Жүз триллион клеткаңыздын ар бири бир-биринен кабардардай өтө гармонияда болушат.
Сиз буларды окуп жатканда жүрөгүңүздүн бир мүнөттө канча жолу соккону,
сөөктөрүңүздө жыйналган кальцийдин деңгээли, каныңыздагы канттын көлөмү,
бөйрөктөрүңүз бир мүнөттө сүзгөн кандын көлөмү жана ушул сыяктуу миңдеген
жагдайда бул гармонияны көрүүгө болот.
Бүт бул системаларды эске алганда,
адам денесин 100 триллион музыканттан турган чоң бир оркестрге окшотууга болот.
Бул оркестр 24 саат теңдешсиз музыкаларды ойнойт. Музыка кээде ылдамдап, кээде
жайлайт. Кээде ритмдүү, кээде жай бир мелодияны ойношот. Бирок оркестрдеги
музыканттар араларындагы кемчиликсиз гармонияны эч качан жоготпойт. Бул
теңдешсиз симфонияны ким башкарат? Миллиондогон музыкант кантип бир учурда
орток ноталарды ар кайсы музыкалык аспап менен ойной алат?
Адам денесиндеги 100 триллион клетканы
бир-бирине гормондор байланыштырат. Гормондор – бул клеткалар арасында кабар
ташуу кызматын аткарган белоктор. Дененин чоңоюшу, көбөйүүнүн жөнгө салынышы,
денедеги ички тең салмактуулук, нерв системасындагы координация жана дагы
көптөгөн процесстер гормондордун тиешелүү жерлерге жеткирген кабарлары
натыйжасында ишке ашат.
Эч ким денедеги бул кереметтүү
координацияга кийлигише албайт. Мисал катары жеген тамактарыңыздын сиңирилиши
учурунда чыгарылып баштаган секретин гормонун карайлы. Балким мындай гормондун
бар экенинен кабарыңыз да жок убакта сиз үчүн бул гормон чыгарылып баштайт жана
натыйжада ичегилериңиздин кислотадан жабыркашына бөгөт коюлат. Буга тоскоол
болушуңуз же аны өзгөртүп башка бир ыкма менен өзүңүздү коргошуңуз мүмкүн эмес.
Бул денедеги башка бүт органдарга, ферменттерге жана системаларга да тиешелүү.
Адамдын өз денесинде болуп
жаткандардан кабары да жок кезде, денесинде бүт тарабынан кемчиликсиз бир
система курулган. Денеңиздеги заттар сиз үчүн буйруктарды берип, денеңиздин тең
салмактуулугун камсыз кылып, сизди суу ичүүгө же тамак жегенге, бат кыймылдоого
багыттап жатканда, сиз буларды байкабайсыз дагы. Өмүрүңүздү улантышыңыз
денеңиздеги гормондор аркылуу башкарылган буйрук берүү системасынан
көз-каранды.
Бул система кантип пайда болгон? Ал
кантип көзөмөлдөнөт? Гормондор каерде, качан ишке киришүү керек экенин кантип
билишет?
Гормоналдык системанын бир учурда,
толугу менен пайда болушу, төмөндө берилген мисалдардан да көрүнүп тургандай,
шарт. Мунун тескерисин ойлоо мүмкүн эмес. Б.а. гормондор өз касиеттерине
убакыттын өтүшү менен, акырындап жетишкен эмес. Адам денесиндеги бүт башка
системалар сыяктуу, гормоналдык система да бир учурда пайда болгон, б.а.
жаратылган. Аллахтын бар экендигин, кудуретинин чексиздигин көрсөткөн
далилдердин бири болгон бул системанын майда-бараттары адамды дагы бир жолу
Аллахтын жараткандары жөнүндө ойлонууга түртөт. Аллах аяттарында жараткан
нерселери жөнүндө ойлонууга жана Ага бурулууга буйруган. Аллах Куранда мындай
дейт:
Силер үчүн асмандан сууну Ал түшүрөт; андан ичесиңер, айбандарыңарды
оттоткон чөп-дарактар ошонон (өсөт). Аны менен силер үчүн эгин, зайтун, курма
бактары, жүзүмдөр жана мөмөлөрдүн ар кандай түрүнөн өстүрөт. Күмөнсүз, мында
ойлоно алган бир коом үчүн аяттар бар. Түндү, күндүздү, күндү жана айды
силердин буйругуңарга берди; жылдыздар да Анын буйругу менен буйрукка даяр
кылынган. Күмөнсүз, мында акылын колдоно алган бир коом үчүн аяттар бар. Жерде
силер үчүн өндүрүп-көбөйткөн ар кандай түстөгүлөрдү да (пайдаланууңарга берди).
Күмөнсүз мында насаат алып, ойлонгон бир коом үчүн аяттар бар. Деңизди да
силердин буйругуңарга берген – Ал, андан (деңизден) жаңы эт жеп жатасыңар жана
кийимиңерге андан жасалга-буюмдарды чыгаруудасыңар. Кемелердин анда (сууларды)
жарып агып кетип баратканын көрүүдөсүң. (Бардык бул нерселер) Анын мээримин
көрүшүңөр жана шүгүр кылышыңар үчүн. Силерди титиретпесин деп жерде титиребес
тоолор орнотту, дарыялар жана жолдор да (жасады). Туура жолду табаарсыңар деген
үмүттө. Жана (башка) белгилер да (жаратты); алар жылдыз(дар) менен да туура
жолду таба алышат. Жаратуучу – эч жаратпаган сыяктуубу? Эми сабак алып-ойлонбойсуңарбы?
(Нахл Сүрөсү, 10-17)
ДЕНЕДЕГИ КОНТРОЛЬ СИСТЕМАСЫ
Учактарда, космос унааларында, ал
тургай, кээ бир заманбап автомобильдерде унаанын ошол учурдагы абалы менен
кубаттуулугун көзөмөлдөөчү контроль компьютерлери бар. Бирок адамдар 20-кылымда
иштеп чыккан бул системалардан миңдеген жыл мурда мындай көзөмөлдөөчү
системалардын эң кемчиликсизи жер жүзүндө бар эле. Болгондо да адамдын өз
денесинин ичинде...
