Адам денесинде тынымсыз иштеген 100 триллион клетка бар. Клеткалардын
иш-аракеттери натыйжасында калдык заттар пайда болот. Заара, заара кислотасы
жана кератин заттарынан турган мындай калдыктар өтө уулуу болот. Эгер денеден
чыгарылбаса, дене функциялары кыска убакытта бузулуп, адамды өлүмгө алып барат.
Мына ушул жерде адам денесиндеги
дагы бир кемчиликсиз планды көрөбүз. Моторлордо пайдаланып бүткөн газды чыгаруу
үчүн атайын системалар долбоорлонгон сыяктуу, дененин күнүмдүк иш-аракети
натыйжасында келип чыккан зыяндуу заттарды чыгарып салуу үчүн да өзгөчө бир
система жаратылган. Бул система – бөлүп чыгаруу системасы.
Клеткалар, уулуу калдыктарын
дарыяларга чыгарып салган заводдор сыяктуу, ичтеринде пайда болгон калдыктарды
кан плазмасына чыгарышат. Бул денени баштан аяк кыдырып чыккан кан дарыясынын
100 триллион заводдун калдыгы менен булганышы деген мааниге келет. Мындай булгануу
адам өмүрү үчүн өтө зыяндуу. Ошондуктан өтө бат булганган кан эртерээк
тазаланышы керек болот.
Бирок бул жерде маанилүү бир көйгөй
бар. Булганган кандын ичинде заара, заара кислотасы сыяктуу заттардан тышкары,
аминокислоталар, витаминдер, суу жана глюкоза сыяктуу денеге керектүү заттар да
бар. Демек канды тазалай турган системанын жөнөкөй бир сүзүү (фильтрлөө) ишин
жасашы жетиштүү болбойт. Ал система пайдалуу заттарды таанып кармап калып,
зыяндуу заттарды гана бөлүп алып сыртка чыгара турган комплекстүү бир тазалагыч
системадай иштеши зарыл.
Мындай сыпаттардагы бир объект,
албетте, жер жүзүнүн эң кемчиликсиз жана эң алдыңкы технологиялуу тазалоочу
объекти болот. Башында бизге мынчалык комплекстүү бир объектти өтө чоң аймакка
курууга болот деген ой келиши мүмкүн. Бирок мындай теңдешсиз тазалоочу объект
өтө кичинекей аймакка, артыңызда белиңиздин тушуна, сиз эне курсагында жаткан
кезиңизде эле орнотулуп коюлган.
Бөйрөк деп аталган бир жуп
органыңыз эч бир технология теңеле алгыс, укмуш жогорку бир тазалоочу объект
кызматын аткарат.
МИКРО ЭЛЕКТЕР (ЧЫПКАЛАР): БӨЙРӨКТӨР
Кан суюктугун
тазалоо процесси
кантип ишке ашат?
Денеде айланган кан бөйрөктөрдө
алгач электен өткөрүлөт. Электен өткөрүү үчүн бөйрөктөрдүн ичине майда майда
көптөгөн фильтр орнотулган. Ал фильтрлердин саны менен функцияларын
караганыбызда апачык бир жаратуу кереметин көрөбүз. Бир бөйрөктүн ичинде
1200000 даана фильтр бар. Ал микро фильтрлер нефрон деп аталат. Бир нефрон Боумен
капсуласы (нефрондун учунда жайгашкан, жарым шар формасында, капиллярлардан
турган бир түзүлүш), түйдөкчө, мальпиги органы жана бөйрөк тамырларынан турат.43 1200000 фильтрдин ар бири миңдеген
микро тешиги бар, кереметтүү долбоордо жасалган.
Жүрөктөн чыккан кандын болжол менен
төрттөн бири бөйрөк артериясы аркылуу бөйрөктөргө келет. Бул мүнөтүнө бир
литрден ашык кан деген мааниге келет. Канды алып келген тамыр бөйрөккө кирээр
замат сансыз майда тамырга бөлүнөт. Ал майда тамырлардын ар бири бир микро
фильтрге уланган. Жүрөктүн басымы натыйжасында кан фильтрдин бетине катуу уруп,
зыяндуу заттар менен суу фильтрдин аркы тарабына өтөт. Белоктор менен кан
клеткалары ал фильтрден өтө албай турганчалык чоң болгондуктан, берки тарапта
калышат. Натыйжада фильтрдин аркы тарабына өтпөгөн кан сүзүлүп, тазаланып
калат.
Бул жерге чейин айтылган
маалыматтар жөнүндө ойлонуу керек.
Муштумуңуздай көлөмдөгү бир эттин
ичине 1 200 000 даана фильтр орнотулган. Ал фильтрлердин ар биринде бирдей
кемчиликсиз долбоор бар. Мисалы, ар бир нефрондо түйдөкчө деп аталган (Боумен
капсуласы ичиндеги капилляр түйдөгү) бир бөлүк бар. Ал бөлүктүн өзгөчөлүктөрүн
кыскача карайлы.
Боумен капсуласына кирген түйдөкчө
ал жерде тамыр түйдөгүн түзүү үчүн көптөгөн капиллярларга бөлүнөт. Андан соң ал
капиллярлар биригип, кайра артерия абалында капсуладан чыгат.
