жазылышы
менен эле чектелбейт. Ашказан клеткасы жөнөткөн каттын ичинде кабар да бар.
Адам денесинин тереңинде бир-биринен өтө алыста жайгашкан эки кичинекей жандык
(клетка) кат жазышып, кабарлашышууда. Бир-бирин эч көрбөсө да, бир-биринин
кайсы тилди түшүнөөрүн билишет. Болгондо да, бул байланыш бир максатты көздөйт.
Эки клетка биримдик түзүп, жеген тамактарыңызды сиңирүү үчүн план түзүшүүдө.
Албетте, бул чыныгы бир керемет.
Ага жеткен катты (холецистокинин
гормонун) окуган уйку бези эч убакыт коротпой ал каттагы буйрукка моюн сунат.
Ошол замат азыктарды сиңирүү үчүн керектүү ферменттерди чыгарып баштайт. Эгер
он эки эли ичегиге жеткен азык белок болсо белок майдалоочу бир фермент
чыгарат. Эгер азык углеводго бай болсо бул жолу углевод майдалоочу бир фермент
чыгарып, ал ферментти он эки эли ичегиге жөнөтөт.
Эми алдыңызга бир кара тактай
коюлган жана ал кара тактайдын бетине катары менен бир белок молекуласынын, бир
май молекуласынын жана бир углевод молекуласынын формуласы жазылган жана ал
молекулалардын атомдук тизилишин көрсөткөн графиктер сызылган дейли. Анан сизге
бул үч түрдүү молекулярдык түзүлүштүн ар бирин майдалай турган эң ылайыктуу
молекулярдык түзүлүштөгү ферменттердин формулаларын ойлоп чыгыңыз жана ал
формулаларды тактайга жазыңыз деген талап коюлсун.
Эгер химия тармагында илим албаган
болсоңуз, сизге 1 миллион жыл мөөнөт берилсе да, ылайыктуу формуланы болжолдоп
таба албайсыз. Ал молекулаларды майдалай турган ферменттердин формулаларын
химияда адис бир киши гана жазышы мүмкүн. Ал киши да ылайыктуу формуланы өз
оюна таянып жазбайт. Алган билимине жана мурда ага үйрөтүлгөн маалыматтарга
карап гана ал формуланы жаза алат.
Демек, уйку бези клеткалары өздөрү
өндүргөн ферменттердин химиялык түзүлүштөрүн кантип билет деген суроо өтө маанилүү.
Ар бир уйку бези клеткасы төрөлгөндөн башка бул формулаларды билет. Ал
маалыматты билип эле койбой, билгендерин эң туура пайдаланып, адамга чарчабай
кызмат кылат. Уйку бези клеткалары химия темасында адамдардан алда канча
акылдуу жана ийгиликтүү. Себеби адам ал формулаларды чыгаруу үчүн билим алууга
мажбур болсо, кичинекей бир клетка бул формулаларды төрөлгөндөн эле жатка
билет.
Эч кандай кокустук клеткаларга
мындай бийик акылды, мынчалык өзгөчө маалыматты жана ушунчалык жогору бир
жоопкерчилик түшүнүгүн бере албайт. Эч бир кокустук клеткалар бир-бири менен
байланыш түзө турган, бир-биринен жардам сурай турган бир система кура албайт.
Эч бир кокустук бир эле уйку бези клеткасына бир химиялык формуланы да үйрөтө
албайт. Эч бир кокустук клеткага колундагы маалыматты туура убакта колдонуу
жөндөмүн бере албайт.
Бул системаларды жоктон жараткан
жана тынымсыз иштетип адамга кызмат кылдырган күч – Ааламдардын Рабби Аллах.
Уйку безинин денедеги маанилүү
кызматтарынын дагы бири – бул кандагы кантты жөнгө салышы. Аны жөнгө салган
секрециялар уйку безинин ичинде жайгашкан жана «Лангерганс аралчалары» (Islets
of Langerhans) деп аталган кичинекей жабык бездер тарабынан өндүрүлөт. Инсулин
жана глюкагон деп аталган ал гормондорго кандагы кантты жөнгө салуу милдети
жүктөлгөн.39
Бир тараптан кант чайыңызды ичип,
экинчи тараптан тортуңузду жеп жатканда эч качан оюңузга кандагы канттын
көлөмүн жөнгө салуу керек деген ой келбейт. Тынымсыз жөнгө салып туруунун
канчалык маанилүү экенин да ойлонгон эмес болушуңуз керек. Бирок сиздин
ден-соолугуңуздун ушул бөлүгүн кароо милдети жүктөлгөн уйку безиңизде керектүү
бүт маалыматтар бар жана ал каныңыздагы канттын көлөмүн өтө тактык менен
өлчөйт. Жана керек учурда жетиштүү көлөмдө гормон чыгарып, денеңиздин кант тең
салмактуулугун сактайт.