Бир кабельдик тармак аркылуу
жайылган нерв системасы жана химиялык сигналдарды анализдеген гормоналдык
система адам денесиндеги контроль жана көзөмөл механизмин түзөт. Бул системалар
адамдын кыялы да жетпеген жогорку бир технологияга ээ.
Эки система тең негизинен кадимки
жооп кайтаруу принциптери менен иштейт. Контроль борборунан жөнөтүлгөн бир
кабар тиешелүү органдын иш-аракетинин күчөтүлүшүнө же жайлашына себеп болот.
Тынымсыз маалымат алынып, анализдер жасалат жана ошол анализдердин негизинде
жаңы буйруктар жөнөтүлөт. Ар секунда сайын миллиондогон маалымат каралат.
Нерв системасы маалымат агымын бүт
денени каптаган кабельдик тармак –нервдер- аркылуу камсыз кылат. Көп жерде нерв
системасы менен гормон системасы чогуу иштейт. Мисалы, адреналин гормону
чыгарылышы үчүн нерв системасынан сигнал келиши керек.
Гормоналдык системада байланыш
тармагы кан айлануу аркылуу курулат. Гормоналдык бир без кабар ташыгыч
молекулаларды түздөн-түз канга койо берет. Кан аркылуу бүт денеге тараган
кабарлар максатталган органга жеткенде, ал органды кыймылга келтирет. Бул
гормоналдык система кан айлануу системасысыз иштей албайт деген мааниге келет.
Гормоналдык система менен нерв системасы арасындагы байланышты да эстесек,
гормон-нерв-кан айлануу системаларынын бир учурда пайда болушу керек экенин
көрөбүз.
Гормоналдык система (эндокриндик
система) менен нерв системасы чогуулай дененин туруктуу абалын сактоо үчүн
иштешет. Гормоналдык система көбөйүүдө, тамактануу заттарынын клеткалар
тарабынан колдонулушунда, туз жана суюктук тең салмактуулугун жөнгө салууда
роль ойнойт. Кыртыштардан жана бездерден турган бул системанын денедеги башка
органдар менен, ал тургай, бүт клеткалар менен болгон шайкештиги (гармониясы)
өтө укмуш. Гормоналдык системаны түзгөн бездердин каналдары жок. Бездер айланаларындагы
кыртыштарга гормондорду койо берет жана гормондор капиллярлар тарабынан сорулуп,
кан аркылуу ташылат. Гормондорду максатталган кыртыштардын абалы кыймылга
келтирет. Көбүнчө гормондор ошол кыртышка гана тиешелүү болушу мүмкүн. Мисалы,
эркектик гормону тестостерон чыгарылганда, беттеги кылдардын чыгышына себеп
болот, бирок баш терисиндеги чачтарга эч таасир тийгизбейт. Бүт денеге таасир
тийгизүүчү гормондор да бар. Мисалы, калкансымак без (тиреоид) гормону денедеги
бүт клеткаларды стимулдайт.
Ачкычтар жана кулпулар
Гормондорго жалпысынан адам
денесинин ички чөйрөсүн жөнгө салууга программаланган жана коддолгон бир сигнал
тобу деп аныктама берилет. Ал сигналдардын ар бири ар кайсы орган менен
кыртыштардагы клеткаларды стимулдайт. Бир гормон көздөгөн клеткасына жеткенге
чейин көптөгөн кыртыштардан өтөт, бирок алар байкашпайт. Анда максатталган
клетка өз гормонун кантип тааныйт?
Максатталган клеткалардын бетинде
бир антенна (сенсор) болот. Гормон ошол антенна менен толук биригет. Антенна
менен гормон бир-бирине ушунчалык шайкеш жаратылгандыктан, жөнөтүлгөн гормон эч
качан туура эмес антеннага туташпайт.
Бул жагынан ар бир гормон бир
ачкычка, ал гормон таасир берген сенсор болсо ошол ачкыч менен гана ачыла
турган өзгөчө бир кулпуга окшошот. Гормон менен максатталган клетканын үч
өлчөмдүү шайкештиги (дал келүүсү) ачкыч менен кулпунун үч өлчөмдүү
шайкештигинен алда канча комплекстүү жана жогору. Бир гормон гана кулпуга туура
келет жана ал клетканын жалпы түзүлүшүнө таасир берет. Мына ушул шайкештик
натыйжасында эч качан туура эмес орган же кыртыш кыймылга келтирилбейт.51
Гормон молекуласынын клетканын
бетиндеги антеннага жабышышы натыйжасында клетканын ичинде бир катар чынжыр
реакция жүрөт. Ал реакциялар натыйжасында клетка ага буйрулган кызматты аткарат.
Окуя мындайча жүрөт;
Мисалы, жөнөтүлгөн буйрук клеткага
белгилүү бир белокту өндүрүүнү буйруса, клетканын ичиндеги ар кайсы ферменттер
ишке киришет. Ал ферменттер клетканын маалымат банкы ДНКга барып өндүрүү керек
болгон белокко тиешелүү маалыматты таап, копиялайт. Ошентип керектүү белоктун
өндүрүшү башталат.
Системанын мүчөлөрү бир чынжырдын
шакектериндей иштейт. Ал шакектердин кандайдыр бирөөсүнүн өз жумушун жасабашы
чынжырдын үзүлүшүнө, б.а. бүт системанын бузулушуна себеп болот. Мындай
кемчиликтин жыйынтыгы дене үчүн өтө оор болот; ал тургай кээде өлүмгө алып барат.
Гормоналдык системанын башчысы
Салмагы 0,5 грамм, көлөмү бир
буурчактай (нокоттой) болгон бир тиштем эт менен ал этти түзгөн клеткалар
денеңизди сиз үчүн башкарып, көзөмөлдөйт. Гормон системасынын башкаруу борбору
болгон «гипофиз бези» аттуу бул кичинекей орган жер жүзүнүн эң кемчиликсиз
оркестринин дирижеру. Бул кичинекей дирижер (башчы) буйруктарын гормон деп
аталган молекулалар жардамы менен башка клеткаларга билдирет.