Денеде эки артерия арасындагы
капилляр түйүнү ушул жерде эле бар. Түйдөкчө капиллярлары эки артериянын
ортосунда жайгашкандыктан, кан басымы башка дене капиллярларынан айырмаланып
бул жерде жогору болот. Бул аймакта кан басымынын жогору болушу атайын бир
максатты көздөйт. Кан басымынын жогорулугу себебинен сүзүү (фильтрлөө) иши
натыйжалуураак болот. Башка капиллярлардан айырмаланып бул аймактагы тамыр
капталдары эки кабат болот. Бул аларды жогору басымга туруктуу кылат жана,
ошондой эле, белок менен лейкоциттердин капиллярлардан сыртка чыгышына бөгөт
болот.
Бүт мындай өзгөчөлүктөр
натыйжасында түйдөкчө капиллярларынан суу менен сууда ээриген заттар гана
Боумен капсуласына өтөт. Башка капиллярларда артка соруу болсо, бул жердеги
капиллярларда артка соруу жок.
Бөйрөктөрдөгү планга бир мисал
катары бөйрөк тамырларын да берүүгө болот. Фильтрлерге булганган канды алып
келген, фильтрленген калдык заттарды алыстатып, калган таза канды кайра денеге
жөнөткөн түтүктөр (тамырлар) 1200000 фильтрдин ар бири үчүн өз-өзүнчө төшөлгөн.
Бөйрөктөрдөгү миллиондогон түтүктөн (тамырдан) турган бул жабдык эч катасыз
пландалган. Тамырлардын баары керектүү жерлерге уланган. Бөйрөктөрдө
тамырлардын кандай жолду басаары, каерлерге барып, кайсы жолдордон өтүп
бөйрөктөн сыртка чыгаары жана заттарды каерге жеткирээрине чейин, бүт баары
атайын пландуу жаратылган.
Бул жерде айтылгандар бөйрөктөрдөгү
детальдуу түзүлүштүн өтө кичине бөлүгү. Бөйрөктөрдөгү бир эле процесс,
чыгарылган бир эле зат жөнүндө жазылган канчалаган беттүү китептер, жасалган
сансыз изилдөө жана эксперименттер бар. Ушул сыяктуу адам денесин изилдеген бүт
эмгектер бир эле жыйынтыкка алып барат. Денебизди түзгөн мүчөлөрдүн баарынын
толугу менен бар болушу шарт. Себеби биздин өмүр сүрүшүбүз денебиздин толук
бойдон иштешинен көз-каранды. Бөлүп чыгаруу системасынын бир бөлүгү болгон
бөйрөктөрдөгү артерия системасынын жогоруда айтылган өзгөчөлүгү болбосо,
дененин тең салмактуулугу бузулуп, өлүмгө алып барат.
Бул жагдай адам денеси бүгүнкү
абалына убакыттын өтүшү менен, акырындап кокустуктар, мутациялар сыяктуу
факторлор менен баскыч баскыч келип жеткен деген эволюционист көз-караштарды да
жараксыз кылат. Кокустуктар менен мындай бир сценарий түзөлү. Кокустан бир
капилляр пайда болуп, анан ал капилляр кайра эле кокустан пайда болгон башка
капиллярлар менен биригип, дагы бир кокустук менен пайда болгон бөйрөктүн
ичинде капсулаларды түзүп, анан кайра кокустан ал капиллярлар артерия абалында
биригип жана кайра кокустан фильтрлөө ишин эң сонун жасай турган абалга келип
калышы мүмкүнбү? Албетте, кокустуктардын кокустуктарды кубалашы менен уланган
бир түшүндүрмөнүн жомок сымал бир сценарий экени, бир жандыктын бир
системасынын да мындай жол менен пайда болбошу анык. Адам денесинде бүт баары
кемчиликсиз бир план менен орду ордуна коюлган. Албетте, бул тартипти жараткан
– бүт баарын билүүчү Аллах.
Болгондо да, бул жерге чейин
айтылгандар бөйрөктөгү түзүлүштүн жана ал жердеги процесстердин биринчи этабы
гана.
Тазалоочу жабдык ишке киришет
Бөйрөктөрдөгү микро фильтрлерде
мүнөтүнө 125 см куб суюктук сүзүлүп, ал суюктук кан айлануудан фильтрдин экинчи
тарабына өткөрүлөт. Бул болсо күнүнө 180 литр, б.а. болжол менен төрт машинанын
бензин багын толтура турганчалык суюктуктун сүзүлүшү дегенди билдирет.44 60-70 килограмм салмагындагы бир
адам денеси күнүнө 180 литр суюктук жоготууга, албетте, чыдай албайт. Болгондо
да, ал суюктуктун ичинде уулуу заттардан тышкары, адам денесине керектүү
аминокислоталар, витаминдер жана глюкоза сыяктуу өтө маанилүү заттар да бар. Ал
заттарды жоготуу дененин өлүмүнө алып келет. Демек, сүзүлгөн суюктукту ошол
бойдон денеден чыгарып салбай, пайдалуу заттарды зыяндуу заттардан бөлүп,
кармап калуу жана денеге кайра берүү зарыл.