Кандагы канттын көлөмүнүн белгилүү
деңгээлде болушу адам жашоосу үчүн шарт. Бирок адам күнүмдүк жашоодо канттуу
тамактарды жеп жатканда ал кылдат тең салмактуулукту эсептей албайт. Себеби бүт
адамдар үчүн бул эсеп тынымсыз жасалып турат.
Кандагы канттын көлөмү
жогорулаганда, уйку бези мунун кабарын ошол замат алып, инсулин аттуу атайын
бир затты чыгарат. Ал зат боорго жана денедеги башка клеткаларга кандагы ашыкча
кантты кармагыла деп буйрук берет. Эгер кандагы канттын көлөмү азайса, уйку
бези муну да ошол замат билип, «глюкагон» аттуу башка бир гормон чыгарат.
Натыйжада боор мурда жыйнап койгон кант запастарын белгилүү процесстерден
өткөрүп, канга кайра берет.40 Кандагы канттын көлөмү –ооруган учурлардан
тышкары- ушул процесстер натыйжасында эч качан кооптуу деңгээлге жетпейт.
Күнүмдүк жашоодо сиздин уйку
безинен да, инсулинден да, боордон да кабарыңыз болбойт. Каныңыздагы канттын
көбөйгөнүн байкабайсыз, ал тургай, алдыңызга канттын көлөмү эки түрдүү болгон
эки шише кан коюлса, аларды айырмалай албайсыз. Бирок сиз эч качан көрүп,
билбеген кээ бир клеткаларыңыз каныңыздагы кантты лабораториядагы аспаптардан
бир топ тактык менен өлчөп, эмне кылуу керектигин заматта чечип, керектүү
чараларды көрүшөт.
Клеткаларыңыз мындай теңдешсиз акыл жана жөндөмгө кантип жетишкен?
Клеткаларыңызга өлчөтүп, чечим
алдыртып, аларды турмушка ашырта турган акыл менен жөндөмдү, албетте,
клеткаларыңыз өзү берген эмес. Денеңиздеги клеткаларга керектүү буйруктарды
берген, кандай иш-аракет кылышы керектигин аларга билдирген, кемчиликсиз бир
система менен аларды жараткан – бул кудуреттүү Аллах.
Бул жерге чейин уйку бези жөнүндө
сөз кылып жатканда, «билет, жасайт, унутпайт, ката кетирбейт, адаштырбайт»
деген сыяктуу сыпаттарды колдондук. Уйку безинин да клеткалардан тураарын
эстесек, акыл талап кылган мындай сыпаттардын уйку безинин өзүнө тиешелүү эмес
экенин да заматта түшүнөбүз. Андай болсо уйку безин түзгөн клеткаларга өмүр бою
өндүрүш жасоо, кызмат кылуу жоопкерчилигин ким берген? Ар кандай, комплекстүү молекулаларды
майдалай турган ферменттердин химиялык формулаларын уйку бези клеткаларына ким
үйрөткөн? Өндүрүлгөн суюктуктардын туура жерге койо берилишине шарт түзгөн
түтүк системасын ким төшөгөн? Туура суюктуктун туура убакытта чыгарылышын
камсыз кылган сигнал жана байланыш системасын ким курган?
Бул суроолор же ушул сыяктуу
жүздөгөн суроо бизди апачык бир чындыкка алып барат. Бүт буларды Аллах
жараткан. Аллах кичинекей жерлерге орноткон ушул сыяктуу кереметтүү нерселер
аркылуу бизге Өзүн таанытат. Аллах өтө улуу кудуреттүү. Аллахтын жаратууда эч
бир шериги жок. Бул адамдын жашоосундагы эң маанилүү чындык.
Айткын: «Асмандар менен жердин Раббиси ким?» Айткын: «Аллах.» Айткын:
«Андай болсо, Аны таштап өздөрүнө да пайда да, зыян да бере албаган бир катар
досторду (кудайларды) тутунуп алдыңарбы?» Айткын: «Эч көрбөгөн (сокур) менен
көргөн (парасаттуу адам) тең боло алабы? Же караңгылыктар менен нур тең боло
алабы?» Же Аллахка Ал жараткан сыяктуу жаратуучу ортоктор табышып, бул жаратуу
өз ойлорунда бир-бирине окшоштубу? Айткын: «Аллах бүт нерсенин жаратуучусу жана
Ал жалгыз, каардуу (Каххар).» (Рад Сүрөсү, 16)
Уйку безинин
секрециялары өзүнө
кантип зыян
тийгизбейт?
Көптөгөн майдалоочу фермент чыгарылган
уйку безинин өзүн-өзү сиңирбеши өтө таң калыштуу. Негизинен белоктон турган
уйку бези өзү чыгарган белок майдалагыч ферменттердин эч биринен жабыркабайт.
Мындай коргонуу системасы өтө таң калыштуу жана укмуштуу ишке ашат.