Гипофиз бези гормон системасынын
башчысы жана жөнгө салуучусу. Мээнин гипоталамус аттуу аймагынын контролу
астында иштейт. Бул бир тиштем эт гипоталамустан келген маалыматтар негизинде
сиздин кайсы шарттарда эмнеге муктаж экениңизди, ал муктаждыкты камсыздоо үчүн
кайсы органдын кайсы клеткалары иштеши керек экенин, ал клеткалардын химиялык
механизмдерин, физикалык түзүлүштөрүн, өндүрүү керек болгон продукттарды жана
өндүрүштү токтотуу убактысын билет. Билип эле тим болбой, өзгөчө бир байланыш
системасы аркылуу бул муктаждыктарды камсыз кылуу үчүн керектүү жерлерге бүт
буйруктарды берет.
Мисалы, адам денеси өспүрүмдүк
периодунун аягына чейин өсөт. Бул период бою триллиондогон клеткалар бөлүнүп
көбөйүп, кыртыш менен органдарды чоңойтушат. Белгилүү бир көлөмгө жеткенде
кыртыштарда чоңоюу иш-аракети токтойт. Канчалык чоңоюшуңуз керек экенин билген
жана ошол көлөмгө жеткенде чоңоюуну токтоткон – мына ушул гипофиз бези деп
аталган кичинекей «башчы».
Гипофиз бези тарабынан чыгарылган
чоңоюу гормону клеткаларга канчалык бөлүнүү керек экенин билдирет. Бул гормон
чыгарылбай калганда чоңоюу да токтойт.
Чоңоюу гормону денеде кайсы
аймактардын кеңейиши керек экенин билген сымал. Дене да гормонду ошол замат
таанып андан талап кылынган ишти жасайт. Чоңоюу гормону сөөккө жеткенде сөөк
ошол замат жооноюп баштайт. Бирок чоңоюу гормону аял менен эркекте ар кайсы
жерге ар кандай күчтө таасир берет. Мисалы, чоңоюу гормону эркектин далы
клеткаларына барат жана ошол аймакты чоңойтуу керек экенин билет. Бирок аялда
мындай кылбайт.
Жаш бир наристенин тыбыш байламталары
(үн түйүндөрү) да чоңоюу гормону аркылуу өрчүйт. Бул гормон үндүн кандай
чыгарылаарын билет жана аялдардын тыбыш байламталарын ичке үн чыгара тургандай,
эркектердикин болсо жоон үн чыгара тургандай кылып чоңойтот.
Клеткалардын чоңоюу гормонуна баш
ийүүчүлүгү да өтө укмуш. Бүт орган жана кыртыштар ушул себептен гармониялуу
чоңоюшат. Мисалы, мурунду каптап турган теринин чоңоюшу токтогон кезде мурундун
астындагы сөөк кыртышынын өсүшү да токтойт. Сөөк эч качан чоңоюуну улантып,
терини жыртып сыртка чыкпайт. Бүт дене органдары бир-бирине шайкеш чоңойот.
Башчынын башка кызматтары
Гипофиз бези денеңиздеги углевод
жана май метаболизмин да жөнгө салат. Керек болгондо клеткаларыңыздагы белок
синтезин күчөтөт. Кан басымыңыз төмөндөгөндө гипофиз чыгарган молекулалар
тамырлардын айланасындагы булчуңдардын кысылышына шарт түзөт. Миллиондогон
булчуңдун кысылышы жана тамырлардын кичирейиши кан басымын жогорулатат.
Бул кичинекей башчы андан өтө
алыста жайгашкан бөйрөктөрдүн да ишин жөнгө салат. Денеңизге суу керек болгон
учурларды да билген гипофиз бези мындай жагдайлар үчүн өзүнчө бир гормон
чыгарат (вазопрессин).52
Эне сүтү жаңы төрөлгөн бир наристе
үчүн өтө маанилүү. Гипофиз бези наристенин бул муктаждыгын да билет. Төрөткө аз
убакыт калганда гипофиз бези жөнөткөн буйруктун негизинде (пролактин гормону)
эненин сүт бездери ишке кирип, сүт чыгарылып баштайт. Төрөт жакындаганда
гипофиз бези берген башка бир буйрукка ылайык (окситоцин гормону) жатын булчуңу
кыймылга келип, төрөткө көмөкчү болот.53
Теринин күндүн астында карарышы –
негизи клеткалардын адамды күндүн зыяндуу таасирлеринен коргоо үчүн көргөн бир
чарасы. Клеткаларга мындай коргоо буйругун берген (MSH гормонун жөнөткөн) да кайра эле гипофиз бези.
Мээде гипофиз бези жайгашкан
аймакта ар кандай химиялык түзүлүштөгү 20дан ашык гормон аныкталган. Ал
гормондордун көпчүлүгү башка гормондордун чыгарылышына шарт түзүүчү,
стимулдоочу касиеттеги гормондор. Гормоналдык системадагы бул кереметтүү
шайкештик кантип пайда болгон? Гормондор арасындагы байланыш кантип түзүлгөн?
Бир гормон башкасынын кабарын кантип түшүнүп, кантип туура жооп берет?
Бир-биринен химиялык түзүлүшү
жагынан өтө айырмаланган, бирок ошол эле учурда кереметтүү бир координацияда
иштеген бул 20 гормондун кантип пайда болгону эч бир «эволюциялык механизм»
менен түшүндүрүлө албайт. Кокустуктар натыйжасында гормондорго бул касиеттер
берилип, адам денесине жайгаштырыла албайт. Эч бир кокустуктун гормондорду
түзгөн заттарды өндүрө турган, гормондордогу кабарлардын мазмунун аныктай
турган, ал кабарлардын каерге бараарын биле турган бир системаны гормондорго
орнотушу мүмкүн эмес.