Микро фильтрлерде сүзүлгөн
суюктуктун 99%ы бөйрөктөрдөгү тазалоочу жабдыктар тарабынан артка сорулуп,
кайра кан айланууга аралашат. Ошондой эле, денеге керектүү заттар да кайра
соруу учурунда бир-бирден кармалып, денеге кайра берилет. Натыйжада
витаминдердин, аминокислоталардын же башка маанилүү заттардын заара аркылуу
денеден чыгып кетишине жол берилбейт.
Тазалоочу жабдыктардагы технология
Кан жогоруда айтылгандай тазаланышы
–пайдалуу заттар башында сүзүлгөн суюктуктун ичинен кайра соруп алынышы- үчүн
бүт тараптан кемчиликсиз, көп функциялуу бир тазалагыч жабдык талап кылынат.
Аллах көлөмү 10 сантиметр жана салмагы 100 грамм болгон бөйрөктүн ичине 1
миллиондон ашык микро тазалагыч жабдык орноткон.
Жүрөктөн бөйрөккө насостолгон
кандын 1 миллиондон ашык микро фильтр тарабынан сүзүлөөрүн көрдүк. Ошол микро
фильтрлердин арт жагына микро тазалагыч жабдыктар орнотулган. Ал жабдык
узундугу 31 миллиметр болгон бир түтүкчөдөн гана турат. Бирок ал жөнөкөй бир
түтүкчө эмес. Ал түтүкчө жер жүзүнүн эң укмуш тазалагыч жабдыктарынын бири.
Адамзат учурдагы бүт технологиялык мүмкүнчүлүгү менен ушул кичинекей түтүкчөдөй
бир тазалагыч машина жасай албоодо.
Бул түтүкчөнүн кантип иштээрин
караардан мурун өтө маанилүү бир жагдайга токтолуу керек. Бул микро тазалагыч
жабдыктын бою 31 миллиметр. Ал жабдыктардан бир бөйрөктө 1 миллиондон ашык бар
экенин эске алсак, түтүкчөлөр бир-бирине уланганда 31 километрден узунураак бир
түтүк линиясы келип чыгат.
Узундугу 31 километр болгон бир
түтүк линиясынын көлөмү 10 сантиметр болгон бир кесим эттин ичине эч
кемчиликсиз жайгаштырылганы Аллахтын адам денесиндеги миллиондогон жаратуу
кереметтеринин бири. Микро фильтрдин экинчи тарабына өткөн жана ичинде зыяндуу
заттардан тышкары маанилүү санда пайдалуу заттар да болгон сары түстөгү бөйрөк
суюктугу узундугу 31 миллиметр болгон тазалагыч жабдыктын ичинде өтө маанилүү
сапарын баштайт.
«Жандуу» түтүк линиясы
Бул жерде кайра токтолуу керек
болгон өтө маанилүү дагы бир жагдай бар. Буга чейин «тазалагыч жабдык» же
«түтүк линиясы» деп атап келген, узундугу 31 миллиметр болгон бул түтүкчө
«жандуу». Тагыраагы, миллиондогон жандуу клетканын жыйындысынан турган бир
клетка тобу. Ал түтүктү түзгөн клеткалар укмуш бир чечкиндүүлүк, акыл жана
жоопкерчилик менен адам денеси үчүн өтө маанилүү бир милдетти аткарышат.
Клеткалар адам өмүрүнө керектүү
заттарды зааранын ичинен тандап, кармашат. Андан соң ал заттарды –өтө көп
энергия коротуп- түтүк линиясын ороп турган капиллярларга өткөрүшөт. Натыйжада
өтө маанилүү заттар –глюкоза, аминокислоталар жана белоктор- кан айланууга
кайра киргизилет. Аларды ташуу үчүн клеткаларга көмөкчү боло турган ташыгыч
молекулалар да ал жерде даяр турушу керек. Бүт баары эч кемчиликсиз пландалып,
жөнгө салынган.
Ушул жерде бир саамга ойлонуу
керек. Клеткалар бул иштен эч кандай пайда алышпайт. Бирок клеткалар бир
химиктей болуп керектүү молекулаларды айырмалап, бир ташуу фирмасынын
жумушчуларындай түнү-күнү ал молекулаларды кан тамырына ташышат. Бир клетка
заттардын арасынан кээ бирлерин тандашы үчүн колунда ал заттарды тааный турган
маалыматы, акылы жана аң-сезими болушу керек.
Бирок бир клетканын аң-сезимдүү
болушу да жетпейт. Бөйрөктөрдөгү миллиондогон клетка бир түтүктү пайда кыла
тургандай биригип, ал клеткалардын баары акылдуулук менен, өтө гармониялуу
иштеп башташы шарт. Албетте, бөйрөктөр иштеши үчүн бир түтүктүн пайда болушу да
жетиштүү болбойт. Ал түтүктүн жанында башка бир клетка тобу да ошондой
чечкиндүүлүк менен башка бир түтүк курушу зарыл. Ошондуктан бирдей
чечкиндүүлүктөгү миллиарддаган клетканын өз-өзүнчө биригиши натыйжасында
жалпысынан бир миллион бир-биринен көз-карандысыз түтүктөр пайда болушу керек.
Ошол эле учурда дагы миллиарддаган клетка жалпысынан бир миллион фильтр пайда
кыла тургандай абалда биригип, ал түтүктөрдүн кире беришине жайгашышы зарыл.