Уйку бези чыгарган белок майдалагыч
ферменттер алгач активдүү эмес абалда чыгарылышат. Ал ферменттер андай абалда
белокторду жана натыйжада уйку безинин өзүн майдалай албайт.
Бирок он эки эли ичегиге жөнөтүлгөн
ферменттер денеде ошол аймакта гана кездешкен өтө өзгөчө бир зат менен биригип,
ошол кезде өзгөрүп башташат. Ичке ичегиде чыгарылган «энтерокиназ» аттуу зат
менен бириккен ферменттер заматта активдүү болуп калат. Б.а. белокторду
майдалай ала турган касиетке жетишет.41 Бирок бул жерде уйку безинде чыгарылган бир
заттын ичегиде чыгарылган башка бир затка толук шайкеш келип, биригишине
токтолуу керек.
Бул эки молекула мурда эч жолуккан
эмес. Эки башка жерде чыгарылышат. Анткен менен, бул эки башка молекула
бири-бирин толуктап, натыйжада белгилүү бир максатка кызмат кылышат. Бул,
албетте, кокустуктар менен түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон кереметтүү бир окуя.
Болгондо да, уйку безинин өзүн-өзү
сиңирип жиберишине бөгөт болгон кереметтүү системалар муну менен эле
чектелбейт. Уйку безинен белок майдалоочу дагы бир фермент «трипсин» чыгарылат.
Бирок аны менен бирге трипсин уйку безин майдалабашы үчүн ал затты
нейтралдаштыра турган «трипсин ингибитор» аттуу атайын бир зат да чыгарылат. Чогуу
чыгарылганда эч кандай таасири болбогон бул эки фермент он эки эли ичегиге
келгенде бөлүнүп кетишет. Бул бөлүнүү трипсинди кандайдыр бир мааниде
эркиндикке чыгарат жана трипсин ичегилерге келген азыктардагы белокторду
майдалап баштайт.42 Эгер бул эки зат эртерээк бөлүнүп
кеткенде, трипсин уйку безинин өзүн майдалап салмак. Эгер эч бөлүнбөй койсо,
анда азыктардагы белоктор майдаланбай калмак. Бирок бул мисалдан да көрүнүп
тургандай, денебиздеги процесстердин баары талап кылынган убакта, талап
кылынган жерде ишке ашат. Уйку бези дал керектүү учурда керектүү заттарды
чыгаруу керектигин билет, ферменттер бир-биринен бөлүнгөндө ишке киришишет.
Уйку безин түзгөн клеткалардын, ферменттерди түзгөн молекулалардын мынчалык
кемчиликсиз бир системаны өз башынча жасай албашы, мындай укмуштуу бир тартипти
адам денесинде кура албашы анык.
Эч катасыз, кезектешүүдө эч
башаламандык чыгарбай иштеген, болгондо да бүт адамдарда эч кемчиликсиз пайда
болгон жана баарында кемчиликсиз иштеген мындай бир системанын өтө жогорку бир
акыл жана план менен жаралганы ар бир акылдуу адам оңой эле түшүнө ала турган
бир акыйкат. Бул системанын эволюционисттер айткандай сокур кокустуктар менен
келип чыгышы эч мүмкүн эмес. Бул система Аллахтын жаратуу далилдеринин бири.
Аллах акылын колдоно алган жана көрө алгандар үчүн ушул сыяктуу мисалдарда
аяттарын көрсөтүүдө.
Күндү бир жарык кылуучу, айды бир нур кылган жана жылдардын санын жана
эсепти билишиңер үчүн ага орундарды аныктап койгон – Ал (Аллах). Аллах буларды
акыйкат менен гана жаратты. Ал билүүчү бир коом үчүн аяттарды ушундай
бир-бирден баяндап берүүдө. Чындыгында түн менен күндүздүн кезек менен
келишинде жана Аллах асмандарда жана жерде жараткан нерселерде коркуп-тартынган
бир коом үчүн албетте аяттар бар. (Йунус Сүрөсү, 5-6)
Булактар:
36- Solomon, Berg, Martin, Villee, Biology, , s.962
37- Arthur Guyton-John Hall, Text Book of Medical Physiology Guyton & Hall, W.B. Saunders Company, 1996, s.885
38- Solomon, Berg, Martin, Villee, Biology, s.967
39- Prof. Dr. Ahmet Noyan, Yaşamda ve Hekimlikte Fizyoloji, s.881-882
40- Arthur Guyton-John Hall, Text Book of Medical Physiology Guyton & Hall, s.978
41- Prof. Dr. Ahmet Noyan, Yaşamda ve Hekimlikte Fizyoloji, s.879
42- Biological Science A Molecular Approach, Sixth Edition, D.C. Heath and Company, Toronto, s.412














Комментариев нет:
Отправить комментарий