Гипофиз бези гормондор массалык
түрдө чыгарылган аймактардын бирөөсү гана. Мындан тышкары, бөйрөк-үстү бези,
уйку бези, жыныстык бездер, калкансымак (тиреоид) бездер сыяктуу жерлерде өмүрдүн
уланышы үчүн өтө маанилүү гормондор чыгарылат. Бул бездердин кандайдыр бирөөсү
бузулган же начар иштеген болсо өмүр сүрүү мүмкүн болбой калат. Гормоналдык
системанын мындай комплекстүүлүгү бир Жаратуучунун бар экенин апачык
далилдөөдө.
Гормоналдык системаны бүт
майда-бараттары менен чогуу баарынан кабардар Аллах жараткан.
Гормоналдык системанын башкаруучусу
Гипофиз бези өз кызматтарын аткарып
эле тим болбойт. Укмуш бир жоопкерчилик сезими менен башка гормоналдык
бездердин ишин да жөнгө салып, көзөмөлдөйт.
Бул өтө маанилүү жагдай. Себеби бул
көлөмү буурчактай болгон бир тиштем эттин укмуш акылмандык менен иш-аракет
жүргүзөөрүн көрсөтөт. Гипофиз безинин эмнелерди кыла алаарын караганыбызда, бул
чындыкты жакшыраак түшүнөбүз.
Гипофиз бези калкансымак, бөйрөк-үстү
жана жыныстык бездердин ишин жөнгө салат. Гипофиз бези мээнин асты жагында,
калкансымак без кекиртектин астында, жыныстык бездер аялдарда энелик безде,
эркектерде жумурткаларда (урук безде), бөйрөк-үстү бези болсо бөйрөктөрдүн
үстүндө жайгашкан. Гипофиз бези калкансымак бездин өрчүшүн жана ишин жөнгө
салуу үчүн TSH гормонун, жыныстык бездердин ишин жөнгө салуу үчүн FSH жана LH гормонун, бөйрөк-үстү бездердин ишин жөнгө салуу үчүн ACTH гормонун, сүт бездердин өрчүшү жана чыгарылышы үчүн LTH гормонун чыгарат.54
Гипофиз безинин бул органдардын
бирөөсүнө эле таасирин карайлы. Гипофиздин керек учурларда бөйрөк-үстү бездерди
кыймылга келтирүү үчүн ACTH гормонун чыгараарын айтып өттүк.
Гипофизден жолго чыккан ACTH гормону канга
кошулуп, кан аркылуу бөйрөк-үстү бездерге жетет. Кабарды окуган бөйрөк-үстү
бездер ошол замат керектүү гормонду өндүрүп денеде бир катар химиялык процессти
баштатат.
Гипофиз бези булардын баарын жасоо
үчүн эмнелерди «билиши» керек, бир ойлоп көрөлү. Гипофиз бези;
«Бөйрөк-үстү бездин кызматын»,
«Ал кызматты кантип орундатаарын»,
«Бөйрөк-үстү без ишке киришиши үчүн
керектүү белгини» билиши зарыл.
Дагы бир маанилүү жагдай – бул
молекулалар басып өткөн жолдун алыстыгы. Гормон молекулаларынын көзгө көрүнбөй
турганчалык кичинекей экенин эске алсак, бул молекулалардын мээден бөйрөккө
болгон сапарынын адам үчүн миңдеген километрге созулган бир сапар экенин кабыл
алуу керек.
Андай болсо бул жерде көптөгөн
суроолор туулат: кандайча болуп гипофиз бези андан миңдеген километр алыстагы
башка бир гормоналдык бездин кызматтарын билип, бөйрөк-үстү безди кыймылга
келтире турган туура химиялык жана физикалык формулаларды чыгара алат? Гипофиз
бези бөйрөк-үстү бездин ишин жөнгө салуу сыяктуу бир жоопкерчиликти эмне үчүн
өз мойнуна алган? Химиялык заттарга байланыш түзүү жөндөмүн берген бул акыл
кантип пайда болгон? Көрбөгөн, укпаган, ойлоно албаган, молекулалардан гана
турган заттар мындай акылга кантип жетишкен?
Адам – аң-сезимдүү, ал аң-сезимин
колдонуп, өстүрүп, жаңы ыкмаларды таба ала турган бир жандык. Башка жандыктарга
караганда бүт мындай жогорку өзгөчөлүктөрүнө, мээ, үйрөнүү жөндөмү, изилдөө,
жыйынтык чыгаруу сыяктуу жөндөмдөрүнө карабастан –эгер бул темада атайын илим
албаса- өз денесиндеги гормондордун каерлерден чыгарылаарын билип, аларды
өндүрө албайт. Гормондордун ишине кийлигишип, чыгарылган жерлерин өзгөртүп,
жаңыларды кошушу да мүмкүн эмес.
Гормон чыгарган бездер болсо – бир
клетка жыйындылары гана. Ал клеткалар жансыз жана аң-сезими жок атомдордун
жыйындысынан турат. Адамдын колунан келбеген иштерди бул аң-сезими жок атомдор
жыйындысы кантип жасай алат? Дененин караңгы тереңинде, бир-бирине эч
жолукпаган органдар кантип мындай акылмандык жана аң-сезим көрсөтүшөт?
Бул жерде апачык бир чындыкты
көрөбүз. Гормондор жана аларды чыгарган бездер өтө улуу бир күч тарабынан
ушундай өзгөчөлүктөрү менен жаратылган жана адам денесине атайын
жайгаштырылган. Үзгүлтүксүз болушу үчүн өзгөчө бир система курулуп, ал система
бүт адамдарда боло тургандай кылып жаратылган жана ДНКларга бул маалыматтар
коддолгон.
Бул процесстердин баары теңдешсиз
бир акылды талап кылат. Бул жогорку акыл бүт ааламды жараткан Улуу Аллахка
тиешелүү. Аллах бүт ааламдардын Рабби жана эч бир шериги жок.