Эч бир клетканын аң-сезими жок экенин
унутпаш керек. Эгер бир клетка тобу биригип, акыл, жоопкерчилик, аң-сезим жана
шайкештикти талап кылган бир ишти жасап жатса, бул Аллахтын чексиз акылынын,
теңдешсиз чеберчилигинин денебиздин бир бурчундагы кичинекей бир түтүктөгү
чагылуусу. Мынчалык кереметтүү бир тартип кокустуктар менен эмес, улуу
кудуреттүү Аллахтын «Бол» деши менен гана пайда боло алат.
Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа,
ага «БОЛ» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)
Бөйрөктөрдүн тактыкты талап кылган кызматтары
Бөйрөктөрдүн башка кызматтарын
кароодон мурун ичибиздеги суу дүйнөсүнө бир көз чаптыруу туура болот. Адам
денесинин катуу көрүнүшү чындыгында ички дүйнөдөгү суюктуктардын үстүндө турат.
Жалпы салмагыбыздын 60%ын түзгөн суунун жарымынан көбү
клеткалардын ичинде. Калганы болсо денебиздин бүт клеткаларын жууйт.
Клеткаларды ороп турган суунун
белгилүү бир тыгыздыкта болушу шарт. Антпесе өтө кооптуу натыйжалар жаралышы
мүмкүн. Клеткаларды ороп турган суунун маанисин төмөнкүдөй мисал менен
көрсөтүүгө болот. Эгер бир тамчы кандагы клеткаларды крандагы сууга салсак,
клеткалар шишип, жарылып кетет. Эгер крандагы суудан тыгызыраак бир ээритменин
ичине салсак анда клеткалар тырышып калат.
Биринчи экспериментте кран суусу тыгызыраак
болгон клетканын ичине кирип кетет. Экинчи экспериментте болсо клетканын
ичиндеги суу тыгызыраак болгон сырткы чөйрөгө чыгып кетет. Дененин ичиндеги
клеткаларда мындай абалдар жаралса, ал өлүмгө алып барат. Ошондуктан дененин
ичиндеги суюктуктун дал талап кылынган тыгыздыкта болушу шарт.
Бөйрөктөрдө бул тең салмактуулукту
сактай турган атайын системалар бар. Бөйрөктөр канды сүзүп тазалоодон тышкары,
ичибиздеги деңиз деп атоого боло турган суунун тыгыздыгын да жөнгө салуучу
кереметтүү бир жуп орган. Бул орган кыртыштарыңыздагы суюктуктун көлөмүн жана
ал суюктуктун тыгыздыгын билет жана ошого жараша денеңизде керектүү жөнгө
салууларды жасайт.
Кыртыштардагы суунун көлөмү
күнүмдүк жашоодо адамдын оюна да келбеген нерсе. Бирок бөйрөктөр –сиздин мындан
кабарыңыз да жок кезде- суунун көлөмүн сиз үчүн жөнгө салып, тынымсыз сиз үчүн
иштешет. Сиз үчүн кызмат кылган жүздөгөн системалар жана триллиондогон
клеткаларыңыз сыяктуу...
Бөйрөктөр денедеги
суюктук тең
салмактуулугун
кантип жөнгө салат?
Бул суроонун жообун изилдегенде,
дагы бир жолу Аллахтын теңдешсиз жаратуусун көрөбүз. Денедеги тең
салмактуулуктарды коргоо үчүн адам денесинде өтө татаал жана укмуш пландалган
бир система иштейт.
Эгер тердөө же белгилүү убакытка
суу ичпөө себебинен кандайдыр бир көлөмдө суу жоготсок, кандагы суунун үлүшү
азайат. Кан мээде баратканда гипоталамус деген аймактагы атайын сенсорлор ишке
кирип, гормоналдык системанын чоң шефи болгон «гипофиз безине» бир сигнал
жөнөтөт. Сигналды алып, денеде суунун азайганын түшүнгөн «шеф» бөйрөктөргө
атайын бир кабар (антидиуретикалык гормон-ADH) жөнөтөт. Ал кабар түтүкчөлөрдөгү клеткаларга «денеде суу тартыш болуп
жатат, ашыкча сууну кайра алгыла» деген буйрук берет. Түтүкчөлөр заарадан
көбүрөөк суу соруп, канга аралаштырат жана натыйжада денедеги кризис чечилет.45
Эгер керегинен ашыкча суу ичсек,
анда да кайра эле ушул чынжыр менен байланыш түзүлөт. Бирок бул жолу
түтүкчөлөрдөгү клеткаларга «денеде ашыкча суу бар, керексиз суу соро бербегиле»
деген буйрук жетет.
Мээнин астында жайгашкан гипофиз
безин түзгөн клеткалардын жасаган иши жөнүндө кайрадан ойлонолу. Ал жердеги
клеткалар өздөрүнөн өтө алыста жайгашкан бөйрөк клеткаларына атайын бир кабар
жөнөтүшөт. Бөйрөк клеткалары болсо аларга келген буйрукка толук моюн сунушат.
Андан соң бөйрөк клеткалары заара суюктугунун ичинен суу молекулаларын
бир-бирден тандап, ал аралашманын ичинен таптаза сууну алып денеге берет. Мээ
клеткалары менен бөйрөк клеткалары арасында бир байланыштын болушу, бөйрөк
клеткаларынын заара суюктугун тазалап ичинен таптаза сууну алышы, албетте,
акылдын бир көрсөткүчү. Жер жүзүндөгү бүт жандыктардын пайда болушун жөнөкөй
кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракет кылган эволюция теориясын бир эле ушул
система тамырынан кыйратууга жетиштүү. Себеби бөлүп чыгаруу системасы иштеши үчүн
бир-биринен көз-карандысыз көптөгөн бөлүктөр бир учурда пайда болуп, алардын
баары бир-бири менен гармонияда иштеши зарыл.
Мисалы, бул системада гипофиз
безинен бөйрөктөргө буйрук алып барган «антидиуретикалык гормон» жок болсо, өтө
олуттуу бир оору пайда болот. Бул ооруда күнүмдүк заара чыгаруу 1,5 литр болушу
керек болсо, 25-30 литрге чыгып, өлүмгө себеп болчу натыйжаларды жаратат.
Натрий контролу
Адам бар экенинен да кабарсыз
болгон көптөгөн заттын денедеги санын бөйрөктөр жөнгө салат. Мисалы, көп адамдар
дене кыртыштарында же канында натрий молекулалары бар экенин билбейт. Бирок
бөйрөктөр бул заттын кандагы санын түнү-күнү тынымсыз контрольдоп турат.
Бөйрөктөрдө кандагы натрийдин
санынан жооптуу сенсордук клеткалар бар. Эгер натрийдин саны азайса, натрийди
сезүүчү клеткалар абалды ошол замат бөйрөктөрдөгү натрий соруучу клеткаларга
билдиришет.
Бир клетканын өзүн белгилүү бир
заттын санын өлчөөгө арнашы өтө таң калыштуу. Дагы бир таң калыштуу жагдай
болсо – клетканын абалдын өзгөргөнүн байкап башка клеткаларга кабар берүү
аң-сезиминде болушу.
Натрий соргуч клеткалар кандагы
натрийдин санынын азайганын түшүнөөр замат өтө маанилүү иш-аракетти башташат;
Заара катары денеден чыгарыла
турган суюктуктун ичине бөйрөктөрдөгү фильтр учурунда белгилүү санда натрий
аралашкан болот. Ал клеткалар заара суюктугунун ичиндеги натрий молекулаларын
кармап, ал молекулаларды денеге кайра беришет. Натыйжада кандагы натрийдин саны
нормага келет.
Ал клеткаларга натрий молекулаларын
кармашы үчүн атайын насостор орнотулган. Өзгөчө кырдаалдарда ал насостор ишке
кирип, заарадагы натрий молекулаларын денеге кайра беришет.
Эгер бөйрөктөрдөгү мындай кайра
соруу механизми болбогондо, азык менен суюктукту ашыкча жоготуудан улам адам
каза тапмак.
Көрүнүп тургандай, адам денесиндеги
байланыштар кемчиликсиз, жана контроль механизмдери, өзгөчө кырдаалдар үчүн
көрүлгөн чаралар теңдешсиз. Кандагы өтө маанилүү молекулалардын жетишсиздиги
ошол замат тиешелүү бөлүмдөр тарабынан аныкталып, жетишсиздикти жоюу үчүн
керектүү иш-аракеттер башталат. Тиешелүү клеткаларга ошол замат бир кабар
жөнөтүлүп, клеткалар акылдуу адамдар сыяктуу ал буйрукту түшүнүп, моюн сунушат
жана керектүү чараларды көрүшөт. Өтө кыска убакыт ичинде жүргөн бул кемчиликсиз
байланыш натыйжасында адам ден-соолугу коопсуздукка алынат.
Бөйрөктөрдөгү клеткалардын ар
биринин өз ишин билиши, башка клеткалар менен жакшы уюшуп иштеши, аларга келген
кабарды окуп түшүнө алышы жана керектүү чараларды көрүшү сыяктуу жагдайларды
ойлогонубузда бүт бул окуялардын өзүнчө бир керемет экенин көрөбүз.
Мындай системанын, бул системаны
түзгөн бөлүктөрдүн адам денесинде кокустан пайда болушу мүмкүн эмес. Берилген
мисалдардан да көрүнүп тургандай, бөйрөктөрдөгү бул системаны кокустан пайда
болгон деп айтуу дарвинисттердин логикасыздыгын апачык көрсөтүүдө. Микроскоптон
гана көрүнгөн жана белоктордон турган клеткалардын жасаган ар бир иш-аракети
өзүнчө бир план менен акылды талап кылат. Клеткаларда мындай акылдын болушу,
албетте, алардын жаратылганын көрсөтүүдө. Бул система Аллахтын чексиз илиминин,
акылынын жана кудуретинин көрсөткүчтөрүнүн бирөөсү гана.