Айткын: «Ал бүт нерсенин Рабби болсо, мен Аллахтан башка бир Рабби
издейинби? Эч бир напси өзүнөн башканын зыянына (күнөө) топтобойт. Күнөөкөр
болгон башка бирөөнүн күнөө жүгүн көтөрбөйт. Аягында Раббиңерге кайтып
барасыңар. Ал силерге талашкан нерселериңерди кабар берет.» (Энъам Сүрөсү, 164)
ГОРМОНАЛДЫК БАЙЛАНЫШТЫН
БАШКА БОРБОРЛОРУ
Калкансымак (тиреоид) бездер
Гормоналдык системанын таратуу
борборлорунун бири – бул калкансымак жана паратиреоид бездер. Калкансымак без
ден-соолукта өмүр сүрүшүңүз үчүн дененин зат алмашуусун жөнгө салат. Муну
өзгөчө бир гормон (тироксин) чыгаруу аркылуу кылат. Тироксин гормону денедеги
бүт клеткаларга таасир тийгизүүчү бир гормон жана клеткалар колдоно турган
кычкылтектин санын аныктайт. Мисалы, бир клеткада митохондрия турган жерге
тироксин гормону берилгенде, кычкылтекти колдонуу жана энергия өндүрүү жогорулайт.
Кандагы тироксин жетишсиз болгондо болсо, зат алмашуу жайлап, кыртыш
суюктугунда суу менен натрий көбөйөт. Канда холестерол көбөйөт.55
Калкансымак безде тироксин
гормонунун өндүрүлүп, чыгарылышы да комплекстүү система аркылуу иштейт.
Тироксин гормонунун чыгарылышы гипофиз безинин алдыңкы тарабынан чыгарылган «тиротропин»
аттуу башка бир гормон тарабынан жөнгө салынат.
Тироид безинен чыгарылган дагы бир
гормон болсо – кальцитонин. Кальцитонин гормону паратиреоид безинен чыгарылган
паратгормон (PTH) менен бирге дененин кальций-фосфат көлөмүн жөнгө салууда маанилүү роль
ойнойт. Кальций көлөмүнүн жөнгө салынышы болсо адам үчүн өтө маанилүү; бул зат
сөөктүн түзүлүшү, булчуң жана нерв системасынын иштеши, кандын уюшу, клетка
мембранасынан ташуунун ишке ашырылышы сыяктуу өтө маанилүү иштерде колдонулат.
Ошондуктан канда белгилүү деңгээлде кальций сөзсүз болушу керек. Ушул себептен
сөөктөр кальций сактап койчу бир кампа кызматын аткарат. Эки гормон тең ошол
кампага кальцийди киргизүүнү же кайра чыгарууну камсыз кылат.56
Калкансымак бездин үстүндө
жайгашкан паратиреоид бези чыгарган паратгормон кандагы сөөктөрдө сактап
коюлган кальцийдин канга кайра берилишинде роль ойнойт. Бул гормондун
чыгарылышы, гипофиз бези менен нерв системасынын түздөн-түз таасирисиз, кандагы
кальцийдин көлөмүнө жараша автоматтык түрдө жөнгө салынат. Бул гормон канда
кальцийдин көлөмү азайганда аны ошол замат аныктап, түздөн-түз сөөк
клеткаларына таасир тийгизип, сөөктөн канга кальцийдин өтүшүн ылдамдатат.
Кандагы кальцийдин көлөмү белгилүү бир деңгээлден өткөндө болсо калкансымак
безден кальцитонин гормону чыгарылат. Кальцитонин кандагы ашыкча кальцийдин
сөөктөргө өтүп ал жерде сактап коюлушуна шарт түзөт.57
Адам денеси үчүн өтө маанилүү
функцияларды аткарган бул гормондун кем же ашыкча болушу кандай көйгөйлөрдү
жаратат?
Паратгормон аз болгондо, кандагы
кальцийдин саны азайып, натыйжада булчуңдарда, өзгөчө кол жана бет
булчуңдарында жыйрылуулар, б.а. тетания келип чыгат. Эгер бул кекиртектеги
булчуңдарда болсо, дем алууга жолтоо болуп, өлүмгө алып барышы мүмкүн. Гормон
ашыкча болгондо болсо, сөөктөрдөгү кальций кампалары бошотулуп, канга берилет.
Бул сөөктөрдүн оңой эле ийилип, сынышына себеп болот. Бөйрөктөр кандагы ашыкча
кальцийди чыгарып салууга аракет кылат, бирок кальций кристаллдары бөйрөк
таштарына да себеп болушу ыктымал.58
Бул мисалдардан көрүнүп тургандай,
адам ден-соолукта өмүр сүрүшү үчүн гормон системасы толук иштеши зарыл. Бир эле
калкансымак бездин иштешиндеги кичине эле кемчилик көптөгөн ооруларга себеп
болууда. Андай болсо мынчалык кемчиликсиз системаны куруп, иштеткен ким? Бул
жерге чейин көп жолу кандагы азайган заттарды байкап, жетишсиз көлөмдү тактап
керектүү заттарды чыгарган, ал заттардын мазмунунун кандай болушу керек экенин
өтө жакшы билген жана керектүү сандагы затты керектүү мөөнөт бою чыгарган,
дененин башка органдарына да таасир тийгизген бир «эрктен» сөз кылдык. Ойлонуу
керек болгон жагдай мындай: ушунчалык жогорку бир эркти көрсөткөн нерсе
калкансымак бездин өзүбү? Албетте, мындай нерсе мүмкүн эмес. Калкансымак без
деген нерсе – бул клеткалар жыйындысы; ал жыйындынын ичинен бир аң-сезимдүү
нерсени издөөгө болбойт. Бул эркти гормондорго тиешелүү дегенге да болбойт. Гормон
деген нерсе – молекулалардан турган бир зат. Анда бул эркти кайдан издейбиз?
Мына ушул жерде бир гана жыйынтыкка
барабыз: булар жаратылган. Дененин ичиндеги бүт бездердин, гормоналдык
системаны түзгөн бүт мүчөлөрдүн, алар чыгарган гормондордун, ал гормондордун
ичиндеги молекулалардын жана аларды түзгөн атомдордун баары Аллахтын теңдешсиз
жараткан нерселери.