Бул чындыктарды көргөн киши ой
жүгүртүп, эч убакыт коротпостон кыймыл-аракеттерин бүт нерсенин Жаратуучусу
Аллах ыраазы боло турган багытта өзгөртүшү керек. Бул сурак берүү үчүн чогула
турган кыямат күнү ар бир адамдын өзүнө пайда алып келет. Аллах сурак күнү
менен адамдарды төмөнкүчө эскертет:
Чындыгында, Аллах менин да Раббим, силердин да Раббиңер. Ошондуктан Ага
кулчулук кылгыла. Туптуура жол ушул. Араларынан (бир катар) топтор
бөлүнүп-жарылышты. Эми улуу бир күндү көргөндө акыйкатты (динди) тангандардын
абалы оор. Бизге келе турган күнү эмнелерди угушат, эмнелерди көрүшөт. Азыр
болсо ал заалымдар апачык бир адашууда. Иш өкүм чыгарылып бүтө турган,
бушаймандык күнү жөнүндө аларды эскерт; алар бир капылеттик ичинде жана алар
ишенишпейт. (Мариям Сүрөсү, 36-39)
Тамырларыңыздагы басым жана бөйрөктөр
Бөйрөктөрдүн өтө маанилүү бир
кызматы болсо – бул кан басымын жөнгө салуу. Кан басымын аныктоочу эң негизги
факторлордун бири – тамырлардын ичиндеги суюктуктун көлөмү. Тамырлардын
ичиндеги суюктук канчалык көп болсо, кан басымы да ошончо көтөрүлөт жана
денедеги бүт органдарга зыян тийгизет.
Дене тамырлардагы ашыкча суюктукту
жүрөктүн алдыңкы бөлмөчөлөрүнө орнотулган сенсорлор аркылуу билет. Жүрөк ичине
кирген ашыкча суюктук натыйжасында чоюлганда жүрөктөгү сенсорлор
(кабылдагычтар) мээге кырдаал жөнүндө сигналдар жөнөтүшөт. Мээ болсо бөйрөккө
барчу тамырлардын туурасын жөнгө салып кандын фильтрленишин көбөйтөт.
Жүрөктүн алдыңкы бөлмөсүндөгү кан
басымынын өлчөнүшү жана анын негизинде денедеги жөнгө салууларды төмөнкүдөй бир
мисал менен карайлы.
Бир бөлмө элестетип көрөлү. Ал
бөлмө тышкы дүйнөдөн толугу менен изоляцияланган бир бөлмө. Бөлмөнүн ичинде бүт
өмүрүн ал бөлмөдө өткөрүүгө мажбур болгон бир адам жашайт. Ал адамга өтө
маанилүү бир кызмат берилген.
Бөлмөнүн дубалдарындагы абанын
басымы тынымсыз өзгөрүп турат. Бөлмөнүн ичинде жашаган адамдын милдети – ар
секунда ошол басымды атайын аспаптар менен өлчөө. Ошондой эле, өлчөөлөрүн
телефон аркылуу бир маалымат борборуна кабар берип турушу керек. Күн сайын
миңдеген жолу отчет берип, отчеттордо эч ката кетирилбеши зарыл. Эгер өлчөө
жасаганды унутуп калса, уктап кетсе же туура эмес өлчөп алса, ичинде турган
бөлмөсү, бөлмө турган имарат жана бүт шаар жок болот.
Албетте, бүт өмүрүн бир бөлмөнүн
дубалдарындагы басымды өлчөөгө арнаган, бир секунда да уктабай кызмат кылган,
болгондо да эч ката кетирбеген бир адам болушу мүмкүн эмес. Мындай нерсени адам
кыялдана да албайт. Бирок адам денесинде болуп жаткан нерселер адамдын кыялына
да сыйбайт. Себеби жүрөктүн алдыңкы бөлмөчөсүнүн капталдарында жайгашкан
клеткалар бүт өмүрлөрүн бөлмөчөнүн капталдарындагы басымды өлчөөгө жана
өлчөөнүн жыйынтыктарын мээге билдирүүгө арнашкан. Клеткалардын ушунчалык
маанилүү кызматты аркалашы, өз милдетин
өмүр бою берилүү менен аткарышы, ал клеткалардын жүрөктүн ички
бөлмөчөсүнө жайгаштырылганы, өлчөө жасоо жөндөмүнө ээ болушу жана жасаган
өлчөөлөрүн мээге билдире алышы клеткалардын пландуу, максаттуу жаратылганын
көрсөтөт.
Жүрөк жипчелеринин ичиндеги жашыруун кабар
Жүрөк булчуңу жипчелеринин терең
ичине өтө маанилүү бир кабар алып жүрүүчү өзгөчө молекулалар жайгаштырылган. Ал
кабар жүрөккө эмес, өтө алыста жайгашкан бир органга байланыштуу бир маалыматты
камтыйт. Бирок кабарды алып жүргөн молекулалар күчтүү жүрөк булчуңу жипчелери
менен оролгондуктан кадимки шарттарда ал аймактан чыга алышпайт.
Бул молекулалар алып жүргөн кабар
эмне жана бул молекулалар эмне үчүн жүрөк кыртышынын терең ичине
жайгаштырылган? Бул суроолордун жообун изилдегенде дагы бир жаратуу кереметин
көрөбүз.
Бул молекула «жүрөк алды
натрийуретикалык фактор» аттуу бир гормон. Ичиндеги кабарды окуу укугу
бөйрөктөргө гана тиешелүү. Кабар бөйрөктөргө натрийди денеден чыгарып салуу
буйругун берет.46
Бул жерде адамдын оюна «эмне үчүн
бөйрөктөргө жөнөтүлө турган бир кабар жүрөктүн ичинде сакталат?», «бөйрөктөрдүн
натрийди денеден чыгарып салышы менен жүрөктүн кандай байланышы бар?» деген
сыяктуу суроолор келиши мүмкүн. Бирок Аллах адам денесин бир-бири менен өтө
тыгыз байланыштуу миңдеген система менен жараткан. Жүрөктүн тереңине бөйрөккө
тиешелүү бир кабардын жашырылганы бул комплекстүү жана кемчиликсиз
системалардын бирөөсү гана.