Бөйрөк-үстү бездердин мааниси
Гормоналдык системанын өндүрүш
мүчөлөрүнүн бири – бул бөйрөк-үстү бездер. Бөйрөк-үстү бездерде өндүрүлгөн
маанилүү гормондордун бири – адреналин. Адреналин гормонунун өтө кызыктуу бир
кызматы бар. Бул гормон өзгөчө кырдаалга туш болгон бир адам денесинде ар
кандай өзгөрүүлөргө себеп болот. Ал өзгөрүүлөр аркылуу адам денесинде кокустан
болгон окуяларга бир даярдык көрүлөт. Буга төмөнкүдөй мисал берүүгө болот:
Бир коркунучка туш болгон (мисалы,
бир айбан кол салган) бир адамды элестетели. Анан ал адамдын денесинин кадимки
шарттарга караганда башка муктаждыктары туулат. Бат чуркашы, булчуңдары
ылдамыраак иштеши, кан басымы жогорулашы, жүрөгү ылдамыраак согушу зарыл.
Натыйжада батыраак чуркай алат, батыраак кача алат же коркунуч менен күчтүрөөк
күрөшө алат. Булардын баары кантип ишке ашат?
Коркунуч туулганда денеде коңгуроо
кагылат. Мээ бөйрөк-үстү бездерге чагылгандай бир буйрук жөнөтөт. Бөйрөк-үстү
бездеги клеткалар чуу көтөрүп, тезинен адреналин аттуу бир гормон чыгарышат.
Адреналин молекулалары канга аралашып, дененин ар кайсы тарабына тарайт.
Адреналин гормонунун бир максаты
бар. Бүт денеде жалпылай айгай салуу (тревога көтөрүү) жана адамдын күчтүүрөөк,
чыдамкайыраак жана ылдамыраак болушуна шарт түзүү.
Чыгарылган адреналин молекулалары
тамырларда атайын бир жөнгө салуу жасашат. Адреналин молекулалары өзгөчө
кырдаалда маанилүү органдарга көбүрөөк кандын барышын камсыз кылат. Бул үчүн
жүрөккө, мээге жана булчуңдарга барчу кан тамырларынын айланасындагы клеткалар
адреналинге моюн сунуп, тамырды кеңейтишет. Натыйжада маанилүү органдарга
көбүрөөк кан барат.
Адреналин молекулалары керексиз
органдарга барчу тамырларды болсо тарайтышат. Натыйжада ал органдарга азыраак
кан барат.
Адреналин молекулаларынын таасири
жүрөккө, мээге жана булчуңдарга барчу тамырларды кеңейтип, боорго жана териге
барчу тамырларды тарайтат. Ушундайча денеге керектүү кошумча колдоо көрсөтүлөт.
Эч качан жаңылыштык менен жүрөккө же мээге барчу тамырлар тарайып, боорго же
териге барчу тамырлар кеңейбейт. Адреналин молекуласы эмне кылуу керектигин өтө
жакшы билет. Тамыр клеткалары болсо адреналинге толук моюн сунушат. Денеңиздеги
жүздөгөн тамырдын диаметри жана каерге кандай көлөмдө кан бараары көзүңүзгө
көрүнбөгөн бир гормондун акылы тарабынан жөнгө салынат.
Териге аз кан жөнөтүлүшүнүн дагы
бир мааниси бар. Мунун натыйжасында ыктымалдуу бир жаракат алганда кан жоготуу
риски минимумга түшүрүлөт. Ашыкча толкунданганда теринин кубарышына да ошол
учурда териге азыраак кан жиберилип жатышы себеп болот.
Адреналин молекулалары ар бир орган
үчүн ар башка мааниге келет;
Тамырга барганда тамырды кеңейткен
адреналин молекуласы, жүрөккө барганда жүрөк клеткаларынын жыйрылышын
ылдамдатат. Натыйжада жүрөк ылдамыраак согуп, булчуңдарга кошумча күч үчүн
керектүү кан жиберилет.
Адреналин молекуласы булчуң
клеткаларына жеткенде болсо булчуңдардын күчтүүрөөк жыйрылышына шарт түзөт.
Боорго барган адреналин
молекулалары ал жердеги клеткаларга канга көбүрөөк кант кошууну буйруйт.
Натыйжада кандагы канттын саны өсүп, булчуңдарга керектүү кошумча «күйүүчү май»
жиберилет.
Бүт мындай жөнгө салуулар
натыйжасында зат алмашуу күчтү 100%га көбөйтөт. Адреналиндин денедеги
өзгөртүүлөрү натыйжасында адам ылдамыраак ойлонуп, чечим чыгара алат,
ылдамыраак чуркай алат жана күчтүүрөөк, чыдамкайыраак болуп калат.
Адреналин молекулалары бир адамдын
денесинде коркунуч учурунда эмнелерге муктаждык туулаарын өтө жакшы билет.
Болгондо да, бул молекулалар бүт денени жалпылай коркунучка даярдайт.
Адреналин гормону жеткен ар бир
кыртыш жана орган орток бир максат үчүн ишке киришет. Эч бир орган орток
максаттан тышкары же тескери багытта иш-аракет жасабайт.
Өзгөчө кырдаалда адам денесинин
жообу жана керектүү чаралар да адамдын контролунан алынып, адам денесине
орнотуп коюлган. Адреналин гормону жана адам денесине таасири бул системалардын
бир-бирине шайкеш жана пландуу жаратылганын дагы бир жолу далилдөөдө.
Аял менен эркекти айырмалуу кылган бездер
Адам өспүрүм жашына жеткенде
гипофиз бези денеде кээ бир өзгөрүүлөр жасоо керектигин түшүнгөндөй болуп,
жыныстык бездерге бир катар буйруктарды жөнөтөт. Ал буйрукка ылайык жыныстык
бездер ишке киришет. Аялдын жыныстык бездеринде чыгарылган бир гормон
(эстроген) аял денесин жетилтип, көбөйүү (жыныстык) органдары менен дене
түзүлүшүнүн өрчүшүн жөнгө салса, башка бир гормон болсо (прогестерон) аялды кош
бойлуулукка даярдайт.
![]() |
| Прогестерондун жана тестестерондун химиялык формуласы |
Эркектин жыныстык бездеринен
чыгарылган башка бир гормон болсо (тестостерон) эркектерге тиешелүү дене
түзүлүшүнүн калыптанышын жана жыныстык өрчүшүн жөнгө салат.
Эки дененин тең гипофиз же калкансымак
бездерде чыгарылган гормондору бир-бири менен дээрлик бирдей касиеттерге ээ.
Бирок жыныстык бездер өспүрүм куракка келгенде такыр башка башка гормондорду
чыгарышат. Бала кезде денеде бар болуп, бирок чыгарылбаган жыныстык
гормондордун дене жетилгенде ишке киришиши да белгилүү бир тартип менен убакыт
тартибине ылайык келет. Бул окуя кантип ишке ашат?
Денеңиздин ичиндеги бир молекула
өткөн убакытты, б.а. датаны эсептеп, белгилүү бир убакытта ишке киришет. Бир
заттын убакытты эсептеши, болгондо да бүт адамдарда дээрлик бирдей убакытта
ишке киришиши адамды таң калтырган көрүнүш. Бир гормон убакытты биле алабы?
Албетте, бул мүмкүн эмес. Гормондорду белгилүү убакытта ишке киргизген – аларды
жараткан Аллах. Аллах ар кандай жаратууну билет.
Өтө так бир өлчөм
Денебиз үчүн сөзсүз керектүү жана
өтө маанилүү кызматты аткарган гормондор каныбызда канчалык орун ээлейт болду
экен? 1 литр канда 1 граммдын миллиарддан бири менен миллиондон биринчелик
гормон болот.59 Ушунчалык аз санда болгону менен,
гормондор адам денесиндеги дээрлик бүт процесстерде байланышты камсыз кылуучу,
кыймылга келтирүүчү роль ойношот.
Канда укмуш аз орун ээлеген
гормондордун керектүү учурда керектүү санда чыгарылышы жана керек учурда ошол
замат токтотулушу өтө маанилүү.
Муну ким жөнгө салат? Гормондордун
ашыкча чыгарылганын байкап, «токто» деген буйрукту ким берет?
Чыгарылган гормондор таасир
тийгизген органдар эгер талап кылынгандан көбүрөөк иш-аракет жасаса, бул денеге
коркунуч туудурат. Муктаждыктан ашыкча иштеген бир орган аны ишке киргизген гормондорду
чыгарган безге бир кабар жөнөтөт. Ал кабар «менин эми иштешимдин кереги жок,
мени иштеткен гормонду чыгарба» деген мааниге келет.
Бул система бузулган оорулардын
бири – калкансымак бездин ашыкча иштеши деген мааниге келген гипертиреоз
оорусу. Эгер бул оору дарыланбаса, адам жашай албайт.
Көрүнүп тургандай, ооруган
учурлардан тышкары бул система кемчиликсиз иштейт. Ар бир орган аны менен
байланыштуу гормонду кайсы бездин чыгараарын билет. Эгер ал без аны
муктаждыктан ашыкча иштетсе, орган анын ишине кийлигишет. Гормон бези менен
тиешелүү орган эки адамдай болуп бир-бири менен байланыш түзүшөт. Мунун
натыйжасында адам ден-соолукта өмүр сүрөт.
Бирок бул процесстер жүрүп жатканда
адамдын алардын бирөөсүнөн да кабары болбойт; ден-соолугу менен байланыштуу
мындай өтө маанилүү иш-аракеттерде андан эч нерсе талап кылынбайт. Себеби Аллах
адам ден-соолукта жашашы үчүн жансыз жана аң-сезими жок атомдордон турган
молекулаларды себепчи кылган. Бул – Аллахтын бүт адамдарга болгон чексиз
мээриминин бир далили.
Гормондордун пакеттелиши
Бир автомобиль заводунда өндүрүлгөн
унаанын тетиктери –шасси, кузов, терезелер, кыймылдаткыч, отургучтар- ар кайсы
устаканада (бөлүктө) өндүрүлүп, анан бириктирилет. Кээ бир гормондордун
өндүрүшүндө да ушундай пландоо бар.
ДНКдагы маалыматтарга ылайык
рибосомаларда өндүрүлгөн тетиктер эндоплазмалык тор (эндоплазмалык ретикулум)
аймагында бириктирилет. Андан соң ал тетик, бир заводдогу сыяктуу, башка бир
жерге –Гольджи аппаратына- жиберилип, ал жерде гормон акыркы, ишке жарактуу
абалга алып келинет.
Гормон толук кандуу өндүрүлгөн
болот, бирок бул жетиштүү эмес. Гормон үч өлчөмдүү комплекстүү түзүлүшүн кан
аркылуу боло турган узун сапарында сакташы керек болот. Антпесе, гормон жолдо
бузулуп, максатталган клеткаларга таасир бере албай турган абалга келет. Бирок
бул коркунучка да чара көрүлгөн. Гольджи аппаратына алып келинген гормон
молекуласы ал жерде ичке бир кабыкчадан турган атайын бир пакет менен оролот.
Эми гормон молекуласы алдыдагы узун сапарга даяр болот.
Бул жерде маанилүү бир жагдай бар.
Өндүрүштү жасаган клеткалар гормондорду өздөрү колдонбой сыртка жөнөтүшөт. Алар
клетка тааныбаган жана эч качан биле албай турганчалык алыстагы такыр башка
клеткалар тарабынан колдонулат. Аралык ушунчалык алыс болгондуктан, клетканын
көлөмүнө салыштырганыбызда, ал чыгарган заттын басып өткөн жолу биз үчүн
миңдеген километрге тете болот. Клетка өтө тактык менен, канчалаган мээнет
менен өндүргөн заттарынын каерде жана кантип колдонулаарын билбейт. Бирок бул
белгисиз максат үчүн, эмне ишке жараарын билбеген комплекстүү продукттарды өмүр
бою өндүрө берет.