Кан басымынын жогорулашы, б.а.
тамырлардагы суюктук көлөмүнүн көбөйүшү адам үчүн өтө кооптуу абал жаратат.
Эгер бир чара көрүлбөсө бул өлүмгө алып барат. Кан басымынын жогорулашы
жүрөктүн көбүрөөк чоюлушуна себеп болот. Анын натыйжасында булчуң жипчелеринин
аралары да ачылып, жипчелердин ичине камалган кабарчы молекулалар эркиндикке
чыгып канга аралашат. Андан соң ал кабар кан аркылуу бөйрөктөргө жетет. Бөйрөк
ага келген буйрукка моюн сунуп, денедеги натрийди чыгарып салууга киришет.
Натрий менен кошо денеден чыгарылган суюктук көлөмү да көбөйөт. Натыйжада кан
басымы кадимки деңгээлине түшүп, жүрөк нормалдуу согуп баштайт.
Кан басымыңыз түшкөндө эмне болот?
Кандагы басымды жөнгө салууда
бөйрөктүн ролу муну менен эле чектелбейт. Кан басымы төмөн болгон учурларда
болсо бөйрөктөгү өтө өзгөчө түзүлүштөгү бир клетка JGA'дан «ренин» аттуу бир зат чыгарылат. Бирок бул заттын түздөн-түз кан
басымын көтөрүүчү таасири жок.
Бул зат чыгарылган жерден такыр
башка бир жактан, боордон чыгарылган «ангиотензиноген» аттуу бир молекула менен
биригип, «ангиотензин-1» молекуласына айланат. Бирок бул пайда болгон
гормондордун да кан басымына олуттуу таасири болбойт. Кан айланууда жүргөн бул
гормон андан соң башка бир органда, өпкөдө жайгашкан «АСЕ» деп аталган жана «ангиотензин-1»
молекуласын гана бөлүүгө жараган бир фермент аркылуу башка бир молекулага, «ангиотензин-2»
молекуласына айланат.47
Тамырларга таасир тийгизип кан
басымын нормалдуу деңгээлге чыгара турган негизги гормон – ушул эң акыры келип
чыккан молекула. Бул молекула пайда болбосо андан мурда чыгарылган эч бир
гормондун кан басымына таасири болбойт. Ангиотензин-2 молекуласы аны менен гана
бириге турган, тамыр бетинде жайгашкан сенсорлор менен бириккен соң тамырларды
кысып, кан басымын жогорулатат.
Ангиотензин-2 молекуласы кан
басымын жогорулатуу үчүн мындан башка да иштерди жасайт. Ангиотензин-2
молекуласы кан айлануу аркылуу бөйрөк-үстү бездердин атайын бир аймагына
жеткирилет. Ал аймакта жайгашкан кээ бир клеткалар ангиотензин-2 молекуласы
менен гана бириккен соң альдостерон аттуу молекула чыгарып, канга кошот. Бул
молекула канга кошулган соң кан басымы бул жолу башка бир механизм менен
көтөрүлүп баштайт. Альдостерон молекуласы бөйрөктүн топтоо каналдарында
жайгашкан атайын кабылдагычтар менен биригип, заара менен кошо чыгарылып жаткан
натрий молекулаларынын денеге кайра сорулушуна шарт түзөт.48 Натрий молекулалары болсо кандын тыгыздыгын
жогорулатып, кан басымын көтөрөт.
Бул жерде көңүл буруу керек болгон
эң негизги жагдай, албетте, бул заттардын таасирлеринин бир-биринен көз-каранды
болушу. Мындай учурда бир даанасынын да кокустан пайда болушу мүмкүн болбогон
мындай системанын бүт бөлүктөрүнүн бир учурда, бир денеде кокустан пайда болушу
эч эч мүмкүн эмес. Кокустуктардын бөйрөктөргө түшүнүү жөндөмүн, чара көрүү үчүн
керектүү инициативаны бере албашы анык.
Кан басымын жөнгө салууда
колдонулган ондогон зат менен алардын таасир механизмдерин эле ойлогондо, бул
жердеги план менен тартипти өзүнөн-өзү пайда болгон деп айтуу, албетте,
эволюция теориясын жактап, аны бир ишеним кылып алган кишилерге тиешелүү бир
көрүнүш. Эволюционисттер өзү да теорияларына бүт чындыктарга карабастан, бир ишеним
катары кабыл алып ишенээрин моюндарына алышкан. Алардын бири төмөнкүдөй:
Бир илимпоз катары алган билимим
бою илимдин жаратылуу түшүнүгүнө карама-каршы келээри тууралуу өтө күчтүү бир
мээ жуумайдан өттүм. Бул түшүнүккө өтө каршы чыгуу керек эле... Бирок азыр
жаратылууга (Жаратуучунун бар экенине) ишенүүнү талап кылган көз-карашка каршы
айта турган бир дагы аргумент таба албай турам... Биз дайыма ачык бир мээ менен
ойлонууга көнгөнбүз жана эми жашоонун бирден бир логикалуу жообу жаратылуу
деген жыйынтыкка баруудабыз, туш келди (кокустук) башаламандыктар эмес.49
Эволюционисттер да апачык моюнга
алууга мажбур болгондой бүт илимий маалыматтар бүт нерсенин өкүмдары Аллахтын
бар экенин так, анык көрсөтүүдө.