Мисалы, мээнин астында жайгашкан
гипофиз безиндеги клеткалар чыгарган атайын бир гормон бөйрөктүн ишин жөнгө
салат. Гипофиздеги бир клетка бөйрөктүн эмне экенин, каерде жайгашканын, кандай
иштерди кылаарын биле албайт. Анда, эч билбеген, өмүр бою да биле албай турган
бир органдын, б.а. бөйрөктүн түзүлүшүнө толук туура келе турган өзгөчөлүктөгү
бир затты кантип өндүрө алат? Кантип бөйрөктүн түзүлүшүн мынчалык жакшы биле
алат? Бул суроонун бир гана жообу бар: бүт бул нерселердин клеткалардын өз эрки
менен болушу таптакыр мүмкүн эмес. Клеткалар бул жумуш үчүн атайын Аллах
тарабынан жаратылган.
Адам бул кереметтүү система үчүн кимге карыздар?
Эволюция теориясы адам денеси
миллиондогон жылдык бир процессте, майда этаптардан өтүп, азыркы абалына келген
дейт. Мунун мааниси мындай: адам денесиндеги кээ бир органдар бир кездерде жок
эле, кийинчерээк эволюциялашып пайда болгон.
Бул көз-караштын эч мүмкүн
эместигин көрүү үчүн гормондор жөнүндөгү мисалды кайра карайлы. Мисалы, адам
денесиндеги кальцийдин тең салмактуулугун камсыз кылган система иштеши үчүн
бир-биринен көз-карандысыз бир канча фактор бир учурда бар болушу керек. Ал
факторлордун бирөөсүнүн –мисалы паратгормондун- кем болушу бүт системаны ишке
жараксыз кылып койот. Бул абал башка гормоналдык бездерге жана алардын
өндүрүшүнө да тиешелүү. Мисалы, бөйрөк-үстү бездерден чыгарылган бир гормондун
(альдостерон) жок болушу сөзсүз өлүмгө себеп болот. Демек, бөйрөк-үстү безди
убакыттын өтүшү менен, акырындап келип чыккан дегенге болбойт; себеби бул
безсиз адам жашай албайт.
Ошол сыяктуу, уйку бези жана
инсулини жок бир адам денеси да жашай албайт. Уйку бези жок бир жарым-адамдын
миллиондогон жыл мурда жер бетинде жашап жүргөнүн элестетели. Ал эмне
болмок?... Жооп жөнөкөй; канттуу азык жээр замат кант комасына кирип, ошол
жерде өлмөк.
Биз ошентсе да кээ бирлери өтө
«акылдуу» диета кармап –негизи бул мүмкүн эмес, себеби жеген азыктарыбыздын өтө
көп бөлүгүндө кант бар- аман калды деп элестетели. Анда төмөнкүдөй суроо туулат:
бул ойдон чыгарылган «адамдын аталары» уйку бези менен инсулинге кантип
жетишкен?
Күндөрдүн биринде бирөөсү чыгып
«эми бул кант маселесин чечишибиз керек, эң жакшысы ашказандын астына бир жерге
бир орган жайгаштыралы, ал орган кандагы кантты тең салмакта сактай турган бир
гормон чыгарсын» деди болду бекен? Анан өзүн кыйнап ашказанынын астына чындап
эле бир уйку безин пайда кылганбы? Инсулиндин кандай формулада болушу керек
экенин эсептеп чыгып, анан ал формуланы уйку безине үйрөткөнбү?
Же күндөрдүн биринде өтө
«ийгиликтүү» бир мутация болуп, уйку бези жок «жарым-адамдардын» бирөөсүнүн
ДНКсынын бузулушу натыйжасында, кокустан толук кандуу бир уйку бези менен
инсулин гормону пайда болуп калганбы?
Бирок бул «укмуш» мутация да
жетиштүү болмок эмес. Андан тышкары, кандагы канттын көлөмүн тынымсыз
көзөмөлдөп тура турган, керек учурда уйку безине «инсулин чыгар» деген буйрукту
жөнөтө турган, керегинче инсулин чыккан соң «токто» деген буйрукту бере турган
бир чечим алуу механизми мээнин бир бурчунда башка бир «кокустук» натыйжасында
жана уйку бези менен бир учурда пайда болушу керек эле.
Бул илимге сыйбас сценарийден да
апачык көрүнүп тургандай, денедеги бүт системалар сыяктуу, гормоналдык
системанын да эволюция теориясы айткандай баскыч баскыч пайда болушу мүмкүн
эмес. Убакыт аралыгында болуп өткөн кокустуктардын же кандайдыр бир ойдон
чыгарылган эволюция механизминин клеткаларга кандагы заттарды анализ кылуу, ал
анализдерге карап чечим алуу, башка органдарга абалды билдирүү жана аларды ишке
киргизүү, кабарлашууда атайын кабарчыларды (гормондорду) колдонуу сыяктуу
жөндөмдөрдү бериши мүмкүн эмес.
Бул кемчиликсиз системаны жараткан,
ар бир майда-чүйдөсүн белгилеген – чексиз илимдүү Аллах.
Булактар:
51- Eldra Pearl Solomon, Introduction to Human Anatomy and Physiology, s.132
52- Wallace, Sanders, Ferl, Biology, The Science of Life, HarperCollins Publisher Inc.,s. 776
53- Solomon, Berg, Martin, Villee, Biology, s.1012
54- Arthur Guyton-John Hall, Text Book of Medical Physiology Guyton & Hall, s. 933-934
55- Prof. Dr. Ahmet Noyan, Yaşamda ve Hekimlikte Fizyoloji, s. 1012-1015
56- Eldra Pearl Solomon, Introduction to Human Anatomy and Physiology, s.138
57- Solomon, Berg, Martin, Villee, Biology, s.1019
58- Eldra Pearl Solomon, Introduction to Human Anatomy and Physiology, s.138
59- Prentice Hall Science, Human Biology and Health, Prentice-Hall, Inc., U.S.A., New Jersey, 1994, s. 160















Комментариев нет:
Отправить комментарий