Жасалма бөйрөк
Учурдагы технологиялык
мүмкүнчүлүктөр менен жакшы иштебеген учурда органдарыбыздын ордун алмаштыруучу
жасалма органдар менен аспаптар медициналык колдонууга берилүүдө. Бөйрөктөр
ишке жарабай же жетишсиз калган учурларда да ордуна дененин тазалагыч системасы
катары иштеши үчүн диализ аппараттары иштеп чыгылган. Көлөмү бөйрөктөргө эч
салыштыргыс чоң болгон бул аппараттарда кан белгилүү түйүндөрдөн өткөрүлүп,
ичиндеги заара, заара кислотасы сыяктуу зыяндуу заттардан жана ашыкча
суюктуктардан тазаланат.
Бул аппарат жөнөкөй диффузия (бир
заттын өтө тыгыз бир жерден тыгыздыгы азыраак бир жерге өтүшү) ыкмасы менен
иштейт. Артериядан алынган бир шланг алгач бир насоско келет. Ал насос канды
диализ аппаратына айдайт. Диализ суюктугу кычкылтекке бай жана туз
концентрациясы жагынан да кан плазмасы менен бирдей. Кан ичинде диализ суюктугу
бар диализ түтүкчөлөрүнөн өткөрүлөт. Кандагы заара сыяктуу калдык заттар
диффузия менен диализ суюктугуна өтүп жатканда, эритроцит жана белок сыяктуу
керектүү заттар диализ түтүкчөлөрүндө калат. Бул процесс учурунда диализ
суюктугу аппарат ичинде акырын чайпалат. Ушундайча кандагы калдык заттар
тазаланат жана кан кайра кайта турган абалга келет. Эгер азыктандыруу
максатталса, диализ суюктугуна глюкоза кошулат жана кайра эле диффузия ыкмасы
менен канга өткөрүлөт. Тазаланган кан бир шланг аркылуу венага берилет. Бүт бул
процесстер учурунда диализ суюктугу тынымсыз жаңыланып, ар жолкусунда дене
температурасы менен бирдей жылуулукта кармалат. Антпесе, оорулуу өтө көп
жылуулук жоготот.
Толук бир диализ процесси 4-6 саат
алат жана диализ суюктугу көп жолу алмаштырылат. Бул иш-чара көпчүлүк оорулууга
жумасына эки же үч жолу жасалат. Бирок диализ эч качан бөйрөктүн ордун
алмаштырбайт.50 Эң натыйжалуу иштеген диализ
аппараттарында да оорулуунун өмүрү бир канча жылга гана узартыла алат жана
оорулуулардын көпчүлүгү белгилүү убакыттан соң көз жумушууда.
Адам денесинде бүт баары эң
кемчиликсиз долбоорлонгон. Технология колдонулуп жүргүзүлгөн бүт изилдөөлөрдө
адам денесиндеги долбоордун теңдешин жасоо максат кылынууда. Бирок
денебиздегидей кичинекей жерге, дал ошондой өзгөчөлүктөгү технологияны орнотуу
мүмкүн болбоодо.
Аллах адам денесинде курган система
бүт тарабынан теңдешсиз. Адамдын милдети – мунун Аллахтын бир жакшылыгы катары
көрүп, өмүрүнүн ар бир көз ирмеми үчүн Аллахка шүгүр кылуу.
Аллах тынчтанышыңар үчүн түндү, жарык катары күндүздү силер үчүн жаратты.
Күмөнсүз, Аллах адамдарга (чексиз) жакшылык кылуучу. Бирок адамдардын көпчүлүгү
шүгүр кылышпайт. Мына ушул силердин Раббиңер Аллах; бүт нерсенин Жаратуучусу;
Андан башка кудай жок. Анан кантип бурулуп кетүүдөсүңөр? Аллахтын аяттарын
жокко чыгаргандар мына ушундайча жолдон бурулушат. (Момун Сүрөсү, 61-63)
Булактар:
43- Wallace, Sanders, Ferl, Biology, The Science of Life, HarperCollins Publisher Inc., s.755
44- Solomon, Berg, Martin, Villee, Biology, s.994
45- Arthur C. Guyton, M.D., Text Book of Medical Physiology, W.B. Saunders Company, 7th Edition,1986, s.613-614
46- Prof. Dr. Ahmet Noyan, Yaşamda ve Hekimlikte Fizyoloji, s.623-627
47- Montgomery, Conway-Spector-Chappel, Biochemistry, Mosby-Year Book, Inc., 1996, s. 604
48- Arthur Guyton-John Hall, Text Book of Medical Physiology, Guyton & Hall, 9th edition, s. 345
49- Chandra Wickramasinghe, London Daily Express ile bir röportajından, 14 Ağustos 1981
50- Guyton and Hall, 9. Basım, s.420






Комментариев нет:
Отправить комментарий